Гүлсина Чотонова, актриса, ырчы, телеалпаруучу:  “Адам сыноону күчтүүлүгүнөн эмес, айла жогунан көтөрөт”

“Жашоомдо багыт берип, жол көрсөткөндөрдүн көпчүлүгү мырзалар болуптур” дейт бул аптадагы башкы каарманыбыз. Белгилүү актриса, ырчы, телеалпаруучу Гүлсина Чотонова жашоосундагы мырзалар тууралуу кызыктуу кеп курат.

“Атам балдарды кубалап жүрүп окутуптур”

– Адам баласынын жашоосунда эң улугу – ата менен эне тура. Атам чачы тармал, сулуучумак киши эле. Мени көпчүлүк атама окшоштурушат. Айылда сууну жээктей бүлдүркөн өсөт эле, атам экөөбүз бүлдүркөн терчүбүз. Музыкага шыгым, балким, ошондо ойгонгонсо керек. Андагы суунун шылдыраганы азыр да кулагымда. Дарыянын шарына кошулуп ырдасам, атам “ии” деп коштоп койчу. Кесиби боюнча тилчи, мени элдик нукура фольклорго сугарып өстүрүптүр.

Атам 50 жылдай мугалимдик кесипти аркалап, өмүрүн эл агартууга арнады. Улуу Ата Мекендик согуш убагында 12-13 жашынан баштап эле балдарга тамга үйрөтө баштаптыр. Жокчулук, бирөөнүн бут кийими, кийими жок сабакка барбай калат. Ал кезде атам айылдагы балдарды артынан кууп жүрүп окутчу экен. Бир жолу бир бала жүгөрүнү аралап качыптыр. Жүгөрү гүлдөп турган учур экен, гүлдөгөндө сары, майда бүртүкчөлөрү түшөт, ал денеге жабышса оңою менен кетпейт. Атам баягы баланы кармап чыкса үстү-башы, чачы сапсары болуп калыптыр. Ошол бала кийин мугалим болду, атам тууралуу “бизди ушинтип жүрүп окуткан” деп көп айтар эле. Атам менен сыймыктанам.

“Улуу агамдын көзүнө тике карай алчу эмесмин”

– Адамдын жашы улуулаган сайын жанындагы адамдар кемий берет тура. Алардын катары кемиген сайын жүрөгүңдүн бир учун үзүп кетет. Мен үйдө 5 эркектин арасында жалгыз кызмын, эркелигим да ошондон. Улуу агам Бекмолдо Чотонов, физика илимдеринин кандидаты эле. Кыргызстанда биринчи жолу кремний боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. Аны атамдын ордуна көрүп урматтап, көзүнө тике карай алчу эмесмин. Андан кийинки агам Бекназар. Бекжан аттуу иним 27 жашында авто кырсыктан каза болуп калды. Айрылуунун ызасы оор болорун ошондо сезгем. Коронавирус кандай гана асылдарды алып кетти, ошол убакта эки агамдан айрылып калдык. Азыр эки иним бар, ошол эки инимдин өмүрлөрүн тилейм. Бири шаарда, экинчиси айылда апамды карайт. Үйлөнүп-жайланышкан. Азыр менин жөлөнөрүм, таянарым ушулар.

“Бөкөнбай Боркеев менен Рыспай Абдыкадыровду достуктун символу деп эсептейм”

– Азыр ойлосом, дегеле жашоомдо эркек кишилердин колдоосу көп болуптур. Чыгармачылык жолумда колдоо көрсөтүп, сүйөп-таягандар да мырзалар экен. Искусство тармагында эң алгачкы мугалимим Алмаз Зарлыкбеков болду. Ал мени искусствого аралаштырды. Сабира Күмүшалиева апа менен тааныштырып, “ала жүрүңүз, сизге шакирт болсун” деп кошуп берди. Сабира апа менен көп концерттерге, театрларга бардым, сумкасын көтөрүп жанында жүрө берчүмүн.

Теле жаатында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери Бөкөнбай Боркеев агайыбыз үлгү болду. Эң алгач ошол кишинин колуна келдим. Өзгөчө инсан эле, искусствого ушунчалык жан дүйнөсүн берип иштечү. Достуктун символу катары Бөкөнбай Боркеев менен Рыспай Абдыкадыровду эсептейм. Агайдын бир күн да Рыспай жөнүндө айтпаган, аны эскербеген күнү болчу эмес. Туулган күнүндө, каза болгон күнүндө канчалаган телеберүүлөрдү жасадык.

“Бул кишиге жолукканым мен үчүн тирүүлүктүн олжосу болду”

– Кино жаатында Геннадий Базаров устатым. Бул кишиге жолукканым мен үчүн тирүүлүктүн олжосу болду. Ал киши мени бардык тараптан тарбиялады. Акыркы жолу ооруканада жолуктум. Өңүн көрүп жаман болуп кеттим окшойт, көзүмдөн жаш агып кетти. “Что это такое?! Индия кинолорундагы каармандарга окшоп?” деди. Экөөбүз оорукананын коридорунда ары-бери басып көпкө сүйлөштүк. Кинодогу окуяларын айтып берет. Геннадий Садырович өзүнүн жан дүйнөсү менен эле жашай берчү. Башкалардын сөзү да, көзү да ал кишини өз огунан чыгарчу эмес. Ошондо “азыр түш көрсөм да кино тартып жатканымды көрөм. Ойгонуп, кайра уктаганда түшүмдү токтогон жерден улантып көрөм. Кадимкидей кино тартам, монтаждайм, ушинтип жашап жатам” деди эле. Дүйнө таанымы, жүрүм-туруму ааламдык киши эле. Бир майдаланганын көргөн жокмун. Бийик боюнча кетти.

“Элдин эсинде жакшынакай Бактыбек боюнча эле калайынчы дечү”

– Бактыбек Мамытов агайым көл, кыргыздын нукуралуулугун алып жүргөн, бир пакиза киши эле. Жаркылдап эле турчу, эч кабагы бүркөлчү эмес. Акыркы кезде ооруп жүрдү да. Ошондо да “байке, эфир” десең жарк дей калчу. Ооруп турса да экранда эч билдирген жок. Көрүүчүлөрүн ушунчалык сыйлады. Акыркы жылдары “мен эфирге чыкпай, элдин эсинде жакшынакай Бактыбек боюнча эле калайынчы” дей баштады. “Байке, сизди эл сагынат” деп болбой чыгарат элек. Аныкындай үн жок. Шакирти катары Чыңгыз Мырзаевди тарбиялады, Чыңгыз да астынан кыя өтпөй сыйлады. Жубайы Жамийла эжеге да рахмат, Бактыбек байке ооруганда ден соолугун карап, өмүрүн узарткан эжекем болду.

Өмүрүмдөгү дагы бир башка өңүттү, башка багыт, башка жолду ачып берген Расул Маматкулов агам. Бир күнү анын жубайы Катя жеңем чалып, “Гүлсина, Айгеримдин клибине сен түшүшүң керек экен” дейт. Телеканалда иштейм, өзүм клиптерге түшсөм, эртең кайра өзүм эфирге беришим керек болот. “Жок, жеңе, мага болбойт” десем, жанында Расул аке бар экен, дароо “Ай, жанагы “Акшооладагы” көзү ачыктын ролунан кийин элдин баары сени жаман көрүп калды. Тур дагы, барып тартыл” деди. Ошентип ал клипке тартылдым. Андан кийин “Кызгалдак” деген ырын берди. Аны экөөбүз дуэт ырдадык. Расул акемди да устатым деп билем.

“Жолдошум жөнүндө айтсам токтоно албай ыйлайм”

– Жашоодо ак менен кара эриш-аркак жүрөт. Мына, жолдошумдун көзү өткөнүнө жыл айланып калды. Экөөбүз 1 кыз, 2 уулдун ата-энеси болдук. Бир жаман айткан жок. Жан дүйнөсү бай, сөз баккан киши эле. Мени дайым коргоп, сырткы тон болуптур (ыйлап). Азыр адамдардын суук көзү, сөзү түз эле келип тийип жатат. Ошонун баарынан сактап турчу экен. Адамдар сыноону күчтүүлүгүнөн көтөрүп кетти дешет го, айлаң жогунан көтөрөт экенсиң.

Жолдошум акын эле. Улуттук университеттин филология факультетин аяктап, Түркиянын Стамбул шаарынан кандидаттык диссертациясын жактаган. Абдан тамашакөй мырза эле, басса-турса эле анекдот айта берчү. “Ушунча маалымат кантип башыңызга батат?” деп калчумун. Жолдошум жөнүндө айтсам эле токтоно албай ыйлайм. Депрессия деген балекет бар тура, ага да кирип чыктык. Чыйралып, өзүмдү кармабасам балдардын дагы көңүлү түшөт экен. Балдарыбыз жаш. Аял киши өз киндигин өзү кескенде жолдошунун орду абдан билинет экен, кабыргаң кайыша түшөт. Эрте кеткенине ичим ачышат. Социалдык желеде “мунун жолдошу өлбөдү беле, отурбайбы үйүндө” деп да жазышты. Аларды да түшүнөм, күйүттүн каадасы бар. Бирок каада кармап отура берсем балдарымды ким багат? Уулдарымдын улуусу 20да, кичүүсү 11де. Кичүү балам абдан жароокер. Эки уулум – эки канатым. Ушулар менен көкөлөйм, жашоомдун жарыгы ушулар.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1106, 16-22-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан