Этек кир келерде неге аялдардын сиркеси суу көтөрбөй калат? 

Аялдарда “этек кир келер алдындагы синдром” деген дарт бар. Синдромдун жаралышына аялдардагы прогестерон жана эстрадиол гормондору “күнөөкөр” болуп эсептелет. Аталган гормондор, өзгөчө прогестерон аялдардын маанайынын түшүшүн шарттап, жөнү жок ачуулуу кылып, денеде ооруксунуу жаратат. Бул эмнеден улам деген суроого гинеколог Айканыш Кадырбекова жооп берет. 

Чукчуңдоо, ыйлактоо – гормондордун таасири 

Этек кир цикли орточо эсеп менен өзүнө 28 күндү камтыйт жана 2 фазага бөлүнөт: фолликулярдык жана лютеиндик.

Фолликулярдык база 14 күнгө созулат жана бул аралыкта эн безинде (яичник) жумуртка клеткасы өсүп жетилет жана бөлүнүп чыгат.

 Лютеиндик фаза да 14 күнгө созулат. Мында бөлүнүп чыккан жумуртка клеткасынын ордуна сары денече калат. Ал сары денече аялдардын гормону – эстрадиол жана прогестеронду бөлүп чыгара баштайт. Гормондордун таасиринин арты менен дене тап бир аз көтөрүлөт, жатында кан айлануу күчөйт, жатын кош бойлуулукка даярданып калыңдайт. Эгер бойдо бүтүү күтүлбөсө сары денече бузулуп, жок боло баштайт. Эстрадиол жана прогестерондун деңгээли төмөндөйт. Бул этек кирдин келе башташын шарттайт.

Мына ушул лютендик фазанын аяк жагында, башкача айтканда, этек кир келерден 5-6 күн мурун аялдардын 40-50 пайызында этек кир келер алдындагы синдром башталат. Жана ал этек кир келип баштаган күнү токтойт. Аталган синдром айрымдарда жеңил өтүп, кээ бир белгилери гана билинет. Орточо өтө тургандарда синдромдун көбүрөөк белгилери байкалат. Ал эми болжол менен аялдардын 5 пайызында аталган синдром оор кармайт. Бул башынан жаракат алгандарда, жогорку кан басым, жүрөк оорусу барларда күтүлөт. 

Аталган синдромдун белгилери:

 • Жөнү жок ачуулануу, тынчсыздануу жана капалануу, эч нерсенин сүйбөй чукчуңдап калуу, ыйлактоо, болор болбоско жинденүү 

• Бел жана ичтин төмөн жагы оорутуп жаткандагыдай сезим

• Эмчектин, кол-буттун шишимик тартышы

• Баштын оорушу, ичтин көбүшү, бат чарчоо, шалдыроо

• Айрымдарда аталгандардан тышкары бир нерсеге көңүл буруунун кыйындыгы,  тердөө, ичтин катышы, көңүл айлануу, кусуу, тамакка табиттин жоголушу, же тескерисинче, тамакты көп жеп баштоо болушу мүмкүн

Прогестерон аялды пассивдүү кылат

Синдром эмнеден улам келип чыгат? 

Буга, албетте, жогоруда айтылган лютеиндик фазадагы бөлүнүп чыгып, аялды эне болууга даярдаган эстрадиол жана прогестерон гормондору себепкер болот. Айрыкча прогестерон аялзатын пассивдүү кылып жиберет. Аялдын энергиясы азайып, токтоо тартат. Чынында кош бойлуу аял ичиндеги түйүлдүккө терс таасири тийбеши үчүн да сабырдуу болуп, ачууга алдырбашы керек эмеспи.

Прогестерон аялды кош бойлуулукка даярдагандыктан (аял пландабаса деле) эмчек бездеринин, жатындын чоңоюшуна таасир этип, организмде суунун кармалышын, майдын топтоло башташын  шарттайт. Ошого эмчек жана ичтин ылдый жагында ооруксунуу жүрөт. Эмчек жана кол-буттар шишимик тартат, тамакты көп жей баштагандар салмак кошот.

Ушул жерден кошумчалай кетчү нерсе: аялдардагы эстроген гормону менструациялык фазанын 1-бөлүгүндө чоң бийлик жүргүзөт. Ал аялдарга сулуулук, назиктик, наздуулук, сексуалдуулук, энергия тартуулап, терисин жылмакай кылат. Башкача айтканда, аялдар ажары чыгып, гүлдөй жайнап, кылыктанып турат.  Ошондуктан чоң маанилүү иштерди бүтүрүүнү, жигит менен мамиле түзүүнү ушул фазада пландоо керек.

Синдромду эмнелер күчөтүп жиберет?

• Организмде серотонин гормонунун, магний жана кальцийдин жетишпестиги

• Өнөкөт оорунун кармаганы

• Аллергия, сасык тумоо, шакый

• Депрессия, стресс

• Паникалык атака

• Уйкунун бузулушу 

Гинеколог кандай чара көрөт?

Кимде синдромдун белгилеринин көбү жолугуп, оор өтүп, жашоосуна терс таасирин тийгизсе, гинекологго текшерилүүсү керек. Мүмкүн, өнөкөт оорусуна жараша башка адистердин кеңеши да кажет болушу мүмкүн. Мисалы, терапевт, гастроэнтеролог, невролог. Паникалык атакасы барларга психиатрга көрүүнү да сунушталат. Гинеколог кандагы гормондордун, кальций, магнийдин өлчөмүн текшертүүсү үчүн кандын анализдерин тапшыртуусу ыктымал. Гормондордун деңгээлине жараша гормоналдык каражаттарды, андан тышкары антидепрессанттарды сунушташы  мүмкүн.

Синдромдун белгилери, оорутуу азайышы үчүн врач төмөнкүлөрдү да эскертет:

• Аз-аздан, бирок витаминдүү, 4 маал тамактануу

• Маанайды көтөрүп, калыптандырып, депрессияны кубалоочу серотонин гормонунун өлчөмүн жогорулатуучу азыктарды жеп-ичүү сунушталат. Аларга банан, балык, шоколад, жумуртка, сыр, жаңгак, ананас сыяктуулар кирет.

• Магнийди көбөйтүүчүлөрдү: капуста салатын, шпинат, сабиз, ашкабак, түрп, бадыраң, петрушканы, кальцийди көбөйтүүчүлөрдү: сүт азыктарын, брокколи, жумуртка, курма, бадам, буурчакты көп колдонуу кажет. Же магний, кальцийдин даяр каражаттарын врачтын көрсөтмөсү менен ичүү зарыл

• Таттуу газдалган суусундуктардан, хот-дог, чипсы, консерваланган азыктардан баш тартуу 

• Бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуп жүргөн болсо врач менен кеңешип, мүмкүн башка түрүнө өтүү 

• Курамында кофеин бар чай жана кофени ичүүнү азайтуу, ичимдиктен баш тартуу

• Өнөкөт чарчоо бар болсо анда B6 витаминин врачтын көрсөтмөсү менен ичүү

• Уйку режимин сактоо, стресстен качуу

• Таза абада сейилдөө, спорт менен алектенүү

 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1106, 16-22-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан