Жолдошбек Орозбаев, көк бөрүчү: “Карууң канчалык күчтүү болсо да, көк бөрүдө акыл жеңишке жеткирет”

Нооруз турниринин жакындашы көк бөрү күйөрмандарынын бүйүрүн кызытууда. 6-февралда Талас облусунун райондор аралык чемпиондугунун жыйынтыктоочу турнири өттү. Анда айтылуу “Ынтымак” командасынын курамы жарыяланды. “Ынтымактын” капитаны, ошондой эле машыктыруучусу болуп келе жаткан Жолдошбек Орозбаевди кепке тарттык.


"Ынтымактын" капитаны

Толук аты-жөнүОрозбаев Жолдошбек Сүйүнбаевич

Туулган жылы – 1986-жыл, 30-апрель

Туулган жери – Талас облусу, Талас району, Кара-Суу айылы

Бою – 174 сантиметр

Оюндагы позициясы – коргоочу

Ойногон командасы – “Ынтымак”

Жетишкендиктери – Көк бөрү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, Нооруз турниринин 6 жолку, 9-май турниринин 2 жолку, Президенттин кубогунун 7 жолку, Өлкө чемпиондугунун 2 жолку жеңүүчүсү. Көчмөндөр оюндарында, Дүйнө чемпиондугунда 1-орун, Азия оюндарында, ЭКСПОдо 2-орун.

– Саламатсызбы, Жолдошбек мырза! Талас облусунун райондор аралык чемпиондугу кандай өтүп, кандай жыйынтыкталды?

– Ооба, Талас облусунун төрт районунун ортосундагы шерине улакты жыйынтыктадык. Кудай буюрса, бөөдө кырсыктан тышкары баары жакшы өттү. Райондор аралык мелдештин алкагында жакшы оюндар болду, облус ичинде көк бөрү өткөрүүнүн эрежелеринде өзгөрүүлөр болду. Жакшы оюнчулар, жакшы аттар чыкты, оюнчулардын өздөрүн көрсөтүүсүнө жакшы мүмкүнчүлүктөр болду. Жалпысынан жаштар арасында да, чоңдор арасында да Талас району чемпион аталды.

– “Ынтымактын” быйылкы курамы жарыяланды, жаңы 2 улакчы кошулуптур. Капитан катары азыркы курам тууралуу кандай ойдосуз?

– “Ынтымак” командасынын 2024-жылга карата курамы бекитилди. Курамда өзгөрүүлөр бар, себеби кийинки жылдарга жаш оюнчулар даярдала бериши керек. Быйыл болбосо дагы, эмдиги жылы өсө тургандай кылып курамды бир аз жашарталы дедик. Командага Эрбол Талантбек уулу, Айдаркан Анарбеков деген эки оюнчуну коштук. Булар жаш болгону менен, “Ийгилик” командасында ойноп жүргөн тажрыйбалуу балдар.

– Курамды жашартпаса бир учурда сөзсүз зыяны тиет дейсизби...

– Ооба, азыр биздин оюнчулардын баары эле бир тегиз болуп турбайбы. Бир учурда алардын да доору бүтөт, ошондо команда аксап калышы мүмкүн. Ошондуктан жаштарды акырындык менен кошо бериш керек. Кудай буюрса, Өмүрбек Эсен уулундай болуп жетиле беришет.

– Былтыр Оштогу көк бөрү тополоңунан кийин клубдарга ар облустун өкүлдөрүн кошуш керек деген пикирлер айтылды эле...

– Эми ал нерсе эл арасында эле айтылбаса, андай эреже бекиген жок да. Таласта мыкты оюнчулар көп болгондуктан аларга командадан орун берилиш керек. Нооруз турнирине быйыл Таластан эле 5-6 команда барат, буюрса.

– Фаворит аталган команданын машыктыруучусу, капитаны болуу моюнга чоң жоопкерчилик илеби? 

– Албетте, машыктыруучу болуунун жоопкерчилиги чоң. Балдарга ылайык келген аттарды таап бериш керек. Оюн ичиндеги жагдайга карата ыкмаларды өзгөртүп жибериш керек болот кээде. Оюндун жүрүшү сен күткөндөн таптакыр башкача болушу толук мүмкүн. Көк бөрүдө кара күчкө салып жеңишке жете албайсың. Карууң канчалык күчтүү болбосун баары бир акылга салып иш кылыш керек. Буюрса, 20-февралдан тарта Нооруз турнирине карата даярдыктарды баштайбыз деп турабыз. 

– Машыктыруучулукка кантип келип калдыңыз? Башынан эле көздөгөн ишиңизби же...

– “Ынтымакка”, улуттук курамга машыктыруучу болуп жүргөн Ислам Тазабеков деген машыктыруучу агабыз бар эмеспи. Ошол кишиден көп нерсени үйрөндүм. Көп жылдан бери көк бөрү ойноп жүргөндүктөн оюн талаасында топтогон тажрыйбанын негизинде эле машыктыруучу болуп калдым. Эми 100 пайыз баарын билем деп айта албайм, акырындык менен машыктыруучу катары тажрыйба топтоп келе жатабыз.

– Ошондо машыктыруучулук карьераңыз “Ынтымактан” эле башталдыбы?

– 2019-жылы турнирге “Алкан-Ата” командасын алып баргам. Команда 1-лигада чемпион болду, байгелүү орундарды алып жүрдү. Анан 2022-жылдан тарта “Ынтымакка” машыктыруучулук кылып келе жатам.

– Көк бөрүчү катары таржымалыңыз тууралуу да кеп кылалы. Кайсы клубдарда ойногонсуз?

– 2007-жылы “Алкан-Ата” командасында Президенттин кубогуна арналган оюнда ойноп баштагам. 2008-2010-жылдары “Ынтымак” командасында, 2011-2013-жылы Ысык-Көлдүн “Кабылан” командасында ойнодум. 2013-жылы улуттук курамга кошулуп, Астанада өткөн Азия оюндарына баргам. 2014-жылы Көчмөндөр оюндарына катышып, чемпион болгонбуз. 2017-жылы ЭКСПО турнирине команданын капитаны болуп баргам. 2014-жылдан бери “Ынтымак” командасындамын.

– Негизи сизде көк бөрүгө кызыгуу эмнеден улам ойгонгон?

– Биздин үйдөн атам улак чапчу. Агам да улакчы, азыр 40 жаштан жогоркулар курамында ойноп жүрөт. Атамды ээрчип жүрүп эле көк бөрүгө кызыгып кеткем. 16 жашымдан тартып оюн талаасына чыга баштадым. Көк бөрү ойноп жүргөнүмө жыйырма жылдай болуп калыптыр. Үйдө улак ойнобо деп эч ким каршы болгон жок, баары туура түшүнөт.

– Жубайыңызчы, ал дагы колдойбу?

– Ал деле көнүп калган, башынан эле каршы эмес. Оюнга кетип жатканда жакшы маанай менен узатып, келгенимде жакшы маанайда тосуп алат. 

– Балдарыңыз сиздин жолду жолдойбуз дешсе...

– 3 кыз, 1 уулум бар. Уулум 8 жашта, айыл ичиндеги майда-чүйдө оюндарга барып, улактан калбайт. 

– Жаракат алып калган учурлар болгондур, көк бөрүнү токтотуу жөнүндө ойлонгонсузбу?

– Жаңы жаракат алган кезде “болду, ойнобойм” деген ойлор келет. Бирок жакшы болгондон кийин эле кайра ойноп кетесиң. Канга сиңип калган да, жөн эле токтотуп коё албайсың.

– Көп жылдан бери көк бөрү казанында кайнап келе жатасыз. Спорттун бул түрүндө алдыга жылуу байкалып жатабы?

– 2023-жылы ар бир облуста райондор аралык чемпиондуктар өттү. Алардын жыйынтыгы менен 7 олбустун жеңишке жетишкен райондорунун арасында республикалык чемпиондук орун алууда. Буга чейин райондордун мындай чоң мелдеши өткөн эмес. Андан тышкары көк бөрүнү өнүктүрүүгө деп ар бир облуска 1 миллион сомдон берилди. Өнүктүрүү үчүн деп атайын акча каралган учур биринчи жолу болду көрүнөт. Өнүгүү жакшы эле болуп жатат.

– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат

 

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1105, 9-15-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан