Шоола (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал )

(Башы өткөн сандарда)

Жусуптун көз жашы жаздыкка тамып жатты. Ушул бала төрөлгөндөн берки жек көрүүсүн эстеди. Жек көрүүгө толгон күндөрүн, ал тургай бул баласынын жүзүн карагысы келбеген кездерин эстеди. Бала анын жек көрүүсүн түшүнбөй “аталап” колун сермеп, талпынып, бирок аягында аны эмес, дайыма жанындагы иниси Жанатты колуна алып кетип калганда бакырайып таң кала тиктеп калган көздөрүн эстеди. Кандай гана күнөөсүз көздөр эле...

Чоңойду, бирок өз уулу эмес, дайым жек көргөн Канат ага күйүмдүү уул чыкты. Мындан бир нече жыл мурун инсульт болуп, төшөк тартып жатып калган. Ошондо биринчи жардамга чуркаган Канат болду. Алгач ошол абалында да жардам алгысы келбей колун терс шилтөөчү. Бирок Канат андан жүзүн буруп кетпеди. Эң жакшы деген доктурларга алып барды, эң жакшы деген табыптарга көрсөттү. Натыйжасы жаман болгон жок. Азыр өзү эшикке кирип-чыгып, сүйлөп, дааратканага өзү барып калды. Ошондо гана жүрөгүнө ыраазычылык кирди. Андан кийин сүйүү кирди. Анан Канатка деген ушунчалык күчтүү мээрим пайда болду. 

Эми Канатсыз анын жашоосу токтоп калчудай абалга жетти. Аябай жакшы көрөт. Жакшы сүйлөй албаса да колу менен жаңсап чакырып алат да, башынан сылап, ичинен дуба айтып, анын ар бир спорттук беттеши алдында абдан санааркайт. Кайра-кайра аялына телефон чалдыра берет. Канат ушундай жигит эле. Жек көрүүнү да сүйүүгө айландырып алган эбегейсиз чоң жүрөктүн ээси болчу.  Азыр дагы күтүп жатып, ал айттырбай бутун укалап баштады. Анын карылуу колдорун бутунда сезип, бактылуулуктан ыйлап жатты Жусуп. Өзүнүн жылдар бою түгөнбөгөн, бүтпөгөн жек көрүүсү ушундай чоң сүйүүгө айланганына таң калып жатты. Канат атасынын ойлору менен иши жок, бутун укалап жаткан. Ал акырын бутун тартып алганда токтоду.

– Чарчадыңызбы...

– Ммм...- өз тилинде булдуруктады. Канаттан эмне болгону сурады.

Эх, эмне болгонун айта алса кана. Көкүрөгүн курттай жеген ойлору менен бөлүшө алса кандай болот эле. Бирок анте албайт. Апасы бөлмөсүнө киргенде Канат ойлуу жаткан. Апасынын мээримдүү колдору чачын сылады, ыйлагысы келип кетти.

– Сен бул ааламдагы бардык нерсени оңдой албайсың да, уулум. Мейли, Жанатты жайына кой. Ката кетирүүдөн сен аны сактай албайсың. Ал көк бет, кой деген нерсеге кайра жабышып калмайы да бар. Ал кенедейинен ошондой.

– Сен Айдарды көрсөң, келиниңди көрсөң антип айтпайт элең, апа, алардын күнөөсү эмне? Эмнеге алардын алдындагы жоопкерчиликти түшүнбөйт? Эми макул дейли, ал жаңылсын, келинчегин таштап Шоолага баш кошсун. Мен кантип жашайм? Мен кантип ошол нерсени көрүп, көнүп жашай алам? Башка жакка кетип калайын десем, сиз, атам...  Башым айланып калды. Эмне кыларымды, кантип ойлонорумду, бул нерсеге кантип каршы турарымды билбей калдым. Апа, жол көрсөт мага. Эмне кылышым керек?

– Мен сүйлөшөм Жанат менен...

– Укпайт, көзүнө эч нерсе көрүнбөй калыптыр...

– Ал мени угат! Жанат мени угат!- деди апасы бекем. Канат “мейли” дегендей башын ийкеди.

 

ххх

Апасы кирип келгенин күтпөгөн Жанат секирип турду. Деги эле өмүрү апасы ага келет деп ойлогон эмес.

– Апа, тынччылыкпы?

– Кандайсың, уулум? Тынч, жакшы элебиз. Жөн эле сени менен сүйлөшөйүн деп келдим.

– Атама бир нерсе болдубу?

– Жок, жакшы ал деле.

Апасы отуруп бир топко үн катпай калды. Жанатка маңдайындагы креслого “отур” дегендей жаңсап койду. Эне-бала тиктешип отурушту. Эмнегедир көпкө чейин ушундай отурушту. Экөө тең бири-бирин сагынган экен. Апасы кучагын ача берди.

– Келчи, Жанат...

Кучагына кирген уулун өөп, куду кичинесиндегидей жыттап алды.

– Эмне болду, апа?

Ордунан турган Жанат дагы деле апасын таң кала тиктеп жатты.

– Сен Шоола менен чогуу иштеп жатканыңды билем. Үйгө келбей жатканыңды да билем. Бул эмне кылганың?

– Хм, Канат айттыбы?

– Ал кыз шаарга келгенде эле сен аны таап байланыша турганыңды билгем.

– Анан?- деди сабырсызданган уулу.

– Сен туура эмес жолдосуң, ниетиңден кайт, уулум. Мунун арты жакшылык менен бүтпөйт. Канатты ойло.

– Кайра эле Канат үчүн келдим, калп эле ал үчүн мээримдүү эне болумуш болуп жатам деңиз,- деди кекээр жылмайган Жанат.

– Андай эмес. Аны да, сени да жакшы билем.

– Жанат, уулум, мен эч бир убакта экөөңдүн ортоңорду бөлүп-жара турган нерсе кылбадым. Өзүң айтчы, сага кандай кам көрсөм ага ошондой кам көрбөдүмбү?

– Бирок сүйүүң ага өзгөчө болчу.

– Канат өзү өзгөчө уул болду, Жанат. Ал менин уулум болгон үчүн эмес, анын жүрөгү тоодой, мээрими көлдөй болгон үчүн элдин баары ага тартылып турат.  Сен кичине эмессиң, акылың менен тушүнүшүң керек. Канатты ким жакшы көрбөйт? Коңшунун баары, мугалимдер, айланасында ким болсо ошонун баары аны жакшы көрчү. А сен ошонун айынан көлөкөдө калдым деп ойлоп жатасың. Андай эмес, сени да жакшы көрөм. Бирок сен атаандаша берип аны көрбөйсүң.  Канат баарын өзүнөн артык сүйдү. Сени эң биринчи жакшы көрөт. Сен десе баарынан баш тарта ала турганын да билесиң. Кезегинде Шооладан сен үчүн баш тартканын да билесиң. Эми сенин кезегиң, уулум. Сен эми Канат үчүн андан баш тарт. Канат муну көтөрө албайт. Ага кыйын. Биринчи жолу өзүмчүлдүгүңдү ташта. Суранам сенден, менин сенде энелик акым болсо ошону ортого коюп суранам. Тереңдей электе токтот.

Жанат каткырып күлүп жиберди. Жасалма күлкү бир топ убакытка чейин кабинетте жаңырып турду.

– Биринчи жолу мага көңүл бурганы келди десем, ал дагы сүйүктүү уулуңуз үчүн экен. Мен үчүн бир нерсе кылып койдуңузбу, апа?

– Жанат, акылыңа кел, сенин үй-бүлөң бар!- деди апасы чарчаңкы.

– Ажырашкандар азбы азыр, уулумду күндө барып көрүп турам. Аялыма түшүндүрөм. Ал дагы тагдырын кабыл алат. Жашоосун улантат. Мен өзүм үчүн жашайм, апа! Мен биринчи жолу бактылуумун! Кенедей кезимден бери биринчи жолу мен толук бакыт эмне экенин сездим. Мен ансыз жашай албайм.

– Ал сени сүйбөйт! Сен муну билип туруп кантип жашайсың? Кантип экөөнүн бир дасторкондо отурганын, бири-бирине болгон сезимдерин көрүп жашайсың? Сен анык ошондо тозокко түшөсүң. Ушунчалык бактысыз болосуң, уулум. Башка аял болсо болуптур дейт болчумун. Бул кыз башка, анын Канатка болгон сезими да башка. Сен кантип көрбөй жатасың бул чындыкты?

– Мейли, аны ошол убакта көрөм. Азыр бактылуумун, мага ошол жетет.

Апасы канчалык суранган сайын ал ошончо көшөрдү. Сезимдер анын көзүн көр кылып койду. Апасы жандалбастаган сайын анын жолу туурадай сезилди. Үч  саат бою бардык жагынан мисал кылып, урушуп, жалынып, суранып да айтып көрдү. Бирок Жанат такыр эле уккан жок. Ордунан туруп терезеден ылдыйда ары-бери басып турган Канатты көргөндө Шоола көрүп калбасын деп да коркуп кетти.

– Апа, азыр сиз үйгө барыңыз, мен кечинде барам. Анан шашпай сүйлөшөлү,- деди. 

Эптеп апасын узатып, ал Канаттын машинесине отуруп кетип калышканда гана жеңил дем алды. Шооланын Канатты көрүп калуусунан ушунча коркуп жатканына, кийин бир үй-бүлө болуп жашаганда эмне кыларына акылы жетпеди. Ал азыркы сезимдеринин гана кулу эле.

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1107, 23-29-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан