Абитуриенттер ЖОЖго кирүүдө кыргыз тилинен тест тапшырышат

Мындан ары Кыргызстанда жогорку окуу жайга тапшырган абитуриенттер кыргыз тилинен тест тапшырууга милдеттүү. Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, тийиштүү буйрукка 2024-жылдын 7-февралында министрликтин жетекчиси Догдуркүл Кендирбаева тарабынан кол коюлду. Мамлекеттик тил боюнча тест абитуриенттин кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктай турганы, жогорку окуу жайга тапшыруудагы сынактын жыйынтыгына таасирин тийгизбей турганы айтылат маалыматта. Эгер абитуриент аталган тестти тапшырбаса, анда ага жалпы республикалык тестирлөөнүн негизги жана предметтик тесттеринин жыйынтыгы берилбей турганын кошумчалайт министрлик. Аталган талап өлкөдөгү бардык жогорку окуу жайларга тийиштүү. 

2023-жылы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзам кабыл алынган. Жогоруда аталган буйрук ушул мыйзамды ишке ашыруунун алкагында чыгарылган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1106, 16-22-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан