ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 12-февралдан 18-февралга чейин

КОЙ
(21.03–20.04)

Кайсы бир баалуулуктарыңызды жагдайга ыңгайлашып өзгөрткөнгө туура келет. Ичиңизденпринциптеримди кармана алган жокмундеп өзүңүздү күнөөлөйсүз. Бирок убакыттын өтүшү менен туура кадам жасаганыңызды түшүнөсүз. Кыймылсыз мүлккө инвестиция салыңыз. Салган инвестицияңыз убагы келгенде сизди ири киреше менен кубандырат. Жаңы иш баштабай же бейтааныш адамдар менен бизнес өнөктөштүк боюнча келишимдерди түзбөй турганыңыз оң.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Карьералык тепкичте сизди жаңы кызмат күтөт. Соода кылууда этият болуңуз. Акчаңызды ысырап кылып же алдамчылардын тузагына түшүп калуу коркунучу бар. Сыртта көбүрөөк жумуш кылыңыз, анткени таза абадан, күндөн алган энергия сиздин короткон энергиянызды толуктоого жардам берет. Бойдокторду романтикалык жолугушуу күтөт. Үй-бүлөлүүлөр бардык маселени түгөйү менен кеңешип чечпесе ортодо түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Жаңы иш баштайм дегендер шашпай турушканы жакшы. Анткени апта кескин өзгөрүүлөр жана бурулуштар үчүн жагымсыз. Таасирдүү тааныштарыңыздын жардамы менен көп көйгөйүңүздү чечип алсаңыз болот. Сүйүүдө туруктуулугуңуз сыналат, андыктан сезимдериңиз бекем болсо сүйүктүүңүздүн сизден шектенүүсүнө жол бербеңиз. Сот иштерине байланышкан көйгөйлөрүңүз татаалдашпасын десеңиз, бардык маселени убагында чечкенге аракет кылыңыз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Жүрөгүңүздүн тереңинде катылган каалоолоруңуз орундала баштайт. Акырындан ишиңиз алдыга жыла баштаганын байкайсыз. Ызы-чуу, талаш-тартыштарда ортомчулук кылуудан алыс болуңуз. Сиз үчүн азыр эң башкысы, үй-бүлөңүз жана андагы гармония болушу керекҮйүңүздү иретке келтирип, тазалыкка көңүл буруңуз. Ишиңизге реалдуу жардам бере турган өнөктөштөрдү табасыз. Бирок максатыңызга жетүү жолунда сизди көптөгөн кыйынчылыктар күтүп турат.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Аткарчу пландарыңызды так бөлүштүрүп энергияңызды туура сарптаганга аракет кылбасаңыз, жумушка көңүлүңүз чаппай сизди алсыздык басат. Өзүңүзгө жаккан нерсени жасасаңыз гана энергия топтолот, андыктан спорт менен машыгып, үй-бүлө мүчөлөрү менен мамилеңизди оңдоп, өнөкөт оорулардын алдын алып дарылануу менен алек болуңуз. Кызматтагы сүйүү романы орун алышы мүмкүн. Сизге кыянаттык кылган адамды кечиресиз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Айланаңыздагы адамдар сиздин күчүңүздү жана ишенимиңизди сезип, максаттарыңызга жетүүгө жардам берүүгө даяр. Энергияңыздын ашып-ташышы, аракетчилдигиңиздин жогорулашы жашооңузга пайдалуу байланыштарды тартат. Эң кыйын кырдаалдардан чыгуунун жолун табасыз. Саякатка чыгууга, чыгармачылык жактан изденүүгө ыңгайлуу мезгил. Башка шаарга же өлкөгө көчүү үчүн да жакшы убакыт экенин эскертишет жылдыздар.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Эс алуу жана саякаттоо үчүн ыңгайлуу мезгил. Кесиптик иште бир аз тыныгуу алып, убактылуу башка тармакта иштеп турганыңыз жакшы. Кумар оюндарынан алыс болуңуз, ийгилик азыр сиз тарапта болбойт. Мырзалар чечкиндүү кадамдарга барып, өткөндү унутуп, жаман адаттардан арыла алышат. Тараза айымдар мурун жасаган аракеттеринен эң сонун натыйжа чыгарышат. Бойдоктор позитивдүү ойлонсо эч кандай кызганыч, шектенүү сезимдердин тузагында калышпайт.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Бир секирик менен максатыңызга жетүү үчүн ой жүгүртүүңүздү өзгөртүшүңүз керек. Бүт эркиңизди топтоп, тайманбастык менен алдыга жылсаңыз бардык ийгиликтердин эшиги ачылат. Жеке жашооңузда кескин өзгөрүүлөр болот, олуттуу мамиле кура турган кызыктуу адамга жолугасыз. Жашооңузда бурганак сезимдер орун алышы мүмкүн, ал сүйүү романы кыска убакытка гана созулат, бирок ал мамиледен сөзсүз чоң сабак аласыз. Чөйрөңүздү кызыктуу адамдар менен кеңейтиңиз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Жакындарыңыздын жардамы менен каржылык абалыңызды жакшыртып, пайдалуу байланыштарды түзө аласыз. Жылдыздардан кеңеш: эмнеден корксоңуз ишти ошондон баштаңыз. Коркунучту жеңгенден кийин, өзүңүз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача аласыз. Кошумча киреше издөөгө эң сонун учур. Мүмкүн, сиз өзүңүздүн кесиптик ишмердүүлүгүңүздүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, өзүңүзгө жаңы киреше булактарын ача аласыз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Эмоция үстүндө кабыл алынган чечимдериңиздин баары үчүн өкүнөсүз. Бирок азыр деле ал катаңызды оңдоо үчүн кеч эмес. Кесиптештериңиз сиздин ийгиликтериңизге көрө албастык, ичи тардык кылышы мүмкүн. Сизди буга чейин алдап, чыккынчылык кылган адам менен мамиле түзбөңүз, экинчи жолу ошол кадамга барбашына эч ким кепилдик бербейт. Көңүл ачууга каражат аябаңыз, айрыкча жаратылыш коюнунда эс алуу сиз үчүн абдан пайдалуу.

СУУ КУЯР
(21.01–19.02)

Өзүңүзгө болгон ишенимиңиз жогорулайт. Бул учурда тайманбастыгыңыз, эрктүүлүгүңүз күчөп, буга чейин мүмкүн эмес деп эсептеген ири долбоорлорду ишке ашыра баштайсыз. Анын артынан каржылык маселелериңиз чечилет. Туруктуу жумушта иштегендер ийкемдүү жумуш графигине аракет кылышканы жакшы. Сүйүү мамилесинде сизге сезимдерин билдирген адам пайда болот. Арыктоону каалаган айымдар аракетти ушул апта башташса натыйжасы жакшы болот.

БАЛЫК
(20.02–20.03)

Сизге эмоционалдык ырахат тартуулай турган иштерди пландаштырыңыз. Активдүү жана ишенимдүү болуп бардык көйгөйлөрүңүз жеңил чечилет. Жакшы маанай иштериңиздин тез бүтүшүнө таасирин тийгизет, андыктан күлүп жүргөндү унутпаңыз. Айымдар бардык окуяларга өтө сезимтал болсо депрессияга бат кабылышат. Психикалык тынчсыздануулар ички абалыңызга терс таасирин тийгизет, андыктан эмоционалдык тең салмактуулукту кармаганга аракет кылыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1105, 9-15-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан