Садыр Жапаров АКШны Кыргызстандын ички ишине кийлигишпөөгө чакырды

Президент Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катына кат менен жооп кайтарды. Жапаровдун жообунун текстин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов өзүнүн социалдык желедеги баракчасына жарыялады.

Эскерте кетсек, Блинкен быйыл январда Жогорку Кеңеш карап жаткан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна карата тынчсыздануусун билдирип, Кыргыз президенти Садыр Жапаровго кат жолдогон эле.

Президент Жапаров АКШны Кыргызстандын ички ишине кийлигишпөөгө чакырды.

– Тилекке каршы, сиздин катыңыздын мазмунунда биздин мамлекетибиздин ички иштерине кийлигишүүнүн белгилери бар экендигин белгилейм. Чындыгында, биз өкмөттүк эмес, коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, анын ичинде көп жылдан бери чет өлкөлүк өнөктөштөрдөн каржылоо алып иштеп келе жаткандардын да ишин кубаттайбыз жана иш жүзүндө колдойбуз. Биздин негизги талаптар:

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, анын ичинде Салык кодексинин ченемдери аткарылууга тийиш;

Өкмөттүк эмес, коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишинин ачык-айкындыгы, алардын салык органдарынын алдындагы отчёттуулугу камсыз кылынууга тийиш,- деп айтылат катта.

Садыр Жапаров АКШнын мамлекеттик катчысына аталган мыйзам долбоору тууралуу туура эмес маалымат жетти деп эсептейт.

– Сиз биздин өлкөдө иштеп жаткан айрым өкмөттүк эмес, коммерциялык эмес уюмдардын туура эмес маалыматына ишенип алып, мыйзам долбоору боюнча өзүңүздүн кооптонууңузду мага билдирдиңиз го деп ойлойм. Сизди өлкөбүзгө келип, Кыргызстанда адамдын укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдары менен бекем корголуп жаткандыгын өз көзүңүз менен көрүп кетиңиз деп чакырам.

Биз тең укуктуу кызматташтыкты кубаттайбыз жана бардык өлкөлөр, эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде АКШ менен да биргелешип иштөөгө даярбыз деп баса белгилейм.

Болгону, бир эле өтүнүчүм бар – өлкөбүздүн ички иштерине кийлигишпеңиздер,- деп билдирди Кыргыз президенти.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1106, 16-22-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан