Тынчтыкбек Өмүрзаков: “Дарыгерлердин шалаакылыгынан 9 балам жетим калды”

10-февраль күнү Жайыл райондук ооруканасына 36 жаштагы келин жеткирилип, ал 11-февралда көз жарып, көп өтпөй каза болуп калды. 9 балалуу эненин көз жумганына жакындары дарыгерлерлерди күнөөлөп, аларды кайдыгерликке айыптап, ак халатчандарга мыйзам чегинде катаал жаза көрүүнү талап кылышууда. Төмөндө окуянын чоо-жайын айтып беребиз.

“Токтогулдан көчүп келгенибизге 2 ай боло элек болчу”

– Келинчегим Гүлмира экөөбүз 2004-жылы баш кошконбуз, быйыл октябрь айында чогуу жашаганыбызга 20 жыл болмок. Токтогулдун Өзгөрүш айылында жашайт элек. Турмуштун ысык-суугун бирге көрүп, бул арада 8 балалуу болдук, 9-балабыз келинчегимдин боюнда эле. Карасак балдар чоңоюп жатышат, чоң үй-бүлөбүз, шаарга жакыныраак жашасак балдардын келечегине, тиричилик кылганга да оңой болот деп 2023-жылдын декабрь айында айылдагы үйүбүздү сатып, Кара-Балтадан үй алганбыз. Балдарыбыздын улуусу 18де, кичүүсү 5те эле. Жаңы төрөлгөн балам 4 күндүк болуп калды, ал дагы деле төрөтканада. Аялым экөөбүздүн ушул балдарды чоңойтуп, очор-бачар кылып, билим берсек деген изги тилектерибиз бар эле. 36 жашында төрөттөн каза болот деген эмне деген шумдук? Кара-Балтага көчүп келгенде эле УЗИге түшүп, анализдерин тапшырып төрөгөнгө даярданып жүргөн. Ден соолугу жакшы болчу, ошол үчүн 8 баланы табигый жол менен төрөгөн. Бала – Кудайдын бергени. “Алыңарга жараша балалуу болбойт белеңер” деп сын айтып жаткандарга айтар элем, силердин да этегиңер толо бала болсун, бала – бул ырыскы, андан кантип баш тартасың?

 “Кесарево кылгыла десек болбой, өзү төрөйт деп туруп алышты”

– 10-февраль күнү эртең менен жумушка кеткен элем. Келинчегим телефон чалып “толгоом башталды” деди. “Сен төрөтканага бара берчи, артыңдан жетип барып калам” дедим. Саат 12лерде ооруканага келсем келинчегим толгоо тартып төрөй албай жатыптыр. Санитардык кызматкерден улам-улам аялымдын абалын сурасам “буюрса, жакшы” деп эле жатты. Бирок аялым Вотсаптан сиңдисине “кыйналып кеттим, кесарево деп сүйлөшкүлөчү” деп жазган экен. Биз дарыгерлерге “кесарево кылгыла, Анара кыйналбасын” дедик. Алар биздин сөзүбүздү тоготушкан деле жок. “Кесарево жасоонун өзүнүн эрежелери бар, силер кесарево кылгыла десеңер эле жасай бербейбиз, 8ди өзү төрөптүр, тогузунчусун деле өзү төрөй алат” деп кагып коюшту. Келинчегим кыйналып жатты, 10-февраль күнү төрөгөн жок. 11-февралда түнкү саат 02:00дө санитардык кызматкер келип “ушул дарыларды алып келгиле, аялыңыз кесаревого кирип жатат” деп дарылардын тизмеси жазылган кагазды колума карматты. Дарыканадан 4800 сомго дары алып келдим. Кийин башка да дарыларды алдыртып жатышты, түнү бою дары ташып чыктым. Аялым кыйналбасын, баламды аман-эсен жарыкка алып келсин деп чыйпылыктап жүрдүм да.

 “Дарыгерлер бизди алдап жатып, аягында өлгөнүн угузушту”

– 11-февралда эртең менен Бишкектен 6 дарыгер чакыртылыптыр аялымды текшергенге. Түшкө маал санитардык кызматкер “баары жакшы бүттү, буюрса, бала кесарево жолу менен төрөлдү” деп сүйүнчүлөдү. Кирип баламды өөп чыктым, абалы жакшы экен. Аялым жаткан палатага кирсем эле бир дарыгер башын кармап, эки колун эки дарыгер кармап турат. Ошондо жүрөгүм жаман нерсени сезди. Артка бурулуп эле эшиктен туугандарымды чакырдык. Келсек аялым кычкылтек аппаратында жатыптыр. Мен өлгөн адам менен тирүү жаткан адамдын айырмасын билем да, кычкылтек аппаратын бир тептим. Дарыгерлер милиция кызматкерлерин чакырышып бизди ооруканадан кууп чыгышты. Ошондо да өлгөнүн айтышкан жок, “келиниңер уктап жатат, саат 17:00дө тургузабыз, силер барып ысык шорпо, тамак-аш алып келгиле” деп туугандарымды кетирип жиберип, анан мени чакырып өлгөнүн угузуп жатышпайбы. Келинчегим толгоо тартып кыйналганда булар “улам-улам уколдун дозасын көбөйтүп сайып жатабыз, толгоосу жакындай элек” деп жатышкан. Күчтүү уколдорду сая беришип келинчегимдин организми көтөрө албай калды деп ойлоп жатабыз. Анан балам төрөлгөнүн сүйүнчүлөшкөндө “башы коондой сүйрү бала төрөлдү” дешти. Булар кесарево кылбай эле, өзүн кыйнап төрөтүп өлтүрүп алышкан бир болсо... Мен эми дарыгер эмесмин да, бизге медициналык картасын да бербей жатышат. Өздөрүнүн катасын жашырыш үчүн канча жолу ал картаны оңдоп-түзөп жазып чыгышат билбейм. 9 балам жетим калды. Мен өлсөм аялым эптеп балдарды багып кетмек, мен 9 баламды кантип багам, 4 күндүк баланы кантип карайм? Бул акушерлердин акчадан көзү катып калыптыр, акча берсең карашат, бербесең өтө орой мамиле кылышат экен. Мендей карапайымдардын балдары эмне болот? Урматтуу Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, бул ишти өзүңүздөр көзөмөлгө алып бериңиздер. Ооруканада аялымды төрөткөн медицина кызматкерлери жумуштан кетиптир деп уктум, бирок алар жумушунан эле кетип кутулбастан, кылмыш жоопкерчилигине тартылышын талап кылам.

 Жайыл РИИБи: “Сот-укуктук экспертиза дайындалып, тергөө башталды”

– 2024-жылдын 11-февралында саат 18:10 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Жайыл райондук төрөт үйүнөн 1988-жылы туулган М.Г. аттуу айым төрөттөн кийин каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Аталган маалымат Жайыл РИИБине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлө баштаган. Териштирүү учурунда, 2024-жылдын 10-февралында Жайыл райондук төрөт үйүнө 1988-жылы туулган М.Г. аттуу айым келип, саат 03:54 чамасында төрөп, төрөттөн кийин абалы начарлаганына байланыштуу операция жасалган. М.Г. аттуу айым операциядан кийин каза болгондугу аныкталган. Учурда соттук-укуктук экспертиза дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Саламаттыкты сактоо министрлиги: “Аялдын өлүмүнө байланыштуу оорукананын директору кызматынан бошотулду”

– Жайыл аймактык ооруканасында төрөт учурунда каза болгон аялдын өлүмү боюнча министр Алымкадыр Бейшеналиевдин 12-февралдагы тапшырмасы менен Саламаттыкты сактоо министрлигинде кызматтык иликтөө жүргүзүү жана өлүмдүн себептерин аныктоо боюнча комиссия түзүлгөн. Министрликтин 14-февралдагы №42 буйругу менен Жайыл аймактык ооруканасынын директору ээлеген кызматынан бошотулду. Мындан тышкары директордун дарылоо иштери боюнча орун басары жана башкы медайым ээлеген кызматтарынан бошотулду. Ал эми аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы окуянын чоо-жайы аныкталганга чейин кызматынан убактылуу четтетилди.

9 балалуу Тынчтыкбек мырзага жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизит:

Мбанк: 0706 40 59 40

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1106, 16-22-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан