Клара Алибекова, ырчы: «Өткөндүн баарын унутуп, жаңы жашоо баштагым келет»

Назик үндүү ырчы Клара Алибекова чыгармачылыктын жолунда бир калыпта келе жатат. Жакында жаңы ыр жаздырганын, ага клип тарттырууну пландап жатканын айткан Клара айым менен ырчылык, уулу, ысык-суук күндөр тууралуу пикир алыштык. 

– Клара айым, 2 жылдан бери баарлаша элекпиз, кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Чыгармачылыктын эле үстүндөмүн. Жакында жаңы ыр жаздырдым, сөзү, обону Чыңгыз Турдубековго таандык, “Бактылуу болгум келет” деген ыр. Бактылуу күндөрүмдү сагынып, Чыңгыздан ушундай темада ыр жазып берчи деп сурандым. Ушул ырга клип тарттырайын деп жатам, буюрса. Күйөрмандарым да "качан жаңы ыр, жаңы клип чыгарасыз?" деп сурап келишкен, “мына, жакында” деп жүрүп көп убакыт өтүп кетти. 

– Жакшы. “Бактылуу күндөрдү сагынып” дедиңиз, азыр өзүңүздү бактылуу сезбейсизби?

– (Күлүп) Эми кандай десем, кичине стресс болуп кетем. Карасам, пландарым ишке ашып эле жаткандай. Анан эле жагымсыз окуялар болуп кетет. Ошондой учурларда стресске, депрессияга түшүп кетем. Жагымсыз окуя дегеним – жакын адамдарымдан айрылдым. Ата-энени жоготкон өтө оор экен. Ошондон улам чыгармачылыктагы пландарым убакыт-саатында аткарылбай калды.

– Депрессия, стресске кабылбаш үчүн же андан чыгуу үчүн психологдор менен иштешип көрдүңүзбү?

– Жок, атайын психологдорго деле барган эмесмин. Бир туугандарым “сен психологго барышың керек, чыгармачыл адамсың, аракет кыл, биз колдойбуз” деп айтып калышат. Жашоомдо аябагандай оор күндөр өттү, өзүмдү өзүм алаксытам. Болуп өткөн негативдүү окуяларды унутуп, жаңы жашоо баштагым келет.

– Байыш Момунов экөөңүздөр чогуу ырдаган видео социалдык желеге тарап, күйөрмандарда суроо жаратты...

– Ал той убагында болчу. Экөөбүз ырдайбыз деген деле план жок эле, ага чейин мен өзүм ырдагам. Байыш тамада болчу, ал “кел, мурунку кезди эстеп чогуу ырдап коёлу” деди. Макул деп койдум. Мурунку ырдаган дуэтибизди балам экөө диджейге берип даярдап коюшуптур. Ошентип күтүүсүз жерден эле ырдап калдык. Ал видео социалдык желеге тарап кетти, андан улам “кайра жараштыңарбы?” деген да суроолор болду (күлүп).

– Дагы чогуу ырдайлы деп сунуш кылса ырдайсызбы?

– Эми чыгармачыл адамбыз да, балким, ырдасак ырдап коё беребиз.

– Балаңыздын ырдаганын башында кандай кабыл алдыңыз?

– Баламды ырчы болот деп ойлогон эмесмин. Ырга шыгы, кызыгуусу жок деп ойлочумун. 5-6-класстарында жаныма отуруп телефондон өзүнө жаккан ырларды караокеде ырдап калчу. Азыр деле өзүнө “чыгармачылыкты тандасаң биротоло ушул жол менен кет” деп айта элекмин. Балам атасына “ырдагым келип жатат, мага ыр жазып бербейсизби” дептир. Ал “анда чогуу ырдайлы” деп, бир тууган эжемдин уулунун үлпөт тоюнда ырдашты. Мага айткан эмес. Ошол тойдо атасы экөө “биздин сюрпризибиз бар” деп эле чогуу ырдап чыгып калышты. Баарыбыз нес болуп калдык. Азыр эми кызыгуусу болсо ырдай берсин, каршы эмесмин. Буюрса, балама да жаңы ырларды жаздырабыз. Өзү IT тармагын окуп бүттү, ушул тармакта иштеп жүрөт азыр.

– 2 жыл мурунку маегиңизде үй алам деп бир кооперативге алданып калганыңызды айттыңыз эле, ал маселе эмне болуп чечилди?

– Ушул күнгө чейин эле ижара төлөп батирде жашап келебиз. Өкүнүчтүүсү ушул. Чындыгында, кооператив деген элди алдайт тура, канча киши “пешене терибиз менен тапкан акчабызды алдатып отуруп калдык” деп сыздады. Ишендирип акча алышып, анан кайра “ишибиз токтоп калды, болбой калды” деп төккөн акчабыздын жарымын алып калышты. Бул алдамчылык эле да. Азыр үй куруучу компаниялардын бирине бөлүп төлөө жолу менен үй алуу үчүн баштапкы пайызын төктүк, ал үй курулуп жатат, азыр ай сайын ага акча төлөп жатабыз.

– Ишенимдүү компания бекен?

– Кооперативге караганда ишеничтүү деп ойлодук. Азыр салынып жатыптыр, бир жылдан кийин бүтөт деп жатышат. Учурда эң чоң тилегим ушул – үйлүү болуш.

– Тилегиңиз ишке ашсын! “Кыргызымдын жигиттерин” ырдап популярдуу болуп турган кезди эстейли. Ошондогу туура эмес кадам деп эмнени айтасыз?

– Ал кезде 5-класстын окуучусу элем. Ата-энемдин коюнунан эрте чыктым, ал убакта ата-энем деле ырдаганыма каршы чыгышпаптыр. Секелек кыз болчумун, каякка барып ырдатышса деле барып ырдап, ырдаганыма сүйүнүп жүрө бериптирмин. Убагында өзүмө эч нерсе кыла албаганым үчүн өкүнөм. Ысык-суукта гастролдоп жүрүп көп энергиям, ден соолугум кетиптир. Азыр билинип жатат.

– “Тыкылдаган, тыпылдаган кыз эле, кийин такыр жоош, бош болуп калды” деп көп айтышат.

– Апам да ушинтип көп айтчу. “Кичинекейиңде тыкылдаган кыз элең, азыр эмне болуп калгансың?” дей берчү.

– Балаңыз 20га чыгып калыптыр. Келин алганга даярданып жатасызбы?

– Туура айтасың, убакыт өтө берет экен. Албетте, балам мен үчүн дагы деле кичинекей. Эң негизгиси, бактылуу болуп, жашоодон өз ордун, өз жолун таап кетсин!

– Эмнеден коркосуз?

– Мен азыр эки жүздүү, ич күйдүлүгү бар, көрө албас адамдардан корком. Абдан ишенчээкмин, эч бир адамга жамандык кылгым келбейт. Ар бир адамды өзүмдөй көрүп мамиле кылам. Кээде чын дилиңден мамиле кылсаң, ал адам эртең душманың болуп чыгат. Ушундай адамдардан корком.

– Кыштын акыркы айы, жаз жакындады. Сүйүү жөнүндө сүйлөшөлү. Эң биринчи качан сүйдүңүз?

– (Күлүп) Азыркыга чейин “сени 5-классыңда ырдаганда көргөнбүз, ошондо биринчи сүйүү келген бизге” дегендер бар. Мен 9-класста бир баланы жактыргам. Ал бала биринчи кадамын өзү жасаган, мен мектептен чыккыча сыртта күтүп турчу, белектерди берчү.

– Социалдык желедеги баракчаңызга “жаштыгыңды өткөрбөй турмушка чыгып ал” деп көп жазышат экен. Колуңузду сураган мырзалар барбы?

– Ооба, жок эмес. Балам кичинекей кезде да көп болгон. Бирок ал убакта турмушка чыгам деген максат койбоптурмун. Баламды эптеп чоңойтуп алсам болду дечүмүн. Кыйналсам да, кысталсам да баламды чоңойттум. Азыр деле колумду сурагандар бар. Азыр эми кандай болот, балам менен тил табыша алабы, кандай болот?..

– Жүрөгүңүзгө сүйүү каалайм, бактылуу болуңуз!

Гулийпа Маметосмон кызы

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1105, 9-15-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан