ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 19-февралдан 25-февралга чейин

Кой
(21.03–20.04)

Оюңузду топтоп, максаттарыңызды четинен ишке ашырып башташыңыз керек. Өз позицияңызды коргойм деп кесиптештер менен кайым айтышып кетишиңиз мүмкүн. Күтүүсүз  жолугушуулар болот, мурун жоголгон байланыштарды жаңыртып, жаңы таанышууларга барасыз. Сүйүүдө эмоцияңызды башкара албай, өзүңүз ойлоп тапкан шектүү ойлордун тузагында каласыз. Мамиледе ишенимди биринчи орунга коюңуз.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Аптаны маалымат жана билим алуу үчүн колдонуңуз. Жылдыздар сизге көйгөйлөрүңүзгө баш-отуңуз менен кирип кетпөөнү сунушташат. Чечилбеген көйгөй болбойт деген принципти карманганыңыз туура. Өзүңүздүн мүмкүнчүлүктөрүңүзгө көбүрөөк ишенип, эмоционалдык тең салмактуулукту сактаңыз. Жумушта жетекчиңиз сизди жакшы жаңылык жана конструктивдүү сунуштар менен кубантат.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Керек учурда бетке айткандан тартынбаңыз, сиздин уялганыңызды айрымдар алсыздык деп түшүнүп алышы мүмкүн. Жеке иштерде позитивдүү өзгөрүүлөр болот. Көптөгөн көйгөйлөр өзүнөн-өзү чечилет. Таасирдүү адам менен таанышып, жакын мамиле курасыз. Бирок ал мамиледен олуттуу жыйынтык күтпөңүз. Бойдоктор өтө берилген адамынан көңүлү калышы мүмкүн. Эс алуу күндөрү жолугушуу же конокторду кабыл алууга эң ыңгайлуу мезгил.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Көптөгөн турмуштук маселелер тынч жана жеңил чечилет. Эсте кала турган экстремалдуу ишти жасап көрсөңүз болот. Сүйүүдө бирөөнүн жүрөгүн багындырасыз, бирок өзүңүздүн кулк-мүнөзүңүздүн үстүнөн иштебесеңиз ал адам менен чогуу бүлө куруу кыйын болот. Эски сүйүктүү, досторуңуздан кол үзүп, жаңы жашоо баштаганга убакыт келди. Жумушта кол алдыңызда иштегендерге сылык мамиле кылбасаңыз, жамаат ичинде көрө албас кесиптештерди топтоп аласыз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Жылдыздар аптада сизге үй-бүлөңүз менен көбүрөөк убакыт өткөрүүнү сунушташат. Өзүңүзгө болгон бааны көтөрүшүңүз керек. Жамаатыңыздагы эмгегиңиз бааланып, жетекчилериңизден сыйлык аласыз. Үй-бүлөдө түгөйүңүз кабагын бүркөп, майда-барат нерселерге ачууланганын туура түшүнгөнгө аракет кылыңыз. Ага көбүрөөк көңүл буруп, анын жаман маанайынын себебин таап көрүңүз. Бойдоктор тандоо жасаганга шашпаганы туура, өздөрүнүн адамын азыр табышпайт.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Оор бирок абдан маанилүү маселени чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Документ иштерине байланышкан маселелериңизде документтерди каттоо жана кабыл алуу оңой болот. Алыска сапар тартууну пландап жаткандарды ийгилик коштойт. Жумушта күтүлбөгөн өзгөрүүлөр орун алышы мүмкүн, бардык жагдайга даяр туруңуз. Жеке мамиледе жаңы таанышуулардын аягы үй-бүлө куруу менен бүтүшү ыктымал. Мурда таштап койгон бизнесиңизди кайра баштап көрсөңүз болот.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Жумушка байланыштуу кызыкчылыктар көбөйүп үйдө сейрек болуп каласыз. Чыгармачылык эргүүңүз ойгонуп, музыка, сүрөт жана башка искусство түрүнө кызыгууңуз артат. Саякатка чыгып, физикалык активдүүлүккө көбүрөөк басым жасаңыз. Ден соолугуңуз азыр эң башкы маселе болушу шарт. Жолугушуулардан кийин өзүңүзгө келип, учурдагы кырдаалдын үстүнөн ойлонууга убакыт болот. Тандоо жасап, сизге кереги жок мамиленин эшигин жабууга убакыт келди.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Үй-бүлөлүк маселелер алдынкы планга чыгат. Конкреттүү чечимдерди кабыл алууда көп ызы-чуу, тынчсыздануу жана кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Бирок сүйүктүү адамыңыздын сизге жакындашуусуна мүмкүндүк бериңиз, бул сиз үчүн туура кадам болот. Тааныштар, чөйрөңүздүн кеңейиши жаңы ачылыштарды алып келет, анын ичинде пайдалуу бизнес сунуштары болушу мүмкүн. Сиздин идеяларыңыз колдоого алынып, ал үчүн көп суммадагы гонорар аласыз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Алдыда жасалчу иштериңизди аныктай турган сыноого бай апта болот. Абалдан татыктуу чыгасыз, бирок эмоционалдык жаракат алгандан абайлашыңыз керек. Бул сиздин кийинки жашооңузга чоң таасирин тийгизет. Жумушта сизге жакшы кызмат ордун сунушташат, бирок сиз өз ордуңузда калууну туура көрөсүз. Позитивдүү, жакшы маанайыңыз көптөр үчүн оор учурларда жардам берет. Апта аягында жасаган аракетиңиз үчүн адамдардан ыраазычылык угасыз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Жоопкерчиликтүүлүгүңүздү көрсөтсөңүз көптөгөн көйгөйлөрүңүздү пайдалуу жагына чечесиз. Жаңы жетишкендиктерге кадам таштоодо тайманбаңыз. Балалуу текечерлер алардын тарбиясына дыкат көңүл бурушканы туура. Жубайлар ортосунда жаңылануу мезгили башталат, кайсы бир нерсени кайтарымсыз жоготуп, анын ордун жаңы нерсе менен толуктайсыздар. Сүйүктүү адамыңыздан эч нерсе үмүт кылбай, көңүл бурсаңыз дал ошондой мамилени өзүңүз да аласыз.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Ашыкча шашмалыгыңыздан улам олуттуу каржылык жоготууларга кептелишиңиз мүмкүн. Андыктан ар бир кадамыңызды пландап таштаңыз. Кесиптештериңиз менен чагымчылдык жаралат, жакшысы унчукпай кутулганыңыз туура. Сүйүүдөгү өнөктөшүңүз кызганычтын айынан уруш чыгарып, ызы-чуу кылбасын десеңиз жүрүм-турумуңузду оңдошуңуз керек. Карама-каршы жыныстагы адамдардын көңүл борборунда болосуз, бирок мындай көңүл буруудан көккө учуп кетпеңиз.

Балык
(20.02–20.03)

Адамдарга оор учурда жардам берүүгө ашыгасыз. Каржы тартыштыгы жаралат, үнөмдөп жашаганга өтөсүз. Аптада орун алган жаңы таанышуу сиздин көп нерсеге көз карашыңызды өзгөртөт. Жубайлар болбогон нерседен урушуп, мамилесин муздатып алышы мүмкүн. Андыктан эки тарап тең бири-бирине таарынуудан алыс болгону туура. Алдыда өткөрчү ири той же мааракеге жакындарыңыз менен кеңешип, даярдыктарды баштай берсеңиз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1106, 16-22-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан