Абдыганы Эркебаев, саясий ишмер: “Бизнеси бар депутаттар эч качан ашыкча сүйлөй алышпайт”

Абдыганы Эркебаев Кыргыз парламентине эки жолу төрага болгон, жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген тажрыйбалуу саясатчы. Парламентаризм, мыйзам чыгаруу, мамлекеттик башкаруу жаатында өзүнүн пикири, көз карашы бар инсан. Аны менен Жогорку Кеңеш, саясат майданы, экс-президенттер менен мамилеси жана башкалар тууралуу баарлаштык. 

– Абдыганы мырза, акыркы жылдары саясатта активдүү болбой калдыңыз. “Күлүк күнүндө, тулпар тушунда” дейт, эс алууга мезгил келдиби?

– Саясатта активдүү болбой калганымдын жүйөлүү себеби бар – былтыр жүрөгүмө оор операция жасаткам. Ден соолугумду калыбына келтирүү менен алек болуп жүрдүм. Негизинен өлкөдөгү саясий кырдаалга сырттан, байкоочу катары көз салып турам. Учурда 71демин, 65 жашымда Кыргыз улуттук илимдер академиясынын жетекчилигин тапшырып бергенден кийин өзүмдүн табиятыма жакын адабият, илимий иштер менен алектенип жүрөм.

– Илимдер академиясынан экс-президент Алмазбек Атамбаев менен кайым айтышканыңыздан кийин кеттиңиз окшойт. Негизи ал киши менен мамилеңиз кандай эле?

– Ооба, Илимдер академиясын башкарасың деп Атамбаев өзү кызматка койгон мени. Бир жыл өтпөй “академияны жоюп, коомдук уюм кылыш керек” деп чыкпадыбы. Ошондо ачык каршы чыктым. Болбой эле мыйзамдарды өзгөртүп академияны жоёбуз деп туруп алышты. Ал учурда Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы эле, “бул жагы болбой калды, эмне кылабыз эми” дегенде, мен “кетсе кетейин, бирок академия жоюлбай сакталып калсын” деп кызматымды тапшырып бергем. Атамбаев менен Москвада аспирантурада окуп жүргөндө таанышкам, ал студент эле, чыгармачылыкка да жакын экен. Көп кызыкчылыктарыбыз туура келип жакшы достордон болуп калганбыз. Арашандагы үйүндө көп жолу конок болгом. Мага Арашандан үй алып берем деп да жүргөн. Экөөбүздүн мамилебиз 2000-жылдары Атамбаев “тигини кызматка кой, муну кой” дегенде сууп баштаган. 1-2 жолу айтканын уктум, 3-жолкусунда “бул сага партия эмес, округдардан шайланып келип жатышат, баарына тегиз карашым керек” деп айтканга туура келди. Бирок кайра 2011-жылы Атамбаев президенттикке талапкерлигин койгондо бир команда болгонбуз.

– Эки жолу Жогорку Кеңештин төрагасы болгон, Кыргыз парламентинин түптөлүшүнө салым кошкон адамдардын бирисиз. Кандай ойлойсуз, Кыргызстанда парламентаризм институту толугу менен калыптанды десек болобу?

– Туура, Кыргыз парламенти менин катышуумда, көз алдымда түптөлдү. Ал гана эмес эки жолу парламентке төрага, кийин депутат болдум. Менин парламентаризмдин дүйнөдө жана Кыргызстанда түптөлүү тарыхы деген илимий эмгегим бар. Ал жакта Кыргыз парламентаризми кантип уюшулган, кандай жолдорду басып өткөн, баарын жазгам. Алгачкы Кыргыз парламенти 1993-жылы февраль айында түзүлгөн. Курамында кыргыздын мен-мен деген интеллектуалдары бар эле. Аскар Акаевге “келиңиз, президенттикке сиздин талапкерлигиңизди коёлу, орун бошоп калды” деп биринчи чалып чакыргандардын бири мен болгом. Карабайсыңбы, кийин Акаев өзүн президент кылган парламентти “Кумтөрдүн” айынан жасалма кризиске кептеп, мөөнөтүнөн эрте таратып жок кылды. Айланасындагылар “сиз бул парламент менен Англия ханышасындай эле укукка ээ болуп калат экенсиз” деп шыбырашты окшойт да. Өзүнүн укуктарын кеңейтиш үчүн жан далбастап “парламентти эки палаталуу кылабыз” деп чыкты. Эки палаталуу кылам деген сунушуна ачык эле каршы пикиримди айттым, ошондон соң мамилебиз салкындап калды. Кийин кайра эле бир эле палаталуу жакшы экен деген жыйынтыкка келишти го. Жаманбы, жакшыбы Кыргыз парламентаризми там-туң басып бутуна туруп алды, 33 жылда ар кандай тажрыйбаны көрдү. Мен негизи эле өзүм иштеп кеткен жердеги мурдагы жана кийинки кесиптештеримди сындаганды жаман көрөм. Бирок азыркы парламенттин сапаттык курамы жакшы эмес. Интеллектуалдар бар 10 чакты, калганы бизнес чөйрөсүнөн келгендер, байлыгына көз каранды болуп, эч качан ашыкча сүйлөй алышпайт.

– Өлкөнүн 33 жылдык эгемен тарыхындагы негизги кемчиликтери деп кайсыларды эсептейсиз?

– Жаман жактарыбыз катары 3 кемчилигибизди айта алам. Биринчиден, эволюциялык жол менен эмес, шарт эле аттап-буттап кеттик да, анын айынан экономикада чоң кыйынчылыктар жаралды. Демократиялык багытты тандаганыбыз туура болгон, бирок аны ченеми, ырааттуулук менен акырындан алып кетиш керек болчу. Экинчиси, референдум, шайлоо дей берип кадрлар тез-тез алмашып, саясий туруктуулук сакталган жок. Убагында мен “саясатты азайтпайлыбы, андан көрө иш кылбайлыбы, экономиканы көтөрүп, элдин турмушун оңдобойлубу” деп канча айтып жүрдүм. Үчүнчүсү, жемкорлук гүлдөдү. Азыр күрөш жүрүп жатат, бирок баарын жайлап койдук дегенге азыр эрте. Коррупцияны толук жоюу мүмкүн эмес, азайта гана алабыз. Азыркы бийлик аракет кылып жатат, акырына чыгарат деген ишеним бар.

– Көп жыл саясат майданында, мамлекеттик кызматтарда жүрүп адабияттагы ишмердүүлүгүңүз аксадыбы?

– Жок, мен үчүн дайыма адабият, илим, чыгармачылык биринчи орунда болуп келген. Канча мамлекеттик кызматтарда иштесем да, чыгармачылык мени менен чогуу жүрдү. Адабиятты эч качан таштаган эмесмин. Жакында эле “Дүйнөлүк тарых жана кыргыздар” деген эмгегимди жазып баштадым, илимий иштеримди да жазып жатам. Мага чыныгы эргүүнү, өзүмө-өзүм канааттанган сезимдерди дал ушул тармак берет.

– Акбар Рыскулов сиз тууралуу “аким болбой, акын болот дечү элем” деген эле...

– Анын бул сөзүнө учурунда жооп бергем (күлүп). Мамлекеттик кызматтарда иштеп жүргөнүмө өкүнбөйм. Ата-энемден эрте ажырагам, менде алардын сүрөтү же бир буюму калган эмес, мына ушуга өкүнөм. Турмушта көп кыйынчылык көрүп жылаңайлак кар кечкен күндөр да болду. Интернатта окуп жүргөндө эки жолу ревматизмдин айынан баса албай калып, ооруканада дарыланып чыккам. Ошондон улам аскердик даярдык сабагынан өтпөй, армияга да барбай калгам.

– Жубайыңыз менен 47 жылдан бери чогуу түтүн булатып келесиздер. Бекем, ынтымактуу үй-бүлө куруунун сыры эмнеде экен?

– Турмуш өзү оңой эмес, ысык-суугу, оош-кыйышы менен болот. Бекем үй-бүлө куруу үчүн аял киши сабырдуу болушу керек, ал эми эркек жоопкерчиликтүү болушу шарт. Токтоо, сабырдуу адаммын, турмушта такыр эле сызыктан чыгып кеткен учурларым болгон жок. Жубайыма дайыма ыраазычылык айтам. 2 уул, 1 кыз төрөп берди. Балдарымдын баары үй-бүлөлүү. 8 неберенин чоң ата, чон энесибиз. Балдарымдын бирин да чет өлкөдөн окуткан жокмун. Баары Кыргызстандан окуп, учурда мекенинде жашашат.

 

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1105, 9-15-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан