23 жаштагы Эркинай Нурлан кызы учурда жолдошу экөө акыйкаттык издеп укук коргоо органдарынын эшигин каккылап жүргөн учур. Каарманыбыз “дарыгерлердин туура эмес ийне сайганынан улам бир айлык баламдын колу чирип, кийин кестиргенге аргасыз болдук. Бирок окуяга тиешеси бар дарыгерлер дагы деле иштеп жүрүшөт. Эч кимиси жазасын алган жок” дейт. Төмөндө окуянын чоо-жайын иликтеп көрдүк.
“Сарык болуп 12 күн жандандыруу бөлүмүндө жаттык”
– Биз Токтогул районунан болобуз. Өзүм 23 жаштамын, турмушка чыкканыма 2 жыл болду. Билал Уланбеков – жолдошум экөөбүздүн тун балабыз. Балам төрөлүп бир айлык болгондо 2023-жылдын 2-февралында сарык болуп Токтогул райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшүп калдык. Ошондо “балаңардын кан тамырын таба албай жатабыз” деп күндө ар башка медайым балама ийне сайып жүрүшкөн. Бир жолу нөөмөттөгү Айада деген медайым өзү сая албай, төрөт бөлүмүнөн Элмира деген медайымды чакырып келип ийне сайдырган. Чынында ийне сайылгандан кийин баламдын колун мага көрсөтүшкөн эмес, дароо таңып коюшчу. Ийне сайып жатканда да колун ылдый кылып мага көрсөтпөй сайып жатышкан. Бирок анда менде күмөн ойлор болгон эмес. Акыркы жолу балама 11-февралда ийне сайып, ошол бойдон 13-февралда бинтин чечишти. Ошондо баламдын колу карайып калганын байкадым. Медайымдар ошондо деле сыр беришкен жок. “Баары жакшы, бат эле жакшы болуп кетет” дешкен. Баламдын колундагы бинтин чечип жатышканда да мени “барыңыз, эшикке чыгып туруңуз” дешти. Бирок мен врачтын медайымга “баланын колун карап койбойт белеңиз, эми муну эмне деп Бишкекке алып барабыз” деп айтканын угуп калдым. Бирок ошондо деле баламдын колу кесилип калары үч уктасам түшүмө кирген эмес. Бат эле айыгып кетсе керек деп ойлогом. Көрсө, ошондо эле баламдын колу чирип баштаган экен.
“Ал врачтар дагы деле иштеп жүрүшөт”
- Ошентип ызы-чуу түшүп, баламды Токтогулдан “Тез жардам” кызматы менен Бишкектин балдар ооруканасына алып келдик. Ошол жерден бизди Сагын Ташиева аттуу врач кабыл алган, ал баламды көрүп эле “баланын колун чиритип алып келипсиңер” деп токтогулдук врачтарды урушту. Ошондо мен баламдын колу карайып, териси сыйрылып кеткенин биринчи жолу көрдүм. Сүрөт, видеого тартып алдым. Дарыгерлер “баланын колуна 2-3 күн байкоо жүргүзөбүз, жаны жок болсо кесиш керек, гангрена бүт денесине тарап кетиши мүмкүн” дешти. 19-ферваль күнү операция жасалып баламдын колун кесишти. Биз Токтогул райондук ооруканасынын дарыгерлеринин үстүнөн арыз жазганбыз. Бирок андан жыйынтык жок. Мына, окуя болгонуна 1 жыл болду, бир да сот отуруму болгон жок, 8 жолу сот процесси жылды. Азыр ал врачтар күнөөсүн моюнуна албай дагы деле Токтогулдагы ооруканада иштеп жүрүшөт.
“Башкы дарыгер жумуштан айдаса, аны менен соттошуптур”
– Токтогул райондук ооруканасынын жетекчиси окуяга тиешеси бар медициналык кызматкерлерди иштен айдаган экен. Бирок алар башкы врач менен соттошуп, соттон жеңип кайра догурунуп жумушуна барышыптыр. Иштебеген 6 айы үчүн компенсация өндүрүп алышыптыр керек болсо. Ушулбу адилеттүүлүк орногону? Алар дагы канча баланы майып кылышы керек? Азыр баламдын колу эмне себептен чиригенинин так далилин табыша элек. Токтогулдун врачтары Бишкектикине шылтап, бишкектиктер токтогулдук врачтардын шалаакылыгынан болду деп жатышат. Бирок мен так билем, баламдын колунун кесилгенине туура эмес ийне сайган Токтогулдун медайымдары күнөөлүү. Балама 7 жаштагы баланын дозасы менен ийне сайышкан деп жатышат. Бирок убагында Бишкекке алып келгенибизде колун сактап калса болмок экен. Токтогулдук врачтар өздөрүнүн шалаакылыгы билинип калбасын деп жөн эле бизди 5 күн райондук ооруканада кармап турушкан деп ойлойм. Бирок алар бет тырмачылык кылып, кайра бишкектик врачтарга күнөө коюп жатышат “колунун абалы ошончолук оор болсо, эмнеге 1 жума кармап турушту, алып барганда эле кесип салышпайт беле” деп. Анткени бишкектик врачтар баламдын колун сактап калганга аракет кылышты, болбой баратканда кескенге туура келди. Азыр деле качан барсак дайыма жакшы карашат. Бүгүнкү күнү да балам ооруп, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Сотко чуркап адилеттик издегенге моралдык абалым начар. Бирок кандай жагдай болбосун биз баламдын тагдырын талкалаган, окуяга себепкер болгон медайым, врачтардын мыйзам алдында жоопко тартылышын талап кылабыз. Алардын баарын медицина тармагында иштей алгыс кылып жумуштан кетириш керек. Алар болсо азыр өздөрүнүн Вотсапп тайпаларында “баласы чарчап эле калса болмок” деп жазып отурушат. Мына, биз өмүрүбүздү ишенип тапшырган врачтардын кылык-жоругу.
P.S. Каарманыбыз Токтогул райондук ооруканасында иштеген бир нече дарыгердин аты-жөнүн гезитке ачык жазып жарыялоону өтүндү. Бирок сот иштери аягына чыга электигине байланыштуу андай кыла албадык. Ал эми Вотсапп тайпасындагы жазышуу боюнча: интернет желесине тараган сүрөттөрдөн, жабырлануучулардын айтымында врачтардын “бул бала бизге баш оору болду го, ошондо эле чарчап калса болмок экен” деген жазышууларын көрүүгө болот.
Гуласыл Сүтүева, Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын бөлүм башчысы:
“Күнөөлүү дарыгерлерге сот чара көрөт”
– Бул окуя боюнча сот иштери аягына чыга элек. Негизи наристе аябай кичинекей төрөлгөн, Токтогул ооруканасындагы дарыгерлер тамчылатма дарыны баланын колунун тамырынан сыртка, терисине сая беришкен. Чиригенинин себеби ошондон. Наристени санавиация менен Бишкектеги Эне жана баланы коргоо борборуна алып келишкенде алар 7 күн карап, колун сактап калганга аракет кылышат. Жылыш болбогондо колду кесүүгө аргасыз болушкан. Ошондон кийин наристенин ата-энеси Токтогулдагы дарыгерлердин үстүнөн биздин министрликке да, укук коргоо органдарына да даттанышыптыр. Бизде былтыр апрель айында териштирүү иштери башталган, сентябрь айында сот иштери башталып, октябрда сот медициналык экспертиза дайындаган. Бирок ошол медициналык экспертизанын жыйынтыгын бизге берише элек, себеби мыйзам боюнча экспертизаны ким дайындаса корутундусун ошого гана беришет. Биз жыйынтыгы чыкты деп угуп жатабыз, чыкса демек, корутундусу сотко кеткен болуш керек. Бул арада колу кесилген наристенин ата-энеси жарандык активисттер менен бирге министр Алымкадыр Бейшеналиевге чейин кирип Токтогулдагы оорукананын дарыгерлерин иштен айдоону суранган. Чынында окуя болгон күнү реанимация бөлүмүнүн жетекчиси Эрнис Насыров жумушта нөөмөтүндө болгон эмес экен. Ошону тартип бузуу деп эсептегиле деп министр тапшырма берип, жумуштан кетиришкен. Бирок ал “сот мени күнөөлүү деп таба электе жумуштан айдашты” деп кайра соттошуп азыр жумуш ордуна барып иштеп жатыптыр. Бул окуяда баары соттун чечиминен көз каранды, министрлик каалаган кызматкерди жүйөөлүү себеби жок жумуштан айдай албайт. Анан медицинада талаштуу маселелер көп болот, андыктан баарын тең салмакта караган жакшы.
Окуя боюнча маалымат алуу үчүн Жалал-Абад облустук сотуна байланышканыбызда “аталган сот иши боюнча комиссиялык экспертиза түзүлгөн, комиссиянын корутундусу чыга элек” деп жооп беришти.
Лунара Бекиева