Азамат Жоробаев, обончу, аткаруучу: «Бек Борбиевге абдан таасирленгем»

– Азамат мырза, 12-январда өткөн Рыспай Абдыкадыровду эскерүү концертинде сизди алпаруучу “филармониянын жаш ырчысы” деп чакырып жатты. Маекти ушундан баштасак.

– (Күлүп) Бишкектеги Улуттук филармонияга мындан 3 жыл мурун келдим. Жаңы келгенде жаш ырчылардын катарын толуктайт элем. Андан бери менден жаш студенттер жумушка алынды, азыр мен жаш ырчыга кирбей калдым окшойт. Бирок алпаруучулук кылган Кыргызбай агай (ред.: Осмонов) үчүн мен жаш ырчымын. Карындаш кесиптештер да тамашалап, “филармониянын жаш солисти Азамат Жоробаев” деп күлүп калышат.

– “Жаш ырчынын” жашы канчада?

– Азыр, буюрса, 37нин чайын ичип жатам, 37 деген мен үчүн жаш эле. Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Макаренко айылында 1987-жылы 18-ноябрда жарык дүйнөгө келгем. Карапайым дыйкандын үй-бүлөсүнөнмүн.

– Аткаруучу катары эл алдына чыга баштаганыңызга аз эле болду. Ага чейин каякта, эмне менен алек болдуңуз?

– Ага чейин деле ушул тармакта жүрдүм. Көп нерсе көр оокаттын айынан болуп жатпайбы. Талантың ашып-ташып жатса деле баары каражат маселесине барып такалат. Каражаттын айынан убагында жогорку билим албай калгам. Учурда Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде 5-курста окуйм. Филармонияда “окуп жатат” деген маалымкат менен иштеп жаткан учурум. Кимге кандай, билбейм, мен үчүн Улуттук филармонияда иштөө чоң жоопкерчилик. Ошого жараша ырдашың, иштешиң, ошого ылайыктуу өзүңдү алып жүрүшүң керек.

Мен көп эле чыгармаларды каражаттын айынан чыгара албай жүрдүм. 2022-жыл мен үчүн жемиштүү жылдардан болду, Улуттук филармонияда тушоо кесүү концертимди бердим. “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин алдым. Эгемендүүлүк күнүндө Президенттин Ардак грамотасы менен сыйландым. Өткөн жылы чыгармачылыгым бир аз солгундап кетти, анткени айылда курулуш иштерин кылып, чоң атама, атама аш берем деп, анан балама элден бата алайын деп, ошонун аракетинде бир бутум айылда, бир бутум Бишкекте болуп жатты. Бул менин көптөн бери эңсеп жүргөн тилек-максатым эле. Жакында жаңы аккордеон сатып алдым. Аны ямаха кылып ойносоң да, оркестрге коюп ойносоң да болот, көп функциялуу. Ошону менен жаңыча, өзгөчө концерт берсем деген ойлорум бар. Жаңы ырлардын, жаңы обондордун үстүндө иштөөгө кириштим.

– Аккордеонду качан үйрөндүңүз?

– Аккордеонду 13 жашымдан баштап ойноп ырдадым. Бирок нота менен эмес, угуп үйрөнгөм. Айылдагы тойлордо күйөө жолдош болуп келгендердин аккордеон ойногонун көрүп бул аспапка кызыктым. Ошондон тарта мектепте кандай сынак, концерт болбосун аккордеон менен ырдай баштадым.

– Автордук обондоруңуз дагы бар экен, обондоруңуз тууралуу айтып берсеңиз.

– Обондорум бар, бирок обончумун деп айтыштан уялам. “Мынча обонум бар” төш какпай эле коёюн, дастанчы кызыбыз Нуржан Түмөнбаева “Жакшы адамым” деген чыгармамды ырдап жүрөт. “Ак жарык”, “Ашыгым” жана башка көп эле чыгармалар бар, өзүмдүн аткаруумда аз, көбүнчө башкалар аткарат.

– Өзүңүз кимдин чыгармаларын көп аткарасыз?

– Көбүнчө улуу залкар обончулардын ырларын аткарам, айрыкча Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков, Жолдошбек Мамажанов, Исирадин Аманбаев, Майрамбек Осмонов, Бек Борбиев жана башка агаларымдын ырларын ырдайм. Өзүмдүн обонумдан кээде “автордук чыгармаң барбы?” деп сурап калышса гана ырдабасам, негизинен, улуу муундагы аккордеончулардын ырларын аткарам.

– Кумириңиз ким?

– Негизи Бек агабызды кумир тутуп келгем. Ушул кишинин эле чыгармаларынан таасирлендим дебейм, Рыспай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаков агаларыбыздын чыгармаларынан көбүрөөк таасир алгам. А Бек Борбиев агабыздын эл алдына чыгып, гитара, аккордеон менен элди шаңга бөлөгөнү аябай таасир берген.

– Билишимче, аккордеон менен гана ырдайсыз. Эстрадага ыктайын деген ойлор жокпу?

– Эстрадада ырдап көрдүм, ал багытта ырдай албайт экенмин, аны моюнга алыш керек. Өзүмдүн жазган обондорум эстрадага жакыныраак болгон үчүн эстрадада ырдаган инсандарга берем. А мен аккордеон менен жандуу, ээн-эркин ырдоону тандагам.

– Биринчи жолу сахнага качан чыктыңыз? Ошондогу эмоцияларыңызды эстеп көрсөңүз...

– Ал күндөр эстен кетпейт го. Азыр деле сахнага чыгыш... Биринчи жолкусунда муундарым калчылдап, кандай толкундоо болсо, азыр деле ошондой. Кафеде, ресторанда ырдасаң ал башка, сахнанын сүрү таптакыр башка. “Чыгып адашпасам экен, элге ырым өтсө экен, жеткире ырдасам экен” деп, сахнага чыгып бир куплет ырдагыча аябай тынчсызданам. Ошол ырдын ичине сүңгүп киргенге аракет кылам.

Биринчи жолу сахнага 11-классымда айылда, Өзгөндөгү маданият үйүндө чыккам. А чоң сахнага 2008-жылдан баштап чыктым. Ошто Жеңишбек Айтиевдин концертинде ырдагам. Анан “Ар бир айдын алтысы” долбоору менен көп чыктым.

– Шоу-бизнес, маданият чөйрөсүнө жаңы аралашкан учурларда сизди таң калтырган окуялар болду беле?

– Маданият чөйрөсүндө сен өзүңдүн жолуң менен эле түз кеткенге аракет кылышың керек экен. Бирөө менен өтө жакын дагы, алыс дагы эмес, орто, сый мамиледе жүрсөң, узагыраакка барат экенсиң. Эгерде өзүңдү ошол жолдо кармай албасаң, оңой эле аңга түшүп кетет экенсиң. Ошондон улам баары менен жакшы мамиледе болгонго аракет кылам. Сөздүн өзү айтып тургандай, маданияттуу болгонго болушунча үйрөнүш керек. Бирок маданият адамдарынын баары эле маданияттуу эмес экен.

– Аккордеончулар кайсы бир автордун ырын аткарып, элге чыгарганда авторлорунан уруксат сурашабы?

– Менимче, улуу муундагы залкар обончулардын ырларын бузбай ырдасаң, ал кишилер деле каршы эмес. Кайсы ырды укпайын, кайсы ырды жактырбайын, ар кайсы ырчылардын аткаруусунда угуп чыгам. Анан ырдаарда түп нускасын бузбаганга аракет кылам. Негизгиси, жүрөк менен ырдаганга аракет кылыш керек. Чынында, эч кимден “ушул ырыңызды ырдайын” деп сурабадым. Менин визиттик карточкам болуп калган “Нестан-Дарежанды” да сураган эмесмин. Бирок аны Исирадин Аманбаев аганын, бүт маданият чөйрөсүнүн алдында жаңы жылдык кечеде ырдагам. Автор өзү уккан, өзү баасын берген.

– Жашоодо өзүңүздү тапкан адамсызбы?

– Өзүмдү толук таптым деп айтыштан азыр алысмын.

– Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз. Кандай атасыз?

– Бир уулдун атасы, бир аялдын күйөөсүмүн (күлүп). Өтө жумшак да, өтө катуу да эмесмин. Ортомун. Бирок уулумду катуураак кармаганга аракет кылам, атанын жумшактыгы балага зыян болуп калышы мүмкүн.

– Үй-бүлөңүздөрдө аял-эркектин орду кандай?

– Үй-бүлөдө аял өзүнүн ордун билсе, эркек сөзсүз өзүнүн ордун билет. “Аялым мындай кылбаш керек, тигиндей кылбаш керек” дебейм, ага “жолуңду кандай кылып аткарышты апамдан сура” деп коём, бүттү. Жашоодо сүйүшүп үйлөнүп эле, мамыр-жумур жашап кеткендер аз. Турмуш баары бир тарбиялап, анан нукка түшөт экен. Мен аялымды урушкан эмесмин дегенден алысмын. Уруштук, анын баары артта калды, азыр сонун бир нукка түшкөнбүз.

– Бактылуу болуңуздар!

 

Гулийпа Маметосмон кызы 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1104, 2-8-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан