Кош бойлуу айымдар колдончу эрежелер

Кош бойлуулук – оору эмес. Ошентсе да айрым эрежелерди сактоо ашыктык кылбайт. Эки-үч балалуу болгон тажрыйбалуу энелер бул эрежелерди жакшы билишет. Ал эми биринчи жолу эне болууга камданып жаткан айымдарга макалабыз жардамчы болот деген ишеничтебиз.

Дени сак балалуу болуш үчүн...

Эң алгач бала пландалган болушу шарт. Тагыраак айтканда, ата-эне экөө тең баланы бакканга моралдык, физикалык, финансылык жактан даяр болушу керек. Анан сөзсүз ата-эненин ден соолугу чың болушу кажет. Энеде фолий кычкылы (баланы пландагандан 3-6 ай мурун фолий кычкылын иче баштайт. Бул баланын нерв системин туура калыптандырганга жардам берет), гемоглобин, жана башка керектүү витаминдер жетиштүү болуп, организмге күч келтирчү факторлорго даяр болушу шарт. Кош бойлуулуктун 6-7-аптасынан баштап акушер-гинекологго катталып, төрөгөнгө чейин анын көзөмөлүндө болосуз.

Эмне кылса болот?

Кош бойлуулук оору эмес экенин дагы бир жолу эскерте кетели. Андыктан күнүмдүк жашоо рационунда өзгөчө айырмачылыктар байкалбашы керек.

 Күндө эмне кылып жүрсөңүз, ошол тартипте эле жүрө бересиз. Болгону физикалык оор жумуштарды жасабай, оор көтөрбөй, чуркабай жүрүңүз. Өзгөчө алгачкы үч айлыкта, түйүлдүк жатынга бекем орногончо физикалык оор жумуштардан, суукка-ысыкка урунуудан сактануу кажет. Ал эми калган учурда жеңил физикалык көнүгүүлөр, көпчүлүк учурда майда-чүйдө үй жумуштары айымдарды физикалык тонуста кармайт. Кечке жата бергенден көрө дайыма кыймылда болгон айымдын төрөтү жеңилирээк болот.

 Чачты кестирүү түйүлдүккө эч кандай таасирин тийгизбейт. Ал эми курамында химиялык каражаттар бар боёктор менен чачты боёбой коё турган оң.

 Мурда спорт менен машыгып жүргөндөр үчүн кош бойлуу кезде тынч отуруп калуу түшүнүксүз сезимдерди жаратышы ыктымал. Анан да төрөттөн кийин бат калыбына келгиси келген айымдар көп. Ал үчүн кош бойлуу кезде йога, пилатес сыяктуу спорт түрлөрү менен машыксаңыз болот.

 Кош бойлуулар көлгө, хлору жок бассейнге түшсө болот, алгачкы үч айлык мөөнөттөн кийин. Суу өтө муздак болбошу зарыл. Анан да күндүн түз тийген нуру балага өтпөшү үчүн жабык купальник кийүү сунушталат. Сууга түшсө болот экен деп кечке чабак уруп жүрүп албаңыз, кыска мөөнөткө сууга кирип, сергип чыккан жетиштүү.

 Тиш дарыгерине барса болот. Болгону алгачкы үч айлыктан кийин барып, тиш доктурга кош бойлуу экениңизди эскертишиңиз керек. Врач эскертүүңүзгө жараша дары-дармек колдонот.

Эмне кылса болбойт?

  Физикалык оор жумуштар. Кыргызда конок чакыруу күнүмдүк жумуштун бир тармагы болуп калган. Ошентсе да кош бойлууларга түшүнүү менен кароо керек. “Мурда мен онду төрөп, шумдук жумуш кылып деле өлгөн эмесмин. Манас төрөчүдөй болуп...” деген сөздөр жарабайт. Азыр заман башка, адамдар да башка, айлана-чөйрө, оорулар да башка. Дени сак тукум алам дегендер болочок энени аяшы керек. Конок чакырба дебейбиз, болгону жардамчы жалдап коюңуз, болочок энеге көп түйшүк түшпөсүн.

 Кош бойлуу кезде лазердик, фото, электроэпиляция кылууга болбойт. Физиодарылануу керек болсо, сөзсүз акушер-гинекологдун көрсөтмөсү менен болушу шарт.

 Бир жериң ооруп турса, кошунанын кеңеши менен “бул дарыны кош бойлуулар ичсе болот, эч нерсе болбойт” деген нерсе жарабайт. Ар бир адамдын организми өзгөчө, андыктан көрүнгөн дарыны ичпей, врачтын көрсөтмөсүнө гана таяныңыз. Чыдабай баратсаңыз ооруканага барыш керек.

 Тамеки, алкоголдук ичимдиктер сунушталбайт. Өзгөчө биринчи үч айлыкта баланын эң маанилүү органдары түзүлө баштайт.

 Кофе сүйүүчүсү болсоңуз, болушунча кыскартыш керек. Күнүнө болгону 1 кичине кружка кофе мүмкүн. Кофе таза, кошулмасыз табигый болушу шарт.

 Стресске алып келе турган учурлардан качуу керек. Капаланып, санааркап турсаңыз, таза абага чыгып, кере-кере дем алып, тынчтанганга аракет кылыңыз.

 Кичине болсо да кан келгенин байкасаңыз, дароо төшөккө бутту көтөрүп жатып, анан врачыңыз менен байланышыңыз. Эч нерсе болбойт, кан деле эмес, күрөң былжыр эле экен деп жүрүп алган болбойт.

  Айрым боюнда бар айымдар бензиндин, оңдоп-түзөө иштеринде колдонулган боёк же башка химикаттардын жытына талгак болушат. Бирок алардын баары түйүлдүкө зыян экенин унутпаңыз.

  Косметологияда: вакуумдук тазалоо, орто жана терең химиялык пилинг, ботокс жана башка укол түрлөрү, агартуучу процедуралар болбойт.

  34 жумадан кийин кош бойлууларга учак менен учканга болбойт.

  Компьютер, уюлдук телефондон алыстаңыз. Өзгөчө ай-күнү жакындап калгандар бул каражаттарды азыраак колдонушканы оң.

Түйүлдүккө пайдалуу адаттар

  Күнүнө жок дегенде 3 даана мөмө-жемиштин түрүн, 1 порция жашылча салатын жегенди адатка айлантыңыз.

 Тамак-аш рационунда сөзсүз айран, йогурт (таттуу эмес), быштак болушу шарт.

 Күнүнө 1 саат таза абада сейилдөө керек.

 Курсактагы бала менен сүйлөшүп, ырдап, болушунча кубанычтуу эмоцияда болгонго аракет кылыңыз.

  Жума сайын таразага түшүп туруңуз. Салмак көбөйүп же кошулбай жатса, тамак-аш рационуна көңүл бөлүп, эмнени алып, эмнени кошуш керек экенин байкаңыз. Балага да, энеге да пайдасы жок фаст-фуд азыктарынан кийин ашыкча салмак күтүлөрүн унутпаңыз.

 Таза суу ичүүнү адатка айлантыңыз. Алгач күнүнө 1-2 литрге чейин ичсеңиз. Кош бойлуулуктун акыркы айларында 1 литрге чейин ичсеңиз болот.

 Күнүнө толук кандуу, тынч уйку керек (8 саат).

 

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1107, 23-29-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан