Медер Токтогулов, Токтогул Сатылгановдун небереси: “Атамды бүркүт илип кете жаздаптыр”

Айтылуу Токтогул Сатылгановду ким билбейт.  Бул жолу “Туяк” рубрикасынын алкагында залкар акындын небереси Медер Сатылгановду кепке тарттык. Ал чоң атасы жана атасы тууралуу кызыктуу маалыматтарды айтып берди.

“Ата жолун улап музыкант болдум”

– Атым Медер, музыка тармагында билим алдым. Өмүр бою эле ушул тармакта эмгектенип келе жатам. Атактуу музыканттар менен топ түзүп иштеп жүрдүк. Бас гитарада ойнойм, кыргыздын көп атактуу топторунун курамында болдум. Филармонияда бала кезимде иштеп кеткем. Учурда  деле ошол иштер менен алекмин.

Менин атам Бабажан, мен анын кичүү уулумун. Токтогул атам Сибирге айдалып кеткенин элдин баары эле билсе керек. Сибирден келгенден кийин Топчубай деген уулу каза болуп калып, жубайы башка адамга турмушка чыгып кетет. Өзүнүн апасы Бурма гана калган экен, уулуна капа болуп ыйлап жүрүп көзү көрбөй калыптыр. Чоң атам келгенден кийин Сейдимкан  чоң апама үйлөнөт. Андан менин атам Бабажан жана Гүлсара деген кыздуу болушат. Гүлсара эжем 1961-жылы  каза болуптур. Ал Ташкенттен консерваторияны бүтүрүп келген, кыргыздын алгачкы илимдүү интеллигент айымдарынан экен. Ал кишинин жалгыз кызы бар эле, ал кийин газга ууланып көз жумду.

Ошондо биз, Бабажандын балдары, Токтогул атабыздын урпактарыбыз. Эң улуу  агам Молдожан, ал өмүр бою КТРКда сүрөтчү болуп иштеди. Андан кийин Күмүшай деген эжем бар эле, каза болуп калды. Анан Канышай, Чолпон деген эжелерим бар, эң кичүүсү мен. Атам бизге, өзгөчө мага "музыканы таштаба" деп көп айтчу. Ошол себептенби мен башка тармакка кызыккан жокмун. 

“Атам Комузду жакшы чертчү, жакшы ырдачу”

– Атам Бабажан 35 жыл филармонияда эмгектенди. Комузду жакшы чертчү, жакшы ырдачу. Анан да комуз чапкан өнөрү өзгөчө эле. Филармонияда эң мыкты комуздарды атам чаап берген. Кийин пенсияга чыкканда да чаап жүрдү. Музыканын атасы деп койсок болот, анткени атама келип күчтүү композиторлор кеңеш сурап кетишчү. Шекербек Шеркулов, Калый Молдобасанов, Сардарбек Жумалиев агайлар келип жүрүшкөнүн көп көрүп калдым. Атам өз атасы каза болгондо сегиз жаштагы бала экен. Кийин апасы тарбиялап чоңойтуп, анан Бишкек шаарына көчүп келишиптир. Айрымдардын айтып бергенин, өзү бир аз эстеп калгандарын мага да айтып калчу. Анын айтымында, атасы Сибирде болгон окуяларын такыр эстегиси келчү эмес экен. Бирок эркелеткендерин, бир нерсе сатып келип кубанткандарын айтып калчу. Бир кызык окуя болгон экен. Токтогул атам башка шаарданбы же борборго келиппи, айтор, уулуна арнап апакай шуба сатып келиптир. Ал апакай анан быжыгыр болгон окшойт. Алып келген кийимди кийгизип койсо, бала да, эшикке чуркап чыгып боз үйдүн жанына ойноп кетет. Бир кезде караса эле бүркүт атама жакын калыптыр. Тегеренип эми илип  кете жаздаганда апасы чуркап чыгып, көтөрүп боз үйгө алып кирип кеткен экен. Атам анда 5 жашта болсо керек, ошол окуяны көп айтып берчү. Бүркүт ак шубаны козу же башка нерсе деп ойлоп алса керек (күлүп). Атасы тууралуу ушуларды  элес-булас эстеп айтып берчү.  Атам 1991-жылы 62 жашында ооруп каза болду. Атактуунун баласы катары боюн көтөрчү эмес, бирок "өнөрдү сыйлаш керек, өнөр көп адамга жөн келе бербейт" деп көп айтчу. Атам менен атасы сыймыктанчу экен.

Менин балдарымдан  өнөргө кызыккандар бар. Бирок азыр балдарга "мындай кыл, тигиндей кыл" деп айтуу кыйын болуп калды окшойт.

 

 

Нуржамал Жийдебаева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1105, 9-15-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан