Шоола (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал )

(Башы өткөн сандарда)

Шоола Жанатты укканы менен, эмнегедир анын айткандарына жүрөгү ишенгиси келген жок. Жүрөк байкуш дайыма акыйкатты көрөт эмеспи. Бирок акылга салганда Канаттын муздак мамилеси, “кетишиң керек” деп кайталай бергени, Жанаттын айтып жаткандарына ынанууга аргасыз кылды. Жүрөк утулду, акылга жеңилип берди. Шоола ыза боло баштады. Бактысыздыгына Канат күнөөлүү деп чечти. Кантип андан өч алыш керек деп ойлоно баштады. Жанат болсо Канат кыздарды кантип мээлейдей алмаштыра турганын саймедиреп, атак-даңк анын башын айлантканын, бардык спортчулар кыз жандуу болорун күйүп-бышып айтып жатты.

– А менчи?- деди Шоола өзүнө-өзү.

– Канат сени “кет” деп жатканы, ал өзүнө ишенбейт. Сүйүүңө кыянаттык кылып алам деп коркуп жатат. Анткени ал ошол жашоого көнүп алган. Сени менен бирге болуп, кайра башка кыздарга кетип калса  мына ошондо сага оор болот. Мен билем да сени...

– Сен мени кайдан билесиң?- деди Шоола кыжырлана. – Окуп жүргөндө экөөбүз саламдашкандан башка сырдашкан күнүбүз деле болгон жок го.

– Сендей кыздарды билем... Билесиң го, мен дагы өмүр бою оору менен алышып, акыры жеңдим. Биздей адамдар башкача болушат.

Жанат Шооланы сүйүп тиктеп турду. Кыз аны канчалык жакшы көрөрүн билген болсо, ээ? Күн аны менен чыгып, аны менен батып жүргөнүн, канчалык күчтүү сезим анын жүрөгүндө жашаарын бир билсе... Кайдан, дайымкыдай эле бул азыр Канатты ойлоп отурат.

– Мен кетейин...- деди бир маалда Жанат. Шоола үнсүз гана башын ийкеди. Ордунан туруп кетип бара жаткан Жанат сөздөрү дал бутага тийгенин сезип турду.

 

ххх

Жанат кайра–кайра сунуш кылып жатып акыры Шооланы өзү менен чогуу иштегенге макул кылды. “Күн кечке жалгыз отура бербейин, калганын көрө жатарбыз” деген Шоола макул болду. Министрликте аккуудай созулган бул кызды аркасынан карабаган жан жок эле. Жанат бечаранын кызганганы ай. Шилекейи чууруп караган ар бир эркекти моюндан ала муунтуп койгонго даяр эле. Ошентип чогуу иштеп калышты. Жанат өмүрүндө биринчи жолу бактылуу эле.  Эртең менен Шоолага жолуга турганын ойлоп уктап, аны ойлоп ойгонот. Келесоо немедей  өзүнчө жылмайып алат. Кечке анын жанында. Түшкү тамакка чогуу барышат, кээде аны ресторандарга чакырат. Кыскасы, чарк айланып жатты. Шоола эч нерседен бейкапар. Жүрөгүндөгү жалгыздыгы азайгансып, дайыма канап жаткан жарасына бальзам сүйкөлгөндөй тынчып бара жатты. Кээде Жанаттын Канатка окшоштугуна да алданып жатты. Сырткы келбеттери эгиздей окшош эмеспи...

 

ххх

Канат бул тууралуу көптөн кийин билди. Кичинекей Айдар болбосо аны да билбей калмак.

– Апам ыйлады...- деди ал бир күнү Канат аны бала бакчадан алганы барганда маанайы пас.

– Эмнеге?

– Атам келбей жатат.

– Кайдан келбей жатат?

– Иштен го. Билбейм...

Баланын бакырайган көздөрү Канаттан жардам сурагандай тигилди. Балакайды бакчадан алып Канат Жанаттын ишине барды. Оюнда эч нерсе жок болчу. Айдар менен сүйлөшүп алаксып жатып, башын көтөрө берсе эле Шоола менен Жанат мекемеден ээрчише чыгып бара жатканын көрдү. Көргөн көзүнө ишенбей кайра-кайра карады. Ошолор! Болгондо да экөө тең бактылуу жылмайып, бир нерселер тууралуу сүйлөшүп бара жатышат. Алгач эмне кыларын билбей калды. Бул арада Айдар атасын көрүп калып кыйкырып  баштады.

– Ата, ата, биз бул жактабыз!

– Азыр, азыр, аларды кууп жетебиз.

Ызырынган Канат алардын аркасынан жөнөдү. Ресторандын маңдайына келип токтоду, экөө тамактанганы түштү. Деле шашылчудай эмес, аны байкаган Канат Жанаттын үйүнө жөнөдү. Кеч келчү күйөөсүн күтүп Жанаттын келинчеги  маанайы пас отуруптур.

– Жанат канчадан бери минтип кеч келип жатат?

– Бир айдан бери ушундай болуп калды, байке,- деди Жанаттын келинчеги ыйламсырап.

– Эмне болду билбейм, Жанатты бирөө алмаштырып салгандай. Кеч келет, сүйлөшпөйт. Конок бөлмөгө барып өзүнчө жатып алат, биз тура электе кетип калат. Кээде такыр эле көрүшпөй калып жатабыз. Бир нерсе десем эле “болбогон кептерди айтасың, сага эмне жетпей жатат” деп урушуп кирет. Мен эмне кыларымды билбей калдым. Мурун мындайы такыр жок болчу. Мен дегенде, Айдар дегенде ичкен ашын жерге коюп камкор болчу. Мен эмне кылдым билбейм?

Келини ыйлап киргенде Канат эмне кыларын билбей калды.

– Ыйлаба, мен аны менен сүйлөшөм. Бүгүн сүйлөшөм...

Түнкү саат эки чамасында эшик ачылып Жанат кирип келди. Конок бөлмөнүн жарыгын күйгүзүп, бөлмөдө отурган байкесин көрүп коркуп кетти.

– Салам,- деди Канат акырын гана.

– Өх, эй, сен жиндисиңби, жүрөгүм оозума тыгылып калды. Караңгыда эмне кылып отурасың бул жерде?

– А сен караңгыда эмне кылып жүрөсүң?

– Хм, тергөө башталдыбы?- деди Жанат кабагын чытый.

– Мен сага от менен ойнобо дегем, туурабы?- Канат акырын сүйлөп жатты. Бирок көздөрү коркунучтуу эле. Жанат корккон жок. Жылмайып койду.

– Сага отчёт бере турган мезгилден өтүп кеткем мен...

– Өзүңө бер отчётту! Сенин балаң, аялың бар. Сен эмне кылганы жатасың?

– Мен өмүрүмдө бир гана аялды кааладым. Ал менин кыялым болчу. Ошол кыял азыр жанымда, мени менен... Мени андан баш тарттыра турган эч нерсе жок. Сен муну жакшы билесиң. Дал ушундан корктуң. Ошол үчүн ага “кетип кал” деп айттың. Туурабы?

– Эй, көк мээ! Мен сени сактап калайын дедим. Сенин өзүңдөн, акылсыздыгыңдан, катачылыктарыңдан сактап калайын дедим.

– Мен чоңойдум, байкежан,- деди Жанат какшыктай. – Мурункудай сактай албайсың мени. Сакташтын да кереги жок. Мен ал аял менен гана бактылуумун. Билбейм, канчага созулат бул бакыт, аны менен да ишим жок. Кандай болсо ошондой болсун, бирок мен эч качан андан баш тарта албайм. Жолумда ким турса турсун, мен Шооладан баш тарта албайм!

“Былч” деп муштум бетине тийди. Эсин жыя электе экинчиси тийди. Дүп–дүп... Канат оюндагысын сөз менен жеткире албай, муштуму ойноп кетти. Анткени ал сөз таасир бербей турган абалда экенин сезди. Ачуусунан эмне кылып жатканы  эсине келген жок. Аркы бөлмөдөн Жанаттын келинчеги, уулу Айдар чуркап келгиче ура берди. Жанат оозундагы канды түкүрүп кытмыр күлдү.

– Хе, эми жеңилдедиңби? Билем, сен да өрттөнүп жатасың.

Канат дагы муштумун көтөрө берди эле, Айдар бакырып анын бутуна жабыша калды.

– Байке, атамды урба.

Баланын безилдеп ыйлаганы, келинин бакырайган көздөрү, Жанаттын какшыктуу күлүмсүрөшү айласын кетирип жиберди. Канат чыкты да, машинесине отурду. Жүрөгү эзилип жатты. Үйүнө келгенде апасы бир нерсе болгонун билди.

– Эмне болду?

– Атам кандай?

– Бүгүн тынчы жок. Сени чакырып жатты.

– Азыр барам.

Канат атасынын бөлмөсүнө кирди. Жусуптун төшөк тартып жатып калганына бир топ болгон. Тагдырдын тамашасы менен аны өз уулу Жанат эмес, дайыма жек көргөн Канат багып калат деп эч ойлогон эмес эле.

– Ассалому алейкум, ата. Жакшысызбы?

Жусуп акырын баш ийкеди.

– Массаж жасап берейин деп кирдим. Кайсы бутуңуз?

Канат байпагын чечип атасынын бутун укалап кирди. Жусуп көзүнөн аккан жашка ээ боло албай жатты...

(Уландысы кийинки санда) 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1106, 16-22-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан