Уулуу позитив же бардык нерсенин жакшы жагын көрө бил принцибинин терс жактары

Психологияда “уулуу позитив” (токсичный позитив) деген түшүнүк бар. Ал эмнени түшүндүрөт? Негизи көп эле жерден “позитивдүү ойлон”, “бардык нерсенин жакшы жагын көрө бил” деген чакырыктарды окуп же угуп жүрөбүз. Албетте, позитивдүү ой жүгүртүү көп учурда жардам берет. Бирок ошол эле позитивдүү ой жүгүртүү жашоо образыбызды кайсы бир учурда “ууландырышы” мүмкүн. Кайсы учур экенин төмөнкү макалада талдап көрөлү.

Уулу позитив деген эмне?

Уулуу позитивден мурун позитивдүү психологиянын келип чыгуусуна токтолсок. 1998-жылы Америкалык психология ассоциациясынын төрагасы Мартин Селигман психологдорду жана изилдөөчүлөрдү адамдын психикалык патологияларынан, анын алсыздыктарынан жана ооруларынан арылтуу үчүн алардын ой жүгүртүүсүн позитивге бурууга чакырган. Позитивдүү ой жүгүртүү адамды күчтүүрөөк, ийгиликтүүрөөк кылып, ишмердүүлүгүн жогорулатат, кыйынчылыктарды психикасына зыян келтирбей оңой жеңип кетет деп эсептеген. Мындан улам позитивдүү психология боюнча көптөгөн изилдөөлөр, илимий эмгектер жаралды. Чынында эле психологиянын бул багыты көптөгөн адамдарга жардам берди жана берип келет десек болот. Бирок медалдын экинчи тарабы бар эмеспи. Ошол эле психологдор позитивдүү ой жүгүртүү терс таасир берген учурларды, тагыраагы, “уулуу позитив” түшүнүгүн изилдеп чыгышты.

Адам өспөй калат

“Акчасы аз жумушта иштесем эмне экен, жумушу жоктор толтура жүрөт”, “Мектептен алган билимим эле жетет, билими жок ийгиликтүү болгондор деле толтура”, “Бойдоктор саякатка чыга берсин, а менин күйөөм бар, балам бар, алардыкы жок”... Мына ушул сыяктуу ой жүгүртүүлөрдүн баары “уулуу позитивге” кирет. Адам өзүнүн кемчилигин, жалкоолугун, өнүгүп-өсүүгө, ой жүгүртүүсүн, акыл кампасын кеңейтүүгө болгон умтулуусу жоктугун моюнга алгысы келбей, позитивдүү ой жүгүртүүгө жашынганга аракет кылат.

Терс жардам

Психологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, азыркы колдо бар нерсеге ыраазы болуп жашоо адамдын менталдык ден соолугу үчүн жакшы көрсөткүч. Ооба, жакшы жагын карап, колунда бар нерсеге ыраазы болуу жалпысынан пайдалуу. Бирок бул ыкманын да терс таасири бар. Өзгөчө өзүн “кеңешчимин” деп эсептегендер абайлашы керек. Мисалы, сизге бир жакыныңыз кайрылды, үй-бүлөсүндөгү маселесин айтып. Бул учурда “эмне болуптур, сенден жаман жашагандар деле бар, чыдасаң канча бир убакыттан кийин жеңиш сеники болот” деген позитивдүү кеңештин такыр кереги жок. Биринчиден, сиз ал адамдын ордунда эмессиз, андыктан анын сезимдерин түшүнө албайсыз. Экинчиден, сиз кеңешиңиз менен анын дартын жеңилдетпейсиз, тескерисинче, аны өзүн күнөөлүү сезүүгө түртөсүз. Үчүнчүдөн, бирөөнүн маселесин башкалардыкы менен салыштырган такыр туура эмес, окшош маселе болсо да. Салыштыруу менен сиз жакыныңыздын жашоосуна кызыкдар эмес экениңизди, аны көпчүлүктүн бири катары гана көрөрүңүздү түшүндүрөсүз. Бул учурда эмне кылуу керек? Жанында болуу+
угуу+түшүнүү. Кеңеш айтуудан мурун жакыныңыз жалгыз эмес экенин, кайсы учур болбосун жардам колун суна турган адам бар экенин билиши керек. Угарман болуңуз, ооба, кээде башканын маселесин угуудан тажайсың. Бирок ал адам сизге баалуу болсо, чындап жардамга муктаж болсо, кунт коюп угуңуз. Анын маселеси сиз үчүн маселе эмес болсо да түшүнгөнгө аракет кылыңыз. Балким, жакыныңызга ошол чоң жардам болот, жеңилдеп калат.

Чыныгы эмоциядан качпаш керек

Психотерапевт Уитни Гудман уулуу позитив адамдардын жашоосун бир топ татаалдаштырат деген пикирде. Позитивдүү психологиянын принциптери менен жашап, бардык нерседен жакшылык, позитив көрүү үчүн адам күчтүү, эмоционалдык жактан өнүккөн болуш керек. Эмоционалдык өнүгүү үчүн эмоциянын бардык түрүн кабыл алуу керек. Ачуу келген учурда ачууланыш керек, сүйүнгөн учурда сүйүнүп, кайгырган учурда кайгырып, корккон учурда коркуп... Ошондо гана жашоонун даамы, ачуу-таттуусу, ак-карасы сезилет. Чыныгы эмоциясын кабыл алган адам гана негативди, кыйынчылыктарды позитивге, ийгиликке бура алат. Ал эми чыныгы эмоциясын позитив менен жабам дегендер, уулуу позитивдин капканына түшөт.

Юмор менен чектеш

Психологиялык илимдердин кандидаты Галина Стороженко юмор менен уулуу позитив чектеш жүрөт дейт. Экөөнүн чек арасы ушунчалык ичке, кайсы учурда юмордун же уулуу позитивдин тарабына өтүп кеткениңди байкабай каласың. Юмор менен уулуу позитив көбүнчө ири компаниялардагы жамааттарда кездешет. Ар бир компанияда тамашакөй адамдар көп, кээ бирлер тамашаны какшык менен аралаштырып айтышат. Мындай адамдар нарцисс боло башташат, мен баарынан кыйынмын, элдин баары менин айтканымды угат, күлөт деген сыяктуу ойлорго чулганат (мындай ойлор да уулуу позитивге кирет). Анан юмордун карамагынан чыгып, уулуу позитивге өтүп кеткенин байкабайт. Ал тамашалап жаткан конкреттүү адам анын тамашасын кабыл алган жок, ичинен чүнчүп, сынып, уялып калды. Мындай тамашалар дагы бир нече жолу кайталанса, аны эмоционалдык “буллинг” катары кабыл ала баштайт. Андыктан тамашаны да акыл менен, интеллект менен электен өткөрүп айтыш керек.

Уулуу позитивге кабылганыбызды кантип билебиз?

– Энергия жок, дайыма чарчаңкы абал.

– Көп нерсеге кызыгуу жок, өзүмдүн деңгээлиме жараша билчү нерсени билем деген бекем ой.

– Нарцисс болуу, өзүңдү баарынан жогору коюу.

– Эмоцияларды жокко чыгаруу, кабыл албоо.

Уулуу позитивден кантип арылуу керек?

– Окуу, окуу жана окуу. Жашың 80-90дон ашса да окуу керек. Билим деңгээлин жогорулатуу, эмоционалдык потенциалды байытуу.

– Болду, жетет эмес, менин колумдан келет! Кыбыраган кыр ашат деген принципти кармануу.

–Жаңы нерсени өздөштүрүүгө умтулуу, кичинекей нерсе болсо да.

– Саякаттоо, жаңы жер, жаңы адамдар менен таанышуу. Дүйнө таанымды кеңейтүү.

– Энергия, мотивация булагын  табуу.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1106, 16-22-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан