Өктөм Сапар уулу, ырчы: “Аялзаттан жолдуу экенмин, мээримге бөлөнүп турам”

“Жашоомдогу аялзат” деген рубриканын алкагында маек куралы дегенимде маектешим “өтө коркунучтуу тема го” деп чочулады. Бирок бул чочулачу эмес, жылуу сезим тартуулаган апа, эже-карындаш, жубай, кыздары тууралуу маек болмок. Ошондой эле болду. “Бизде аялзаты басымдуулук кылат. Апамдын, эже-карындаштарымдын, келинчегимдин камкордугунун, мээриминин үстүндөмүн. Тагдырыма ыраазы болом”,- дейт Өктөм мырза. 

“Жашоо өзү бир тең, апам бир тең...”

– Айымдар тууралуу сөз болгондо эле эмнегедир апам биринчи көз алдыма элестелет, жүрөгүм жылуулукка толот. Анткени биздин бул дүйнөгө жаралышыбызга, жашоодо мүдүрүлбөй-чалынбай жашап кетишибизге себепчи болгон адамдардын бири экен да. Апамдын аты Айсалкын, 73 жашта. Бала чагымды эстесем ата-энемдин тынбай иштеп жүргөнү, биздин деле талбай эмгек кылганыбыз көз алдыма тартылат. Ал убак көпчүлүк кыйналып турган учур эле. Балдарын багуу үчүн тытынышкан экен. Ошолордун акыбети болсун деп азыр ата-энемдин айтканын аткарып, кубантып эле тургум келет. Башымда “эмне кылып аларды сүйүнтсөм экен?” деген ой жашап калган. Апа дегендин жүрөгү назик эмеспи, айрыкча апамдын көңүлүн карап, белек-бечкек алып берип, жакшы сөзүмдү арнаганга ашыгам. Мен үчүн жашоо өзү бир тең болсо, апам өзү бир тең. Жашоом – апам. Бала чагымда шоктук, тентектик кылганда бир аз кагып-силкип койгону болбосо, апам мени такыр урушкан жок. Бала кезимде эле менин таламымды талашчу, азыр да ошондой (күлүп).

“Апамдын тилин албай окууга тапшырганда...”

– Мектепти бүткөн кезде “апа, окууга тапшырышым керек болуп жатат” деп айттым. “Кой, балам, азыр кыйналып жатабыз, көрүп турасың. Бир жыл коё тур, анан окууга өткөрөбүз”,- деп каршы болду. Ал сөзгө көнмөк белем, окууга барууга жол киреге деп эптеп иштеп акча таптым, ал кезде иш берүүчүлөр деген жокко эсе болчу. Ямаха чертип, ырдап жүргөн ишеничтүү талантым бар эле, Ошко келип музыкалык окуу жайга тапшырдым. Өтүп, жадакалса дароо 2-курска отурдум. Сүйүнүп алып апама айтып келдим, “сиздин тилиңизди албай кетип калгам, бирок окууга өттүм, болгондо да 2-курстан баштап окуганы калдым” деп. Ошондо каршы болуп турганына карабай аябай сүйүндү. “Эми сен жок кыйналат экенбиз да” деген. Анткени талаа-үй жумуштарынын көпчүлүгү моюнумда эле. Байкем болсо башынан чоң ата-чоң энемдин колунда өсүп калды. Мен кеткенден кийин карындаштарым ишке аралашып кетишти, азыр ошолорго ыраазы болуп кетем.

“Атаандаштык үчөөбүздүн ортобузда болду...”

– Үй-бүлөбүздө аялзаты басымдуулук кылат. 3 эжем, 3 карындашым бар. Апам, келинчегимди кошкондо 8 айым болот. Агамдын болсо 2015-жылы көзү өтүп кетти. Жалгыз уул болгонго аларга кам көрүү, көңүлдөрүн көтөрүү, жардам кылуу менин милдетим, вазыйпам.

Музыкалык окуу жайды бүткөндөн кийин Баткендеги Маданият үйүндө иштеп калдым. Ал жакта улуу эже-жездем жашагандыктан алардыкында болдум. Үйлөнгөндөн кийин да ошол жакта жашап жүрдүк. Эжем баласындай эле караган мени. Ошону эстеп азыркыга чейин көңүлүм жылыйт. Ата-энем “апаңа кандай мамиле кылсаң, эже-карындаштарыңа да ошондой мамиле кыл” деп тарбиялаган. Ошого эже-карындаштарыма апама жасагандай эле мамиле жасайм.

Бала чакта менден улуу эжем, менден кийинки карындашым менен талашып-тартышып жүрчүбүз, калгандары менен сый эле чоңойдук. Эжем мени жумшаса, мен карындашымды жумшап койчумун. “Жасабайм, сага айткан” деп ызылдашып калар элек. Атаандаштык да ушул үчөөбүздүн ортобузда болду. Бирок алар менен ойногонго убактым болбоптур, суу алып келиш керек, отун алып келиш керек, мал караш керек деп эле жүрчүмүн.

Мындай байлыктарым бар экенине тагдырыма ыраазы болом, дайым камкордукта, мээримдин үстүндөмүн.

“Апамдын пианиносу...”

– Мага чейин эч бир туугандарда ырчы болбоптур. Ырчы болушума апамдын пианиносу чоң себепчи. Апам жалгыз кыз. Учурунда таятам райондун деңгээлиндеги чоңураак кызматта иштечү экен. Апам 5-6 жаш курагында кызамык жуктуруп алып, өтүшүп, кулагы укпай, жакшы сүйлөй албай калыптыр. Таятам менен таенем талаага дары сепкен “Кукурузник” деген учак менен Ташкенттенби же Москваданбы кулагына операция жасатып келишиптир. Кулагы ачылсын деп кичинекей пианино сатып беришет. Бирок аны апам черттиби, чертпедиби билбейм, бирок жаңы бойдон туруптур. Ошону мен 1-класста чертип, бир ырды үйрөнүп алдым. Байкеме барып көрсөтүп, ага үйрөттүм, агам пианинону алып кетип дагы башка ыр үйрөнүп келип, мага үйрөттү. Ошентип жүрүп экөөбүз тең музыкант болуп кеттик. Байкем мектептеги Ямахаларды чертип калды, ал окууну бүткөндө мен 6-класста болсом керек, Ямаха чертүү мага өттү. Ошентип 11-класска чейин мектептеги майрамдарды уюштуруп, ырдап, ырдатып жүрдүм. Музыкалык окуу жайдан 2-курска отурушумдун себеби ушул. Музыкалык карьерабыз ушинтип башталган. Агам кийин дин жолуна түшүп, музыканы таштап койгон.

“Жашай берип бири-бирибизди тарбиялап алдыкпы билбейм...”

– Жакшы келинчекке туш келдим. Бири-бирибизди жарым сөздөн түшүнөбүз, уруш-талаш болбойт, уруш башталып баратса да токтотуунун жолдорун билебиз. Өтө деле башкача ыкма эмес, “кой эми, болду” деп коюу эле жетиштүү бизге (күлүп). Бири-бирибизди толуктап турабыз. Кудай өзү ушундай табыштырабы, же экөөбүз жашай берип бири-бирибизди тарбиялап алдыкпы билбейм (күлүп). Алгачкы жылдары ар кандай кыйынчылыктар болду, бирок сабырдуулук, сый, сүйүү менен баары артта калды. Алардын баары азыркыдай гармонияда жашоого тажрыйба болду деп ойлойм. Келинчегим Сюита үйдөгүлөрдүн эч кимиси менен мен-сен дешкен жок, өзүбүз да үй-бүлөбүз менен жоош болгонго себеп деле болбосо керек.

Кудайга шүгүр кылам, аялзатынан жолдуу экем, апам, эже-карындаштарым, келинчегим бар, жөн эле адамдар эмес, асыл адамдар. Өзүм кыздуу боло элекмин, эгер Кудай насип этсе, кыздуу болсом 100 пайыз телегейим тегиз болмок го дейм. 

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1105, 9-15-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан