Элмира Таджиева, “Маржан” тобунун солисти: “Сахнада ырдын сөзүн унутуп калып аябай жаман болгом”

Салттуу музыканы, фольклордук чыгармаларды, элдик дастандарды жайылтууга салым кошуп келаткан топ бар. Ал – “Маржан” тобу. Топтун көп тилде ырдай алган таланттуу ырчысы Элмира Таджиева менен курган маегибизди сунуштайбыз.

– Саламатсызбы, Элмира? Маегибизди сиздин “Маржан” тобуна кантип кошулуп калганыңыздан баштайлы.

– Саламатсыздарбы? Чыгармачылыкка аралашканыма көп болду, кичинекейимден ырдайм. Атам менен апам да ырдаганга аябай кызыгат. Атам устатыбыз Роза Аманова менен курсташ, андыктан ырчы болушума ата-энемдин түрткүсү чоң болду. Сүлүктү шаарындагы музыкалык мектепте окугам, ал жактан комузду үйрөндүм. Кичи мекеним – Баткен облусунун Сүлүктү шаары. Кийин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин музыка бөлүмүн бүтүргөм. Ал жакта 1-курстан эле Роза эже сабак бере баштады. Ошол кездеги чоң кыялым – Роза эженин шакирти болуу эле. Ошентип, 2013-жылы “Маржан” тобуна кошулдум. Албетте, эженин сынынан өткөндөн кийин гана. 2016-жылдан бери Чалагыз Исабаев атындагы “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансмаблинде да ырчымын. Бактылуу жубаймын, 3 жана 5 жаштагы эки кыздын энесимин.

– Роза Аманованын сынынан өткөндөн кийин топко кошулдум дедиңиз. Кандай сындан өттүңүз?

– Комузду жакшы чертип, чыгармаларды так-даана аткарып, ырларды эже ойлогондой ырдап калганыңда курамга кошот. Айтмакчы, жакында, 28-февралда “Маржан” тобунун түптөлгөнүнө 15 жыл болгонуна жана салттуу музыканын 20 жылдыгына карата Бишкекте “Устаттан аманат” аттуу концерт беребиз. Мурда топто ырдап кеткендер да концертке катышат. Эң алгач Майрам Шадыбекова, Эльзар Өскөнбаева, Нуржан Түмөнбаева, Сырга Тойчубекова, Элиза Каракойчуева эжелерибиз менен түзүлгөн. Андан кийин Уулжан Жумабекова, Кенже Саматова сыяктуу Роза эженин бир топ таланттуу шакирттери ырдап кетти. Азыркы курамда Эльзар, Нуржан эжелер, Беназир Токтобекова, Назгүл Каныбек кызы, Бурулча Бактыбек кызы жана мен барбыз. 

– Жеке ырчы катары дагы ырдайсызбы?

– Ооба, ырдайм. “Кызыма”, “Таң сыры”, “Жылкычынын ыры”, кытайлык кыргыздардын “Бактылуу болуп жашайлы” аттуу чыгармасын, Гүлгакы Сагындыкова эжекебиздин “Бир сөз айт” деген ырын аткарып жүрөм. Андан сырткары анча-мынча той-топурга чыгып калам. Дагы да ырлар жазылып жатат, негизи устатыбыздын чыгармаларын көп аткарам. Көбүнчө фольклордук жанрда ырдайм. Ансамбль менен ырдаганда башка тилдеги ырлар басымдуулук кылат. Мисалы, өзбек, түрк, азербайжан тилдеринде ырдайм. “Камбарканды” билесиздер да, көбүнчө чет мамлекеттерге чыгабыз, андайда сөзсүз бара турган мамлекеттин бир чыгармасын кошуп ырдайбыз. Биринчи жолу “Камбаркан” менен Стамбулга Чыңгыз Айтматовдун эстелигинин ачылышына барганда түркчө ырдагам. Сахнада бутум калтырап-титиреп толкунданып ырдаганым эсимде.

– Эң чоң кыялыңыз?

– Ар бир ырчынын кыялы атагы чыккан, таанымал ырчы болуу болсо керек. Менин да кыялым ошондой.

– Ал үчүн кандай аракеттерди жасап жатасыз?

– Учурда көбүнчө ансамбль, топ менен бошой албай жатам. Анын үстүнө өзүмдүн да аракетим жок. Жолдошум аранжировкачы, ыр жазат. Ал даяр оокатты оозума салып койсо деле аракетим жоктой. Мисалы, 2-3 ырдын даяр аранжировкасы турат, ырдабай жүрөм. Ырчынын бир убагы болот деп коюшат го, балким, бир күн келет.

– “Маржан” тобунда баары айымдар экен, топ ичинде келишпестиктер да болуп турабы?

– Топто таланттуу кыздар көп, жетөөбүз жети облустан болсок да эч качан бөлүнүп-жарылбайбыз, дайым ынтымактабыз. Репетицияга чогулуу кыйыныраак. Бирөөнүн иши чыгат, дагы бирөөнүн бир маселеси чыгат, ошентип бир убакта чогулушубуз кыйын, ушундан эле кээде ызылдап кетебиз.

– Ар бир кесиптин артында кыйынчылык болот эмеспи, сиздин жолуңузда тушуккан кыйынчылыктар тууралуу кеп кылалы...

– Билбейм, мага баары жеңил эле келгендей сезилет. Башында үндү коюудан бир аз кыйналдым. Ии, анан башында адабий тилде сүйлөө кыйын болчу (күлүп). Баткенден келгенмин да, “ай, кыргызча сүйлө” деп тамашалап калышчу. Билесиздер, биздин диалект башкачараак. Анан токтоп-токтоп ойлонуп сүйлөчүмүн. Андан сырткары мен үчүн дастан ырдоо, анын текстин жаттоо кыйын. Дегеле текст жаттагандан кыйнала берем.

– Эске тутууңуз жакшы эмеспи?

– Эске тутуум начарыраак. Оюм бөлүнүп кетсе, бүттү, ырдын саптарын таппай калам.

– Сахнада ырдап жатканда ырдын сөзүн унутуп калсаңыз эмне кыласыз?

– Андай учурлар көп болду (күлүп). Бизди “текстти унутуп калсаң да эч качан токтоп калба” деп үйрөтөт. Бир жолу “Камбаркан” тобу менен Астанага иш-чарага бардык. Рыспай Абдыкадыровдун “Сагынуу” деген чыгармасын аткарып жатам. Экинчи куплеттин бир жеринен үнүмдө “петушок” болуп үнүм “кыйч” деп кетти. Аны ойлонуп кетип, үчүнчү куплеттин текстин унутуп калсам болобу?! Музыка ойнолуп жатат, же таппайм, ырдай турган жерим келип калды, анан “Эсиңдеби?” ырынын 3-куплети менен баштабадымбы. “Таппай такыр махабаттын айласын” деп башташым керек эле, мен “Сансыз жылдыз бизди гана карашып, сени менден, мени сенден талашып” деп баштадым да, кийинки эки сабын кайра “Сагынуу” менен бүтүрдүм. Ошондо аябай жаман болгом. Сахнадан чыгып алып өзүмчө уялдым, жиним келди. Болбосо ага чейин ал ырды 100 жолу ырдагам, уктап жаткан жеримден ырдатса ырдамакмын. Кызыгы, аны дирижёрубуз да байкабаптыр.

– Оркестрде, комуз менен, эстрада багытында да ырдайт экенсиз. Кандай ырдаган сизге көбүрөөк жагат?

– Мага оркестр менен ырдаган жагат, жүрөгүмө жакын. Сүйүп ырдайм. 

– Сиздин дүйнөңүздү кимдер жана эмнелер түзөт?

– Ата-энем, үй-бүлөм. Кыздарым – менин дүйнөм. Кыздарым үчүн бүт баарын астына коюп бергим келет. Алар “муну алгым келет, мындай кылгым келет” десе аянбайм. “Маржан” тобундагы кыздар менен көп-көп жолугуп турабыз. Алар менен жолукканда өзүнчө ырахат аласың, репетиция кылганыбыз башка, чогулуп отурганыбыз башка. Ар биринин үлгү алчу сапаттары бар. “Маржан” тобу экинчи үй-бүлөм, бир туугандарымдай.

– 30 жашка чыккандардан байкап калганым бар, бул жашты кээ бирөө оор кабыл алат, сизде кандай болду?

– Андай деле болгон жок. Мен 22 жашымда карыдым деп ыйлаганмын (күлүп). Азыр тескерисинче, жапжаш сезем өзүмдү. Мени курбуларым “пофигист” деп коюшат, менде пофигизм көбүрөөк жашайт, көп сөздөргө көңүл бурбайм, бирөө кыйытып сүйлөп койсо деле түшүнбөй калам.

– Эмнеге өкүнөсүз?

– Бала кезде англис тилин жакшы үйрөнүп албаганыма өкүнөм. Тил билбесең, башка мамлекетке чыкканда дудук болуп калат экенсиң. Мектепте окуп жүргөндө, студент кезде убактың кенен болот экен да, а азыр 2-3 жерде иштейсиң, үй-бүлөң бар дегендей, жетишпейсиң.

 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1106, 16-22-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан