Медер Алиев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Кошоматчылык бизде кадимкидей кесип болуп калыптыр”

Каарманыбызды журналисттер “өзүн такай “рамкага” салып жүргөн депутаттардын бири” деп сыпатташат. Бирок Медер Алиев өзү андай пикирлерге макул эмес, “табиятымдан мүнөзүм ушундай” деп келет. Жашоодо түз жүрүп, түз сүйлөп, түз жашаганды бийик туткан эл өкүлү Медер мырза менен кызыктуу маек курдук.

– Кандайсыз Медер мырза? Соңку аптадагы суук аба ырайында бишкектиктер Бишкек ЖЭБи үйлөрдү ысыта албай жатат деп даттанышууда. Сиздин үйүңүз жылуу элеби?

– Жакшы. Кудайга шүгүр, мен жашаган үйдө газ, жылуулук деген жок, баары электр энергиясынын негизинде курулган. ЖЭБдеги кырсык боюнча айтсам, ал жакта чынында жабдыктар эскирген, баарын жаңыртыш керек. Жаңылабаса бул көйгөй эртең, бүрсүгүнү, 2-3 жылдан кийин деле кайталана бериши мүмкүн. Кырсык боло берет, муну түшүнүү менен кабыл алыш кажет. Биздин чиновниктерибиз мамлекеттин акчасына кол салмайынча тура алышпайт экен да, ЖЭБдин реконструкциясына бөлүнгөн акчалардын канчасы желип кетти. Эми комиссия түзүлүп, жеп кетишкен акчаларды аныктап, элдин катуу көзөмөлү менен кайра ЖЭБдеги жабдыктарды жаңыртууга мажбурбуз.

– Бийликчил партиядан депутат болуп шайланып келсеңиз да айрым маселелерде командалаштарыңыз менен келише албай каларыңыз байкалат. Мисалы, Кемпир-Абад, Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү маселелеринде... Айтсаңыз, бийликчил фракцияда туруп жеке принциптерди бекем кармануу оорбу?

– Ооба, мен депутат болуп келген “Ишеним” партиясын көпчүлүк бийликтин позициясын колдогон партия деп тааныйт. Бирок кандай учур болбосун мен үчүн эң маанилүүсү – тарыхта таза иштеп кеткен саясатчы катары калуу. Себеби сенин басып өткөн жолуң, кадыр-баркың утурумдук, келет-кетет. Бул турмуш өзү утурумдук нерсе. Мага чейин да саясатчылар болгон, менден кийин да болот. Ошол үчүн мен бийликчил партияда боломбу, же бийликчил эмес партиядабы, бир эле принцибим бар: колуңду таза карма, мыйзамсыз иштерге барба, мамлекеттин эсебинен байыба. Албетте, саясий жолуңда өз оюңду эркин айтууда, эркин ой жүгүртүүдө кандайдыр бир күрөш, кагылышуулар менен беттешесиң.

– “Аферисттер сүйлөгөндө өзүңдү күнөөлүү сезип кетесиң” деп социалдык желедеги баракчаңызга жазыптырсыз. Эмнеден улам мындай пикир жазгыңыз келди?

– Негизи бул сөз жумушка түз тешелүү эмес, жалпы жонунан айтылган эле. Саясатта жүрүп көп нерселерди байкап, талдап көрөсүң. Кимдин жашоосу ийгиликтүү болот, акчасы көп болот, ким улам-улам парламентке шайланып келе берет, баарын ойлонот экенсиң. Көбүнчө саясатта кошомат кылгандар жашап кетишет тура. Кошомат бизде кадимкидей кесип болуп калыптыр. Бул кесипти деле жакшы өздөштүрбөсө, кээ бириники окшошпой калат аракет кылса деле. Эң күчтүү аферисттердин, күчтүү кошоматчылардын заманы болуп калыптыр азыр. Мисалы, Акаевдин тушунда кошомат кылгандар Бакиевге, Бакиевге кошомат кылгандар кийин Убактылуу өкмөткө, Атамбаевге кошомат кылып жүрүштү. Эми ошолордон кийин азыркылар менен иштешип жатышат. 2020-жылы Октябрь айында элдик толкундоолордо Садыр Нуркожоевичти эл катуу колдоду, айрыкча укуктук талаада дүйнөлүк коомчулук тааныйт-тааныбайт болуп, либералдык юридикалык коомчулук каршы болуп жатканда биз алдынкылардан болуп колдоп бердик. Адилеттүүлүк үчүн белгилеп кетиш керек, азыркы президенттин жана анын үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиевдин жакшы иштери жок эмес, зор аракеттери бар. Бирок ойлондурганы, кайра эле баягы мурунку кошоматчылардын жоон тобу тегерегин курчап алды. Кудай анын бетин ары кылсын, эгер бир нерсе болуп кетсе ал кошоматчылар баары ынтымакташып башка жээкке өтүп кетишет. Тескерисинче, “биз айтканбыз, дегенбиз, бизди укпайт эле” деп кыйкырып чыгышат. Аларда принцип, адамгерчилик деген жок. Муну тарых далай жолу далилдеди го.

– Дарыканаларда сатылган синтетикалык баңгизат каражаттары, жаш балдар арасындагы баңгичилик маселеси боюнча демилге көтөрүп жүрөсүз, көйгөйдүн масштабы Кыргызстанда канчалык?

– Ооба, чынында бул маселе жаштар арасында курч көйгөйгө айланып, эксперттер коңгуроо кагып жатышат. Анткени синтетикалык  баңгизат каражаттарын сатып алуу жеңил болуп калды. Интернет дүкөндөрдөн эле сатып алып жатышат. Биз жабыркаган ата-энелер менен сүйлөштүк, абал чынында кейиштүү. Ушундан улам дарыканаларда андай каражаттарды рецеби жок сатпоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштадым. Эгер мыйзамсыз сатышса биринчи жолкусунда олчойгон айып пул төлөсүн, экинчи жолу кайталанса ал дарыкананы лицензиясынан ажыратуу керек деген демилгени көтөрдүк. Эки комитет тең колдоп берди. Ошондой эле менин сунушум менен токтом кабыл алынды. Анын негизинде эми билим берүү, ички иштер, саламаттыкты сактоо министрликтери ар квартал сайын бул маселе боюнча жүргүзүлгөн иштер боюнча отчёт берип турушат. Бирок мамлекетке ишене бербей, ата-эне да балдарын көзөмөлгө алышы керек. Анткени синтетикалык баңгизатты адам эки жолу колдонгондон кийин ага толугу менен көз каранды болуп калат экен. Бул биздин келечек үчүн чоң коркунуч.

– Кандай ойлойсуз, саясатта кызуу кандуулук жардам береби же тескерисинче, зыянбы?

– Менин ошондой мүнөзүм бар. Атам айтып калчу “ачууңдун келгени ишиңдин жарымын уттуруп жибергениң, ачууң келсе онго чейин сана, ал тарагыча бас, жат” дечү. Өзүм деле дайыма акыл калчаганга аракет кылам. Эмоцияңды башкаруу бул абдан татаал нерсе, адамсың да, ар кандай учурлар болот. Саясатта кызуу кандуулуктун пайдасына караганда зыяны көбүрөөк.

– Эгер сиз журналист болуп, Медер Алиевден интервью алсаңыз ага эмне деген суроону берет элеңиз?

– Саясатка барганыңа өкүнбөйсүңбү деп сурамакмын (күлүп). Себеби, саясатта утканга караганда уттурганың көбүрөөк болот экен. Мен саясатка бара жатканда бир журналист карындашым “Медер байке, саясатка барбай эле койбойсузбу, саясатчыларды баары жаман көрүшөт” деп айтты эле. Бара-бара ошол нерсе чын окшойт деп ойлоп калдым. Анткени көп душман арттырасың, мисалы, жакында Жогорку Сотко бир талапкер сунушталды эле, мен дароо “тажрыйбаңыз жетишсиз экен” деп айттым. Болду, мен ага, анын бала-чакасына өмүр бою душманмын. Анан саясатта кылган ишиңе жакшы деп баа бергендер аз болот. Кээде 7 миллион карапайым калктын арасында үй-бүлөм менен тынч эле жашап өтсөм, стресстен, ашыкча ойлордон, ызы-чуудан, жаман сөз, жаман көздөрдөн алыс жашасам эмне болмок деп ойлонуп калам. Себеби, депутат болуп тапкан кадыр-барктын, белгилүү болуунун да төлөй турган нерсеси болот. Саясатчыларды артист, ырчылардан айырмаланып баары гүл берип, кол чаап жакшы көрө бербейт. Саясатчынын жолу татаал. Бирок ушундай кыйынчылыктарга карабай менин тагдырым саясат менен чырмалышып, мени менен жашарын сезем, билем. Келечекте ким болбоюн, сөзсүз саясатта болорум анык.

 

Лунара Бекиева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1107, 23-29-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан