ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 26-февралдан 3-мартка чейин

Кой
(21.03–20.04)

Керексиз, тажатма мамилелерден кол үзүүгө убакыт келди, өзүңүзгө пайдалуу чөйрө издегениңиз туура. Билдирүү жасоодо этияттап сүйлөңүз, бирөөнү таарынтып алсаңыз ал сизге кек сактап, өч алам деши мүмкүн. Айымдарда карьералык тепкичтен тез көтөрүлүү жана жаңы жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү бар. Сүйүүдө курбуңуздун же жакын адамдарыңыздын сүйүктүүсү сизге сөз айтат, андыктан ар кандай чагымчыл окуяларга даяр болгонуңуз жакшы.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Жаңы иштерди баштабай турганыңыз жакшы, жаңы таанышуулар да сиз күткөндөй ийгилик алып келбейт. Көйгөй чечүүдө дос-туугандарды аралаштырбай, өзүңүз чечкениңиз туура, алар ашыкча сөз сүйлөгөндөн башка сизге пайда алып келишпейт. Кошоматчыларга жакын болбоңуз, башкалардын мактоосуна эрип алданып калууңуз ыктымал. Окууда сиздин демилгелериңиз аны иш жүзүндө ырастоону талап кылат жана бул мүмкүнчүлүк сизде болот.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Сиз көптөн бери жактырып жүргөн адам сезимдерин билдирет, бул окуяны күткөн болсоңуз да ыңгайсыз абалда каласыз. Тынчтыкта, гармонияда жашагысы келген эгиздер өздөрү менен өздөрү калып жан дүйнөсүнө үңүлө алышат. Апта сиз үчүн изденүү, өзүңүздү табуу үчүн жакшы шарттарды түзүп берет. Балалуу болгусу келген эгиздер аракетин дал ушул жума баштаса күтүлгөндөй жыйынтыкка ээ болушат. Сүйүктүүңүзгө романтикалык сунуштарды жасоодон тартынбаңыз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Сизге өзгөчө жаңы идеялар жана бир нерсени өзгөртүү каалоосу көп келет. Андыктан ар бир жаңы таштаган кадамыңызды жети өлчөп, бир кесип таштаңыз. Жакшылык жакшылык чакырарын унутпаңыз, кайрымдуулук иштери менен алектенип же жөн эле бирөөгө жардам берип койсоңуз өзүңүзгө ыраазы болуп каласыз. Дем алыш күндөрү үйдө отурбаңыз, достор менен жолугуп кинотеатрга же муз аянтчасына барсаңыз болот. Сүйүүдө жаңы мамиле куруу менен эски жараларды айыктырасыз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Окуяларга реалдуу баа берип, философиялык ой жүгүртүүгө берилбешиңиз керек. Ашыкча убактыңыз жок болсо башкалардын кызыкчылыктарын коргоону токтото туруңуз, өзүңүздүн иштер жетиштүү болот. Жума күнү жумушта чыр-чатак чыгуу коркунучу бар. Жеке мамиледе бирөөлөрдүн колдонуп кетишине жол бербеңиз. Абалды дароо сезип сизди оюнчук кылып жаткан тараптын максатын дароо түшүнсөңүз, аны менен мамилени толугу менен үзө аласыз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Үйдө тартип жана жайлуулук түзүлүп, баары кынтыксыз көрүнүшү керек, антпесе бир нерсе жетишпегендей боло бересиз. Эмгегиңизге ашыкча баа берип жумуш берүүчүлөрдөн көп акы сурайсыз. Жылдыздар сизге жасаган ишиңизге реалдуу баа берүүнү сунушташат. Жаңы тажрыйбага ээ болосуз, келген мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз. Сүйүүдөгү бактыңыз сизден гана көз каранды. “Сени сүйөм” деген көпчүлүктүн арасынан чын ыкластуусун тандаганга аракет кылыңыз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Жаңы идеяларыңызды жетекчиңизге айтып кесипкөйлүгүңүздү көрсөтө аласыз. Түрдүү чөйрөдөгү адамдар менен оңой тил табышасыз. Романтикалык жолугушууга чакыруу алсаңыз баш тартпаңыз. Сүйүү мамилесине баш-отуңуз менен кирип жумуш жана каржы маселелерин унутта калтырбаңыз. Үй-бүлөлүү таразалар түгөйү менен чыңалган абал жаралса компромисске барганы туура. Бош убактыңызды китеп окуу, кино көрүү менен өткөргөнүңүз жакшы.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Бизнес баштасаңыз, ал ишиңизди ийгилик коштоп чоң кирешелерге жете аласыз. Келечектеги ийгиликтүү долбоорлордун пайдубалын азыр түптөп ишке ашырыңыз. Жеке жашооңуз бактылуу жана гармониялуу уланат. Сүйүктүүңүз менен мамилеңиз жаңы этапка чыгып, күчтүү сезимдериңиз жоопсуз калбайт. Шектенүү, күмөн саноолорду четте калтырып “ооба, чогуу бололу” деп айтыңыз, бул сөз сиздин негизги бакыт ачкычыңыз болот.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Көптөн бери чиеленип келе жаткан маселелердин түйүнүн чечип жеңилдеп каласыз. Жашооңузду тартипке келтирүү үчүн тың жана активдүү болуңуз, болбосо бут тосуулардан сынып каласыз. Иш сапарга, саякатка чыгуу жана башка шаарга же өлкөгө көчүү үчүн ыңгайлуу учур. Жеке мамиледе кайдыгерлигиңиз менен сүйүктүүңүздү өзүңүздөн алыстатып алышыңыз мүмкүн, андыктан ага көбүрөөк көңүл буруп, көйгөйлөрүн чечүүгө жардам бериңиз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Кесиптик чөйрөдө жана бизнесте ийгилик күтсөңүз болот. Бир жумадагы жумуштун көлөмү сизди таң калтырып, жыйынтык чыкпай жатканы сизди убайымга салат. Бирок өзүңүздү жеп, сындабай объективдүү болгонго аракет кылыңыз. Сырдуу адамдар менен сүйлөшүүдө жан дүйнөңүздү ачпашыңыз керек, сиз айткан маалыматтардын баары кийин сизге каршы колдонулуп кетиши толук ыктымал. Адамдар менен бат тил табышып алуу жөндөмүңүз пайдасын тийгизет.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Жаңы жумуш сунуштап, жогорку маяна убада кылган адамдардын сунушун дароо кабыл албай жакшылап ойлонуп көргөнүңүз туура. Аптада эч бир кескин аракеттерге барбоо максатка ылайык. Жакынкы жылдары сизге каржылык көз карандысыздыкты камсыз кылган долбоорлордун үстүнөн иштейсиз, шашпаңыз. Дем алыш күндөрү сырткы дүйнөдөн алыс болуп, ой-сезимдериңизди иретке келтириңиз, өмүрлүк жарыңыз менен чечилбеген келишпестиктерди талкуулашыңыз мүмкүн.

Балык
(20.02–20.03)

Бардык иште чынчыл болуңуз, бул сапат сизге кырдаалды башкарууга, чагымчылдыктардан таза чыгууга мүмкүндүк берет. Эмоцияга алдырып талашып-тартышпоого аракет жасаңыз, жосунсуз жүрүм-турумуңузду башкалар туура эмес түшүнүп калышат. Дем алыш күндөрү үй-бүлөңүз менен көбүрөөк убакыт өткөрүңүз. Сүйүүдө өзүңүздүн кызыкчылыгыңызды биринчи орунга койгондуктан жан шеригиңиз менен түшүнбөстүктөр жаралат. Андыктан бардык тарапты тең караңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1107, 23-29-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан