(Башы өткөн сандарда)
Күн дагы баягыдай, аба да баягыдай. Алар жолугуп жүргөн жер да ошол калыбында. Жүрөктөр да ошондо кандай аптыга кубанычтан кагып жатса, азыр дал ошондой кагып жатат. Жандалбастап, бири-бирине ашык жүрөктөр да өзгөрбөгөн экен. Бирок экөө өзгөрүлүптүр. Бала кездеги тазалык, тунук сезимдер, эч бир коркунучу жок бири-бирине түз караган көздөр жок эле. Канат чыдабай кетти. Дагы бир топко Шооланын жанында отурса эмне болуп кете турганын болжолдой албады. Ордунан туруп кеткенге да күч таба албай жатты.
– Сен кетишиң керек!- деди андан башка сөз айта албай.
– Менин кимге зыяным тийип жатат?- деди Шоола ызалуу.
– Эмнеге келдиң? Баары жакшы, жашоо бир калыпка түшүп калганда кайра кайрылыштын кажети бар беле?- эмнегедир жинденип кетти. Өзүнө көбүрөөк жинденди. Кайра дароо “минтип айтпашым керек эле, тынчтан, Канат! Акырын сүйлө” деди өзүнө-өзү. Шоола эми таң кала тиктеп калды. Бакырая тиктеген Шооланын көздөрүнөн эми көздөрүн качырып кете албады Канат. Жылдар бою качкан көздөр, элеси көз алдына келбесин деп жандалбастай качкан көздөр эми жанында. Шоола мурункудан да супсулуу болуп кеткенин сезди. Бирок ага мурунку Шоола көбүрөөк жагып турду. Бул башын, акылын ала турган сулуулук менен таптаза, сулуу мүнөз Шооланын ортосунда жылдар жаткан эле. Оттон качкандай ордунан турду. Шоола ызалана түштү.
– Эмнеге качып жатасың? Мен сага эмне кылдым?- деди ал. Ыйлагысы келип эриндери титиреп бара жатты. Араң өзүн колго алып турду.
– Мага эч нерсе, бирок башкаларга зыяның тийиши мүмкүн.
– Кимге?
“Жанатка! Анын аялына, баласына... Эх, Шоола мен өзүмдү токтоткондой ал токтотпой турганын бир билсең. Ал сенин бир көз карашың үчүн баарынан кечип жиберүүгө даяр экенин сен кайдан билмексиң. Мен сага ушул нерсени түшүндүрүп айта албайм” деди ичинен.
– Деги эле сен кимсиң? Менин жашоомо аралашкандай кимсиң?- деп жинденип кетти Шоола. – Мен канча жыл кыйналдым, билесиңби? Сен менин жашоом кандай болгонун билесиңби? Жок дегенде сурап койгон жоксуң? Ден соолугумду сурап койгон жоксуң! Ушунчалык таш боор белең? Эми келип алып мага “кетишиң керек” деп...
Шоола чыдай албады. Көзүнөн жаштар агып кетти. “Канат менин көз жашыма чыдай албайт, сооротот, жаныма келет” деп жатты аялдык куулугу. Бирок Канат бирөө тушап койгонсуп тура берди. Кыздын көздөрүнөн агып жаткан бермет жаштарды тиктеп тура берди. Ушул абалында кандай гана сулуу экенин кыз өзү дагы сезбеди. Канат болсо ушул учурду карегине сүрөт кылып тартып алгысы келди. Аз калса өзү да ыйлап жибермек. Ошондон коркуп кетти да шарт бурулуп жөнөй берди.
– Канат!
Шоола кыйкырып жиберди. Аркасынан чуркап барып кучактап алгысы келди. Канат артына кылчайган жок. Тез басып барып машинесине отурду да, жөнөп кетти. Шоола ыйлаган боюнча кала берди.
ххх
Жанат иш бөлмөсүндө отурганы менен, ою Шоолада. Эмне кылып жатты экен? Кандай болот экен мындан аркы жашоосу? Өзүнөн өзү кызганып жатты. Иштейм десе иш таап бермек болду. Жок дегенде көз алдымда болот деп ойлоду. Бир аздан кийин телефонун колуна алды. Шоола жооп берген жок. Ого бетер тынчсызданып кетти. Жарым сааттан кийин кайра чалды. Анда да алган жок. Кечке чейин ошондой абалда болду. Аягында чыдай албай калды да, машинесине отуруп Шооланын үйүнө жөнөп кетти. Бул баатырлык кайдан келди, белгисиз. Эмнеге келдиң? десе эмне дейм деген да ой болгон жок. Эшикти ачып босогодо турган Жанатты көрүп Шоола таң кала түштү.
– Салам!
– Салам, сен кайдан?
– Сага телефон чалдым, бирок жооп бербедиң. Ооруп калдыбы, эмне болду деп тынчсызданып кеттим.
Шоола дагы деле түшүнүп-түшүнбөй турду. Бир оюнда Канат өзү келе албай, Жанатты жибердиби деп ойлоп кетти. Ошол оюна өзү жаш баладай ишенгиси келди. Жанатка эшикти ача берди.
– Кел, үйгө кир. Мен жалгыз болчумун, чай ичейин деп жаткам. Апам түнкү нөөмөттө.
Жанат бир аз тарткынчыктап турду да, Шооланын үйүнө кирди. Эки кишилик жупуну жасалгаланган, бирок таза, тыкан жайлуу үй экен. Шооланын чай даярдап, ары-бери басып жүргөнүн бактылуу болуп тиктеп отурду. Кызык, эгерде баары башкача болуп Шоола анын аялы болуп калганда, ага ушинтип чай даярдап жүргөндө кандай болмок? “Эсиңе кел, Жанат! Сенин балаң бар, аялың бар. Куру кыялды кой, досум” деп жатты кайра өзүнө-өзү. Бирок кыял ээ-жаа бермекпи. Шоола мунун эч биринен кабары жок. Жай гана чай куюп Жанатка сунду.
– Сагыныптырсыңбы, Кыргызстанды?- деди Жанат.
– Албетте. Кантип сагынбай койсо болот? Кээде ушул үй түшүмө кирчү. Кээде мен бул үйгө такыр кайтып келбейм го деп ойлочумун. Ошондо айланам капкараңгы боло түшөр эле. Бирок келдим. Шүгүр, келдим.
– Эми кандай кылайын деп жатасың?
– Азырынча ой жок. Негизи жеке мектеп ачайын дегем. Англис тилин үйрөтүү боюнча жеке мектеп ачкым келет. Ошол ой менен келгем. Эмне болду?
– Сендей кыздарга негизи биз дагы муктажбыз. Тилди билесиң деги. Тышкы иштер министрлигинде иштейин десең мен жардам бергенге даярмын.
– Рахмат, андай жерге мен иштей албайм го. Ошентсе да рахмат.
Шоола жылмайып койду. Кимдир-бирөөнүн ага кам көрүп жатканы жагымдуу боло түштү. Жалгыздыгына даба боло түшкөндөй сезилди. Дагы да болсо Жанатты Канат жибергендей сезиле берди. Чыдабай кетип сурап жиберди.
– Канат мага келгениңди билеби?
Күтүүсүз суроодон Жанат чайына какап кете жаздады. Көздөрүн алайтып Шооланы карап калды.
– Жок, ал эмнеге билиши керек эле?
– Бүгүн жолуктук.
– Эмне деди?- Жанат дирт этип кетти. Бул кызганыч беле, же коркуу беле, өзү да сезбеди. Шоола көздөрүн көрсөтүп жылмайып койду.
– Ыйлатты мени! Күнү кечке ыйлап жаттым. Телефонум кайда калганын деле билбейм. Ушунча жылдан кийин мени суз кабыл алат деп ойлогон эмесмин. "Кетишиң керек" дегенден башка эч нерсе дебеди. Кандай жүрөсүң, ден соолугуң кандай деп да сураганга жараган жок. Мен ага мынчалык эмне кылдым, түшүнсөм Кудай урсун. Кетип калды.
Жанат кызды бир топко карап турду да, акырын сөз баштады.
– Сен дагы деле Канат сени ойлойт деп ойлойсуңбу?
– Ал мени унуткан жок. Бирок аны менден алыстаткан бир нерсе бар. Мен сезип турам. Мындан он жыл мурун мени жөндөн-жөн таштаган жок. Мени сүйбөйм деди ошондо. Анда кандай ишенбесем, азыр да ишенбейм. Анткени Канат мени сүйбөй калышы мүмкүн эмес!
– Мүмкүн, аны мен сага караганда жакшы билем. Ал менин агам, ошол үчүн жакшы билем. Элдин баары Канат мындай кыла албайт деп ойлошот. Бирок ал силер ойлогондой периште эмес. Такыр башка адам. Анын чыныгы жүзүн мен гана билем.
Жанат токтоно албай калды. Өмүр бою Канаттын көлөкөсүндө калуу, экинчи болуу ызасы анын акылын жеңип кетти. Кадимки сактыгы да жоголуп кетти. Шоолага кадимкидей эле аны жамандап баштады. Ак менен кара, чындык менен жалган өмүр бою жанаша жүргөндөй эле бул жолу адилеттиктин мыйзамы бузулуп жатты. Эң кызыгы, ал үчүн өзүнөн, сүйүүсүнөн, бардык нерседен баш тарткан бир тууган агасына кара өзгөйлүк кылып жатты...
(Уландысы кийинки санда)