Камчыбек Ташиев суктанган – Ламин Ямал

Жаш футболчу Ламин Ямал “Барселонанын” жанып келе жаткан жаңы жылдызы. Аталган футболчуну жакында эле Кыргыз футбол союзуна жетекчи болгон Камчыбек Ташиев да мыкты үлгү катары мисал кылып, 16 жаштагы футболчунун көрсөтүп жаткан укмуштуудай жыйынтыктарына суктанганын айткан. Кыргыз футболу да Ламин Ямалдай таланттуу жаш футболчуларга суусап турганы анык. “Келечектин жаңы Мессиси” атыккан Ламин Ямал тууралуу кызыктарды төмөнкү макалада чогулттук.

Хавьер Эрнандес: “Ямал өзгөчө! Ал бизди таң калтырып бүтө элек!”

16 гана жаштагы Ламин Ямал футбол талаасындагы күрөшкө дайыма даяр. Ал “Барселона” таптаган келечектеги футбол жылдызы боло алабы? Боло алат деп көпчүлүк спорт эксперттери үмүт артууда. Ламин Ямал Ла Лигада ойногон “Барсанын” тарыхындагы эң жаш футболчуларынын бири. Ла Лигада “Барса” менен  “Реал Бетис” клубдары ойногондо Ямал 15 жашта гана болгон. Оюндун бүтөрүнө 4 мүнөт калганда талаага чыкканына карабастан мыкты топ узатуусу, чабуулдары менен эсте калган. Көпчүлүк футболчунун 15 жашында Ла Лигада ойноосун, 16 жашта Испаниянын башкы курамасына киргенин уникалдуу окуя катары баалашууда.  “Барсанын” машыктыруучусу Хавьер Эрнандес: “Ламин башкалардан айырмаланып турат. Ал үчүн менде конкреттүү ассоциация жок, ал ар кандай оюнчулардын жөндөмүн айкалыштырып турат. Табигый таланты бар оюнчу. Азыркы жаштар көп учурда эч нерседен коркпойт. Ал машыгууларда өзүн толугу менен берет. Берилген тапшырманы так, укмуштуудай аткарат. Ошондуктан мен аны башкы оюнга кошууну чечкем. Чабуулда мындай оюнчуну табуу кыйын. Ал өзгөчө! Бизди таң калтырып бүтө элек”,- деп суктанганы бар.

4 жашынан топ тээп чоңойгон

Ламин Ямал – бул футболчунун ысымы. Көпчүлүк Ламин ысымы, Ямал фамилиясы деп түшүнүп алышат. Футболчунун толук аты –Ламин Ямал, фамилиясы Насрауи Эбана. 2007-жылы 13-июлда Испаниянын Матаро шаарында төрөлгөн. Атасынын теги марокколук, энеси Экваториалдык Гвинея (ред.: Борбордук Африка) өлкөсүнөн. Балалыгы тууралуу жаш футболчу: “Эсимде бир жолу 4 жашымда көчөгө чыксам атам менен агам паркта футбол ойноп жатышыптыр. Ошол учурда бул оюнга болгон сүйүүм ойгонду, кызыгуум артты. Балалыгымда үйгө караганда көчөдө топ тээп көп жүрчүмүн. Бетиме топ тийсе да ыйлачу эмесмин, бирок такай үйгө бетим же көзүм көгөрүп келет эле. Футболду чарчап, жыгылып, баса албай калгыча ойночумун. Бул менин сүйүктүү оюнума айланды да калды”,- деп эскерет. Ямал 7 жашында “Барселонанын” алдындагы “Ла Масия” академиясына кабыл алынып, анын балалыгынын көпчүлүк бөлүгү дал ушул футбол академиясында өткөн.

Жаш жылдызды талашкан клубдар көп

16 жаштагы оюнчунун көрсөткөн жетишкендиктери учурда бардык клубдардын бүйүрүн кызытып жатканы ырас. Алсак Ямалдын ата-энеси “Реалдын” күйөрмандары, андыктан футболчу дал ушул клубда ойноп калышы мүмкүн деген божомолдор чыккан. Ямалдын таланты жана айкын келечеги менен шыктанган “Барса” футболчу менен 3 жылдык келишим түзүп, 1 миллиард доллар төлөөгө даяр экенин испаниялык “Sport” басылмасы жазып чыккан. Мындан тышкары футболчунун түпкү теги Марокко экенин пайдаланып,марокколуктар да өздөрүнүн улуттук курамасында ойноого чакырышкан. Жогорудагы божомолдорго карабай 2023-жылдын 2-октябрында Ламин Ямал “Барселона” менен 2026-жылга чейин келишим түзгөнгө жетишкен. Ямалдын агенти болгусу келген талапкерлердин саны өскөн, алсак белгилүү футбол агенти Хорхе Мендеш жаш жылдыздын кызыкчылыгын коргош үчүн Ямалдын атасына үч миллион евро төлөп бергени айтылат. Ямал эмне гана кылбасын, ал жакынкы жылдарда заманбап футболдун эң көп талкууланган оюнчуларынын бирине айланаары талашсыз көрүнөт.

Мүнөзү уялчаак, түз жүргөн жигит

“Ла Масия” академиясынын тарбиялануучулары жаш футболчуну уялчаак, ойлуу, түз жүргөн жигит катары сүрөттөшөт. Жупуну жашоо образынан улам аны өзгөчө көзгө көрүнбөгөн адам катары баалашкан. Академияда жакшы окуп, мугалимдер ыраазы болушкан. Бир жолу достору менен тартип бузганы үчүн 4жолку оюндан четтетилген. Бирок аталган жазадан кийин Ямал сабак алып, жүрүм-турумун оңдоп, ага кайра академияда билим алууга мүмкүнчүлүк берилген.

Келечектин жаңы Мессиси боло алабы?

“Барселона” жана анын “Ла Масия” академиясы дүйнөлүк футболдун эң мыкты оюнчуларын таптаган ийгиликтүү долбоор. Каарманыбыз Ямалды “Ла Масиядан” чыккан Месси менен Иньестадан кийинки эле таланттуу футболчулардын катарына кошкондор көп. Футболчу “Барсанын” башкы машыктыруучусунун сүйүүсүнө гана татыбастан, оюн талаасында Серхио Бускетс, Роберт Левандовский жана Педри сыяктуу дөө-шаалар менен бир талаада ойноого жетишкен. Футболкасында 10 номерин кийип жүргөн Ямал учурда азыноолак күйөрман топтоп, кол тамга сураган фанаттары арбып барат. Ламин Ямал чын эле келечектин жаңы Мессиси боло алабы, убакыт көрсөтөт.

 

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1107, 23-29-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан