Жылдыз Назармамбетова: “Курулушта иштеп жүрүп, кийин массажист болдум”

Чет жерге мигрант катары барып, бара-бара ыңгайлашып, иш суроочу эмес, иш берүүчүгө айланган мекендештерибиз арбын. Алардын бири 25 жаштагы Жылдыз Назармамбетова. “Максатым – өмүр бою мигрант болуп жүрүү эмес, ишкердигимди Кыргызстанга да ачып кеңейтүү” дейт ал. Жылдыз айымдын басып өткөн жолу башкаларга, балким, үлгү болор деген ойдобуз.

“Аэропорттон тосуп алат деген киши келбей койгондо...”

– Өзүм Таластан болом, атам биз кичинебизде эле каза болуп, иним экөөбүздү апам жалгыз чоңойтту. Талас техникалык университетин бүтүргөндөн кийин 2020-жылы Орусиянын Новосибирск шаарына бала багуучу болуп кеткем. Ал жакта 2-3 айдай иштедим, өзүмө такыр жаккан жок. Социалдык желеде бир кыз менен жакшы сырдашчу элем. Мен бала багуучулук ишим жакпай жатканын айтып наалыйм, ал болсо эртеден кечке кайын журтун жамандайт (күлүп). Бир жолу ага “тажадым, Стамбулга кетем иштегени” десем, “жинди болбочу, ал жакта кыздарды сойкулукка сатып жиберишет, андан көрө Москвага бар, менин таанышым иштейт, жардам берет” деп калды. Мен сүйүнүп кеттим. Ишенчээк жаным ошол эле күнү кечинде  Москвага учакка билет алып, эртеси эртең менен учуп кеттим. “Домодедово” аэропортуна келип баягы курбумдун таанышына чалсам жооп бербейт. Кечке чалдым, жооп берген жок. Москвада, дегеле Орусияда тууган-туушкан, дос-тааныш деген жок болчу менде. Жанымда биртке тыйыным бар, ошол акча менен Кыргызстанга кетип калсамбы деп да ойлодум. Анан баягы курбума чалып “сенин таанышың такыр телефонго жооп бербей койду го” десем, “билбейм, аны менен сен сыяктуу эле социалдык желеден таанышып калгам” деп коёт. Мен анын жакын досу го деп ойлогом да (күлүп). Бактым бар экен, кечинде ал таанышы мага чалып аэропорттон алып кеткен. Көрсө, жумуштан үйүнө келип уктап калыптыр. Жаш кезде жүрөк тоо болот тура, ойлоп көрсөм, куру энтузиазм менен эле мигрант болуп Москвага келе берген экем.

“Курулушта шыбакчы болуп, батирлерде туш кагаз чаптап иштедим”

– Башында батирлерди тазалап иштеп жүрдүм, кийин бир агалар “курулуштан жакшы акча тапсаң болот” дегенинен ошол тармакка кеттим. Бирок кыялым массажист болуу эле. Анткени апам медицина кызматкери, мен кичинемден эле үйдөгүлөрдүн колу-бутун, бели-моюнун укалап берсем баары жыргап калышчу. Курулушта шыбакта иштеп жүргөндө деле “көрөсүң, мен баары бир массажист болом, чоң студия ачам” деп иштеп жатып деле өзүм менен өзүм сүйлөшө берчүмүн. Шыбактын акчасы деле жакчу, кээде 2-3 бөлмөгө туш кагаз чаптап, күнүнө 10-15 миң рубль таап койчумун. Бирок бул иш жан дүйнөмө жакын эмес эле. Курулушта иштегендердин көбү эркектер, көпчүлүгү ичишет, чегишет, анткени жумушу оор алардын. Жаңы курулган үйдө аларга ким от жагып бермек эле, ошол ичимдикти ичип жылынышат да. Бир чети ошол чөйрөдөн да алыстагым келди.

“Массаж студиясын ачып кыялымды орундаттым”

– Кыялыма көптөгөн кыйынчылыктардын артынан жеттим. Кээде бийик кабаттуу имараттарга чыгып батирлерди шыбачумун, ошондо “качан ушул терезеден кулап кетет болдум экен” деп аябай коркор элем. Акча чогултуп, кийин массаж студиясын ачам десем көбү ишенишкен эмес. “Сага ким келмек эле” дешкен. Бирок тырыша бердим, Кудайдын көзү түз экен, студия ачкандан бери 3000дей кардарды тейледик. Менин кыялдарым бат орундалды, өзүм да бир жерде турбаган кызмын. Ошол сапатым мени бат ийгиликке жеткирди окшойт. Чоң ийгилик дебесем да, жөнөкөй мигрант болуп иштеп жүрүп чакан бизнесимди түптөдүм. Азыркы мен иштетип жаткан массаж студиямдан күнүнө таза 30 миң рубль түшөт, мындан сырткары кыздарды окутам. 3 айдын ичинде эле 15 кызды окуттум. Алар да өздөрүнчө массаж студияларын ачып иштеп жатышат. Кыргызстандан ипотекага батир сатып алдым. Учурда ошол үйүмдүн акчасын төлөп жатам. Үйүмдүн акчасынан кутулуп, дагы 3-4 миллион сом чогултсам эле мекениме кетем деп жатам. Менин максатым – өмүр бою мигрант болуп калуу эмес. Азыр чет өлкөдөн туруктуу жумуш тапкандан кийин үй-бүлөсүн чакыртып, биротоло ошол өлкөдө отурукташып, үй сатып алып жашап калган мекендештерибиз көбөйдү. Менин тилегим такыр башка. Массаж студияларын Кыргызстандан ачып, бул өнөрдү кенен жайылтуу. Мен сиздерге курулушта, анан массаж студиясында иштеп жүргөн сүрөттөрүмдү берем. Карап көрсөңөр, экөө эки башка Жылдыз. Массаждан мен 10 килограммга арыктадым, жаактарым ичкерди, айтор, массажды туура жасаса адам чырайына чыгып, келбеттүү болуп калат. Анан бул ишти баштагандан кийин мен толугу менен каржылык көз карандысыздыкка жеттим. Айтор, акчанын баары ушул чөйрөдө айланат экен. Бизде көп адамдарда каржылык сабаттуулук жок, акчасы болсо эле үй, унаа алганга шашышат. Чынында өзүн 2-3 айда актачу чакан бизнестер толтура. Туура тармакты тандап акча салса эле каражат агып келе берет.

 “Бир кардарым белек кылган шоколадын кайтарып бер деген”

– Өз күчүм менен бутка турган мигранттардын биримин. Каалоо анан аракет болсо эле Кудай эч нерсесин аябайт. Массажист десе эле жеңил нерсени ойлогон жарандар болот. Анткени массаждын атын жамынып алып көп ыплас иштер менен алектенген адамдар бар, балким, ошондой деп ойлошот, билбейм. Андай шектүү, сын таккан көз караштарды кулак сыртынан кетирем, маани бербейм. Бир жолу бир кардарыма шугаринг жасап бергем, катуу тырмап салганбы, териси сыйрылып кетиптир. Мага чалып “акчамды кайтарып бер, көрсөткөн кызматыңдың сапаты начар экен” дейт. Мен ага катуу тырмабаңыз деп айткан болчумун да. Айла жок биртке акча үчүн талашып-тартышпайын деп “мейли келиңиз, акчаңызды берейин” десем, “белек кылып таштап кеткен шоколадды да бер” дейт. Аябай күлкүм келди, “аны жеп койдум, эмне кусуп берейинби?” деп айтайын деп араң кармандым. Бирок ал кардарым ошол бойдон келген жок.

 

Лунара Бекиева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1104, 2-8-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан