Депутат Абакиров мугалимдердин айлыгын көтөрүүнү сунуштады

Парламент депутаты Элдар Абакиров мугалимдердин айлыгы жогору болмоюнча алардын берген билими күчтүү болбой турганын айтты 8-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында. Депутат Кыргызстанда орточо айлык 32 142 сом, төмөнкү эсептик киреше 11-12 миң сом экенин, мугалимдер орточо 16-17 миң сом айлык аларын белгилейт. 

– Демек, мугалимдер төмөнкү эсептик кирешеден болгону 5-6 миң сом көбүрөөк айлык алышат. Кыргызстан боюнча орточо айлыктан 1,5 эсе аз болууда. Билим берүүнүн сапаты мугалимдин билим деңгээлинен жогору боло албайт. Күчтүү мугалимдерди алып, жакшы айлык төлөп бере албасак сапат оңолбойт,- деди Абакиров.

Маалыматка таянсак, учурда Кыргызстанда 1,5 миллион окуучу, 80 миңдей мугалим бар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1105, 9-15-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан