Наргиза Качкынбаева, 32 жашта: “5 жашар кызым ойноп жатып эле бутун кокустатып алып, баспай калды”

Аянычтуу тагдырын баяндап берген каарманыбыздын аты-жөнү Наргиза Качкынбаева. 3 балалуу жалгыз бой эне. Учурда 5 жашар кызын майыптыктан куткаруу жолун издеп жүргөн учуру. “Кызым көз алдымда эле ойноп жатып, кичинекей кокустуктан улам баспай калды, эч бир ата-энеге меникиндей азапты каалабайм”,- дейт Наргиза айым.

“Бутум, ичим деп эле бакырып ыйлап калды”

– 2023-жылдын 27-октябры болчу. Бул күн өмүр бою эсимде калат. 5 жаштагы кызым Алика Качкынбаева “мостикке туруп ойнойм” деп улам эле ары-бери кыймылдап аракет кылып жаткан. Мен жанында элем. Буга чейин деле шпагатка отуруп, мостикке туруп жүргөн, денеси ийилчээк болчу. Бир маалда “апа, бутум, ичим” деп эле бакырып ыйлап калды. 5-10 мүнөттөй ары-бери көтөрүп соороттум, бирок басылган жок. Бутун карап жаракат байкаган жокмун, бирок баары бир кооптонуп түнкү саат 12де Бишкек шаардык балдар ооруканасына алып бардым. Ал жактан рентгенге тартышып “эч кандай сынык жок” деп чыгарып беришти. Ошондо жеңил эле жаракат окшойт, басылып калар эртеңкиге чейин деп үйгө келе бергенбиз. Эртеси кызым заара ушата албай калды. Кайра балдар ооруканасына алып бардым. Неврология бөлүмүнө алып барсак ийне сайып бутун текшеришти, бутунда жан жок экен. Бир заматта дүйнөм астын-үстүн болуп кетти. Баарынан да белгисиздик жаман экен. “Өзүм жалгыз бой болсом, кандай кылам, эмне кылам?” деген ойлор чубалып келип жатты. Дарыгерлер “силерге төшөктө жатуу керек, үйдөн жакшылап караңыз” деп бизди чыгаргана калганда “байке, кызым кулагандан бери заара ушата элек” деп ыйладым. Ошондо бизди ооруканага жаткырып дарылап башташты. Ооруканада мен көргөн күндү эч бир эне көрбөсүн. Эне гана ушундай түйшүккө чыдайт. Кызым 20 күндөн ашык катетер менен заара ушатып жүрдү.

“Так диагноз коюуга биздин медицинанын күчү жеткен жок”

– Биз 20 күндөй ооруканада кызымдын бутун сактап калалы деп алышып жаттык. Ошондон кийин гана бутуна бир аз жан кирди. Бирок дагы деле заара кыла албайт, такма жалаяк кийгизем. Башында жыланга окшоп сойлоп курсагы менен басчу, азыр тынбай массажга барып, такай дарылангандан улам кичине бутун сүйрөп басып калды. Бирок мурунку калыбына келтирүүгө болгон аракетти көрүп жатам. Барбаган жерим калган жок, эч кимиси кызымдын эмне себептен буту баспай калганынын так диагнозун айтышкан жок. Биздин медицинанын күчү ага жетпейт экен. Күчтүү неврологдор “жүлүндө шишик пайда болуп, ошол омурткаларды кыпчып калган” деп божомолдоп жатышат. Бирок бул божомол гана, так эмес. Москвада күчтүү неврологдор бар экен, алар менен сүйлөшүп дарылатып келсемби деген пландарым бар.

“4 айдан бери кызымды карап, иштей элекмин”

– Өзүмдүн 2 уул, 1 кызым бар. Биринчи жолдошум эки уулдуу болгондон кийин боору ооруп каза болуп калган. Анда 24 гана жашта элем. Эрте жесир калып балдарымды өзүм чоңойттум. Көп жылдан кийин кызымдын атасына турмушка чыккам. Баары “кыздын барар жери күйөө” деп көндүрүштү, экинчи күйөөм алып качып кеткенде отуруп калгам. Бирок 2 бала менен күйөөгө тийүү кыйын экен, турмушум мен ойлогондой болгон жок. Балдарымды түрткүнчүк кылбайын деп кызым боюмда кезде жолдошум менен ажырашып кеттим. Ажырашканда деле жүдөп-мүңкүрөп калган жокмун, шүгүр, ата-энем, бир туугандарым бар, колдоп турушту. Тигүүчү болуп иштеп балдарымды эч нерседен кем кылбай бактым. Шаардагы жакшы мектептерде окушту. Айына 20 миң сом төлөп батирде жашап жаттык. Негизи биринчи күйөөмдүн деле үйү жок болчу, 15-16 жылдан бери 3 балам менен батирлеп жашайм. Кызымдын атасы ажырашкандан кийин кабар алган жок. Ал эми уулдарымдын чоң ата, чоң энеси каникулдарда неберелерин алып кетип айылда эс алдырып турушат. Балдардын бардык түйшүгү өз моюнумда. Тилекке каршы, кызым бутун кокустатып алгандан кийин, 4 ай бою иштебей үйдө отуруп калдым. Болбосо тигүүчү цехте иштеп жакшы эле акча тапчумун. Топтогон каражатымдын баары түгөндү, минтип элден жардам суроого аргасызмын. Кызымды толук кандуу дарылатып, мурунку калыбына келтирип алсам менден өткөн бактылуу эне болбойт эле.

 “Баарыңарды балдарга сезимтал болууга чакырам”

– 4 айдан бери иштебегенге акыркы 2 айдын батир акысын төлөй элекмин. Кызымдын дары-дармегине тууган-туушкандардан карыз алып жаткам. Анан тынбай эле сурай албайсың, алардын деле өз оокаты, тиричилиги бар да. Акыры жакындарым менен кеңешип элден жардам суроону чечтик. Ушул күнгө чейин менин кызымдай болуп баспай калган эч кимди жолуктура элекмин, балким, ошондой бейтаптар бар болсо кантип дарылоонун жолдору менен бөлүшмөк беле. Ар ким врач болуп ар кайсыны айта берип, башым деле айланып калды. Ошондон кийин жакшы адиске эле кайрылыш керек экен деп калдым.

Бардык ата-энелерге балдарына сезимтал болсун дейт элем. Кокустук айтып келбейт тура, болбосо кызым күндө эле мостикке туруп, шпагатка отурчу. Минтип баспай калары үч уктасам түшүмө кирген эмес. Азыр кызымды майып болуп калуудан сактоо үчүн болгон күчүмдү жумшап жатам. Кышы бою үйдөн чыккан жок, “апа, эшике чыгып ойноюнчу, качан басам?” деп жалдыраса, эмне деп жооп береримди билбей мукактанып калам. Бул да Кудайдын сыноосудур, күчтүү болушум керек деп өзүмдү жубатам. Эч бир энени жараткан баласынын ден соолугу менен сынабасын. Ушундан көрө өзүм оорусам эмне дейт экенсиң.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Мбанк 996705755057

(Наргиза К деп чыгат)

О Деньги 0705755057

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1106, 16-22-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан