Мурадил Данияров, ырчы: “Ал ырдын менин жашоомо таптакыр тиешеси жок”

“Маликам” деп сыздаган ырчы Мурадил Данияров токтолуп, учурда бир кыздын атасы. Жакында жаңы ыры жарык көрүп, ал ырына клип тартуу иштери менен алек экен... Дагы кандай жаңылыктары бар? “Ырымды ырдап, эл арасында тынч эле тиричилик кылгым келет” деген ырчынын маегине назар салыңыздар.

– Саламатсызбы, Мурадил мырза? Бишкекке кандай иштер менен келип калдыңыз?

– Саламатсыздарбы, жалпы окурмандар? Чыгармачылыкка байланыштуу эле иштер менен келдим. Жакында эле “Өкүндүр” деген жаңы ырым жарык көрдү. Азыркы тапта ошол ырга клип тартайын деп жүрөм. Өзгөчө клип тартсак деген оюм бар, сценарийдин үстүнөн иштеп, изденип, актёрлорду карап, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.

– “Өкүндүр” деп ырдоого эмне себеп болду?

– Эми бул ырдын менин жашоомо таптакыр тиешеси жок. Репертуарымда ар кандай багыттагы ырлардын болушун каалайм. Ошон үчүн эле Зарлык Камбаралиевге кандай ыр ырдагым келип жатканын түшүндүрдүм эле, анан ушундай ыр жаралды.

– Жакшы клип күтөлү анда. Ата болдуңуз, статус өзгөрдү дегендей. Кандай экен ата болгон?

– “Балам, балалуу болгондо билесиң” дейт го. Кызымдын арты менен ата-энемдин кадырын билип отурам. Кызыма бир нерсе алып жатканда ушуну колуна кармаса кандай кубанат, ушуну кийгизип көрсөм кандай болот деп болушунча үйгө шашам. Ошондо ата-энебиз колунда эмне болсо бергенге шашып, бизди ушунчалык жакшы көрүп элжиреп чоңойтконун түшүндүм. Кызымды карап туруп “ээ, Кудай, ушундай да шириндик, ушундай бир бактылуулук болот беле” деп кызымды кучактап алам. Бала үй-бүлөгө чоң көпүрө болот экен. Кээде жубайым экөөбүз пикир келишпей таарынышып калганда кызыма келип аны эркелетип жатып эле эмне болуп сүйлөшүп кеткенибизди билбей калабыз. Бала деген бактылуулуктун чокуларынын бири экен. Кызым үйдөн чыгып жатканда мени ээрчийт, үйгө келгенде кудуңдап тосуп алат. Тили “ата” деп чыкты. Апасы “апа де” деп үйрөтүп коюп жүрөт. Үйдөн эч жакка чыккың келбей, чыксаң сагынып үйгө шашып калат экенсиң.

– Кызыңызга элжиреп, жакшы ата болууга жан үрөп жатыптырсыз. Ал эми кандай күйөө бала болуп жатасыз?

– Отун жарып, суу ташып кызмат кыла элекмин. Бирок тойлордо ырдап кызмат кылып жатам. Эми кызматтарды кылыш керек болсо андан деле качпайм. Келинчегимдин үй-бүлөсү менин дагы үй-бүлөм да. Эки жакты тең бирдей, тең караганга аракет кылам.

– Кызмат кылуудан качпайм деп калдыңыз, кой сойгонду билесизби?

– Билбейм, бирок касапчыга сойдуруп келгенди билем да (күлүп). Акчаң болсо ар бир ишти өзүнүн адисине жасатсаң болот азыр.

– Туура. Акыркы жолу маектешкенибизде бизнес баштап жатканыңызды айттыңыз эле...

– Чыгармачылыктан эмнеге алыстап кеттиң деп сурап жаткандарга жооп катары айта кетейин. Ооба, ата-энем үчүн бир бизнес түптөдүм. Алар Орусияда эмгектенишчү, келип, кайра кетип калып эле жүрүшкөн. Анан туруктуу бул жакта болуп, бир иш менен алек болушсун деп авто тетиктерди саткан дүкөн ачайын деп пландаган элем. Жер алып, ал жерге орун даярдап, курулуш иштери менен алек болуп жүрдүм. Кудайга шүгүр, иштеп баштады. Бирок бул учурда деле чыгармачылыкта таптакыр иштебей койгон жокмун, жаңы ырларды жаздырып, ырдап эле жаттым.

– Бизнести жолго салып коюп, чыгармачылыкка киришипсиз да кайра? Азыр элди таң калтыруу оңой болбой калбадыбы? Мурдагыдан кыйыныраак болбойбу?

– Азыр элди биз таң калтырбай эле, эл бизди таң калтырып калды го. Белгилүү болуу оңой бирок. Бир жанып, бир өчкөндөй эле болуп калбадыбы. Баары бир эмгек керек. Мурдатан келе жаткан Бек Борбиев, Сыймык Бейшекеев сыяктуу легендага айланган ырчылар бар. Алардын аты эч качан өчпөйт, себеби алардын артында эмгеги бар. Биз деле колдон келишинче аракетибизди кылып эмгектенип келе жатабыз. Мээнет кылганды уланта берсек, бир күнү мээнеттин акыбети кайтат да. Таланты болбосо, интернеттин күчү менен гана бир жарк этип алган ырчы ал толкунду дайыма кармап тура албайт. Азыр баары тез-тез өзгөрүлүүдө, мурдагыдай ырчынын жылдызы жанып, ыры хит болгон абалында жылдар бою тура берүү деген жок. Кийинки жаңы нерсе чыкканча гана өкүм сүрүп, өмүрү кыска болуп калды. Мен эмгек гана үзүрүн берет деген ойдомун.

– Анда хайп жаратуу деген нерселерди ойлонбойт экенсиз да?

– Жок, хайп мен үчүн эмес. Андай нерселерден алысмын. Эми хайп жаратыш азыр оңой эле болуп калды. Социалдык тармактын активин көтөрүш үчүн улам бир хайп жаратышып, өзүнчө бир жумуш катары жасалып жатат. Мен актив көтөрүүгө деле далалат кылбайм. Ырларымды, тойго барганымды, өзүмө керектүү нерсени гана киргизип коём. Буюрганы деп тынч эле эл катары жүргөн жагат. Эл көрсүн деп жасанып алып деле көчөдө жүрө бербейм. Жөнөкөй айылдык жигиттей эле жүрөм.

– Ишенчээкмин, эч кимдин көңүлүн ооруткум келбейт деп айтып каласыз. Бул сапаттарыңыздан зыян тарткан учурлар болдубу?

– Көпчүлүгүн өзүмдөй сезип өтө ишенип алып же бир туура эмес жагдай болуп жатса “муну мындай кылып койсо болмок” деп ичиме сактай берчүмүн. Оюңду айтпай өзүңдү ичтен жеп жүрө берген деле туура эмес экен. Азыр ыңгайын таап ошол жерден айтууга аракет кылам. Бирок дагы деле эч кимдин көңүлүн оорутпасам дейм.

 

Динара Акимова  

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1107, 23-29-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан