Салтанат Келдибекова, ырчы Кыздаркан Келдибекованын эжеси: “операцияга жаркылдап күлүп кирип кеткен боюнча турбай калды”

Белгилүү ырчы,  маданияттын мыкты кызматкери Кыздаркан  Келдибекова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.  Артында 4 жашар кызы, жакындары калды. Ырчынын  чыгармачылыкка кантип аттанганын, жүрөк ооруга кантип чалдыгып калганын жакындары көз жаш төгүп айтып беришти.  Ырчы 38 гана жашта болчу.

Самара Сабирова, кесиптеши: “Реанимацияда жатканда  аябай бир нерсе айткысы келди, бирок...”

– Кыздаркан менен чыгармачылык жолдо таанышып калгам. 2011-жылдары чыгармачылыкка жаңы аралашып жатканымда бизди бир байке тааныштырган. “Экөөң тең Өзгөндөн болосуңар, эже-сиңди болуп жургүлө” деген эле.  Кийин экөөбүз чын эле эже-сиңдидей жакын болуп кеттик. Үйдө балам экөөбүз эле турчу элек, Кыздарканды жаныма алып алдым. Бир туугандардай чогуу жашап, иштеп калдык. Анын көп сырларын, кандай инсан экенин жакшы билип калдым.  Жакшы адамдар аз жашайт деген чын турбайбы, өзгөчө жан болчу. Жаш баладай  эле мүнөзү, жаркылдап күлүп гана жүрчү. Таарынганды, кылтыйып калганды такыр билчү эмес. Ачык-айрым, шартылдаган кыз болчу. Мен тескерисинче, таартынчаакмын да, той-топурда акча алыш керек болсо “сен сурап келчи” деп коёр элем. Ал барып тарсылдап, баарын жайгарып келчү. Шаңданып турчу дайыма, бирөөгө ыза болсо катуу ыйлап алчу да, кайра эле жарк этип чыга келчү.

Кийин чоң сүйүүгө жолукту. Жолдошу экөөнү  мен тааныштыргам. Кыздаркандын машинеси бар эле, экөөбүз тойго бара жатканбыз. Жолдон МАИ кызматкери тосуп калды,  Кыздаркан рулда болчу, мен сүйлөп  жагдайыбызды түшүндүрсөм, жигит  түшүнүктүү экен, бизди коё берди. Кыздаркан “жакшынакай жигит экен ээ?” деп калды. Мен дароо “телефон номерин алып берейинби?” дедим. Машинеден башымды чыгарып бир нерселерди айтып жатам, экөө менсиз эле көз менен сүйлөшүп жатышыптыр (күлүп). Ошентип жигиттин телефон номерин алып бердим,  экөө кыз-жигит болуп сүйлөшүп калышты. Үч жылдан кийин үйлөнүштү.

 Кош бойлуу болгондо кыйналып көтөрдү эмнегедир. Колу-буту аябай шишип кетти. Толгоосу да оор болду, кыйналды. Мен жанында болдум да, врачтарга “кесарево кылып салсаңарчы” деп айтсам болбой коюшту.  Оор төрөттөн кийин эле жүрөгү оорукчан экени билинди. “Жүрөктүн эки клапанын алмаштырыш керек” деген  жыйынтык чыгарышты врачтар. Ушуга чейин операция жолу менен төрөгөндө, балким, тирүү калмак деп ойлой берем (ыйлап).

Кызы төрт жашка чыкты. Былтыр операция жасашып,  эки клапанын алмаштырышты. Жалаң дары менен жүрүп калды. Ооруп жатып да чыгармачылыгын таштаган жок. Бул ооруда кан коюуланбашы керек, суюлбашы керек, адам тынчсызданбашы керек деген нерселер бар экен. Тромб деп коёт экен, кан уюп калып жатты. “Мен күчтүүмүн, жакшы элемин” деп койчу.  Реанимацияда  жатып калганын укканда эле жетип бардым. Асманды карап жатыптыр. “Мени тааныдыңбы?” десем көзүн ирмеди. Бешенесинен өөп, “сен  турасың, күчтүүсүң. Мен сени жакшы көрөм” деп айттым. Мага аябай бир нерсе айткысы келди, бирок алы келбей койду (ыйлап). Колун кармасам катуу кысты колумду,  акыркы жолу көргөнүм ушул болду. Эртеси эле жаман кабарды угуп калдык. Жаркылдагыбыз ошентип 38 жашында кетип калды. Кызы али наристе да, өлүмдү түшүнбөй, “апам келип, сейилдөөгө алып чыгат” деп күтүп отурат. 

 Салтанат Келдибекова, эжеси:“Ырдабай жашай албайм дечү”

– Сиңдибиз Кыздаркан өз аракети менен элге таанылды. Кичинесинен эле музыкага шыктуу болчу.  3-класстан эле комуз чертип, ырдап баштаган эле. Ошол үчүн музыкалык мектепте окуду, комуз менен жаны бир эле. Комузду инсульт алгандан кийин эле черте албай калды. 7 бир туугандын ортончусу болчу,  аябай күйүмдүү жан эле. Жаш болсо да баарыбызды ойлоп, кам көрүп турар эле. Кичинесинде эч ооруган эмес, төрөгөндө жүрөк оорусу бар экени билинди. Кийин жүрөккө операция жасалгандан кийин жакшы болуп калган. Биз “эми чыгармачылыкка мурункудай нерв кетирбе, кызың үчүн жаша” деп айтсак, “мен ырдабай жашай албайм” деп, кийин да көп ырларды жаздырып иштеп жатты. "Ырсыз жан дүйнөм караңгы" дей берчү. 38 гана жашка чыгат деп ойлогон жок элек (ыйлап). Өзү да турмушка кеч чыккан да, төрт жашар кызы бар. Акыркы жолу баш жагында тромб пайда болгонун билдик. Операцияга кирип бара жатып да жаркылдап жатты. Оюна “өлүп калам” деген нерсе келбеди да. Тамашалап, күлүп эле кирип кетти операцияга. Ошол боюнча эсине келбей калды. Комада жатып үзүлүп  кете берди. 1-мартта дайыма чай-концертин берчү. Быйыл мындай болуп калды. Бир туугандардын ичинен такыр башкача эле (ыйлап). Таланттуу, эч кимдин көңүлүн оорутпаган, сөзмөр жаркылдаган сиңдим кете берди.

"Супер-Инфо" гезитинин эмгек жамааты ырчы Кыздаркан Келдибекованын мезгилсиз каза болгонуна байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1105, 9-15-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан