Дастан Жапар уулу, режиссёр: “Сынган кылычты” кино кылып бүгүн тартыш керек, эртең кеч”

Айтылуу “Сынган кылыч” романын экрандаштыруу, тагыраагы, көркөм тасма кылып тартуу идеясы талкуу жаратууда. "Тасманы ким тарта алат?" деген суроо турат. Белгилүү режиссёр Садык Шер-Нияз ушулар тарта алышат деп 3 режиссёрдун атын атады, алардын бири Дастан Жапар уулу. Жаш режиссёр Дастан мырзаны маекке чакырып, кино жаатында пикир алыштык.

 

– Дастан мырза, Садык Шер-Нияз “Сынган кылычты” тарта алат деген режиссёрлордун катарында сиздин атыңызды да атады. Өзүңүз кандай ойдосуз? 

– “Сынган кылычты” тасма кылып тартуу сунушталганы тууралуу жаңылыкты Садык Шер-Нияз агабыз пост жазганда гана билдим. Менин атымды да атаганын ошондо окудум. Албетте, сыймыктандым. Садык аганын бизди баса белгилеп жатканы – бизге чоң ишеним көрсөткөнү. Бул мен үчүн чоң стимул болду. “Жаштарга бериш керек, жаштар тартсын” дегени ал кишинин бийиктиги, кенендиги, оюнун тунуктугунан кабар берет.  Демек, кыргыз кинематографиясында чоң бир жаңылык болушу мүмкүн деген ой келди.

– Негизи “Сынган кылычты” экрандаштыруу идеясын колдойсузбу? Же тарыхый роман боюнча калганы туурабы?

– Кандай чыгарма болбосун аны кино кылып тартуу идеясын колдойм. "Азыр тартпасак, анан качан?" деген суроо бар да. Азыркы заманда жасалма интеллект саат сайын, мүнөт сайын өнүгүп жатат. Кино тармагы да өзгөрүүдө. Дагы бир он жылдыкта кинолор жасалма интеллект менен гана тартылып калат деген кооптуу божомолдор бар. “Кокуй, азыр  тартпаш керек, даяр эмеспиз” деп убакыттан утуруп жиберип, келечекте жасалма интеллект тартып калса кандай болот? Кадимки актёрлор ойноп, жандуу режиссёрлор тарткан кино баалуу болобу, же компьютердик графика  тартып берген кино баалуу болобу? Ошол үчүн кетенчиктебей, “Сынган кылычты” азыр тартыш керек деп ойлойм. Жаңы кино жылдыздары, режиссёрлор пайда болот. Ачыла элек таланттар жарыкка чыгат.

– Биринчи суроонун уландысы болсун. “Сынган кылычты” тарт деген сунуш сизге айтылып калса, даярсызбы?

– Сунуш түшө элек. Тарыхый чыгарманы кино кылып тартуунун жоопкерчилиги абдан зор. Мыкты кылып тартсаң деле жактырбагандар чыгат. Сөзсүз чыгат. Бирок коркпош керек. “Сынган кылычты” тартыш үчүн 2-3 режиссёр, сценаристтердин тобу керек деп ойлойм. Тарыхый окуяларды, саясий окуяларды иргеп чыгуу керек. Анткени коңшу мамлекеттердин да кызыкчылыгын, геосаясатты эске алыш керек. Романдын өзүндө коңшуларга ылайыксыз жерлери да бар эмеспи. Кыскасы, аябай чоң эмгекти талап кылат. Ошондуктан бул тасманын үстүнөн бир эмес, бир нече режиссёр иштеши керек деген ойдомун.

– Кыргызстанда эмне үчүн тарыхый тасмалар тартылбай келет?

– Мунун жалгыз эле себеби бар – каражат тартыштыгы. Андай тасма тартууга кетчү акчаны мамлекет жыл сайын эле бөлүп бере албайт. Жок дегенде 5 жылда бир тарыхый тасма тартылып турса деле жакшы. Эл үчүн андай тасмалар кадимкидей азык болуп берери анык. Патриоттук сезимди күчөтөт. Эл түпкүлүгүбүзгө, өзөгүбүзгө бир кайрылтат. “Курманжан датканын” тартылганына 10 жыл болду, андан бери тарыхый тасма тартыла элек. Каражат эле болсо, тарыхый тасма тартуу көп эле кесиптештеримдин колунан келет.

– Мисалы кимдердин?

– Кесиптештеримдин баарынын болбосо да көбүнүн талантына баа берем. Мыктылар көп. Сап башында Бакыт Мукулду, Айбек Дайырбековду, Садык Шер-Ниязды, Эрнест Абдыжапаровду айтат элем. Жогоруда айткандай, ар бир кесиптешимдин колунан келет деп ишенем.

– Учурда кандай кино долбоор менен алексиз?

– Азыр жаңы тарткан тасмамдын үстүнөн иштеп жатам. Монтаж иштери жүрүүдө. Былтыр жайында, күзүндө тарткан эмгегибиз. Мурунку тасмалардай эле мында да социалдык  маселелер көтөрүлгөн.

– Ар бир режиссёрдун кыялы болот эмеспи, ушундай тасма тартсам деген. Сизде да болушу керек...

– Ооба, ар бир режиссёрдун кыялы болот. Менин да ушул теманы, окуяны тартсам деген кыялым бар. Бирок азыр айта турган идея эмес ал, азыр айтсам көптөргө түшүнүксүз болушу мүмкүн. Саясий факторлор да бар, аны айта турган, эл түшүнө турган кез келгиче кыял болуп сакталып турсун. Ага жакшы каражат керек, мен дагы режиссёр катары бышып-жетилишим керек. Тажрыйба топтоп, ал кыялыма жетүүгө аракетимди кыла берем.

– Кино жаатында көңүлдү ооруткан үч көйгөй...

– Каражат жетишсиздиги да. Бөлүнгөн акча тасманы тартып монтаждаганга эле жетип, андан аркысы токтоп калчу. Андан аркы үн жаздыруу, фестивалдарга алып баруу, жарнама кылуу деген нерселер бар, аларга эч нерсе бөлүнчү эмес. Былтыртан тарта каражат бөлүнүп баштады, маселелер четинен чечилип келе жатат. Техника жагынан да көйгөй бар эле, ал дагы акырындан чечилип келе жатат. Режиссёрлордун гонорары акыркы үлгүдөгү Айфон сатып алууга жетпей турган акча. Кыргызда “Сынган кылычты” тарта турган режиссёрлор жок, Түркиядан режиссёр жалдап келиш керек” деген да сөздөр айтылды. Эми гонорары жарыбаган акча болуп жатса, кантип күчтүү режиссёрлор өсүп чыгат? Кээде сын-пикир айткандар ойлонуп туруп айтышса деп капа болуп кетесиң.

– Жеке жашоодочу, кандай жаңылыктар бар?

– Жеке жашоомдо жаңылыгым жок (күлүп). Баары мурункудай.

– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн рахмат! Ийгилик коштосун.

 

Нуржамал Жийдебаева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1106, 16-22-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан