Медер Сагынов, ырчы: «Гүлнарам” хит болбой калса, ырчылыкты таштамакмын»

“Жаным деп Гүлнарам, 

Күндө сага барам,

Сенден кабар жок го,

Салам, менден салам,

Мени сен алдаба,

Барам десем, барам,

Сүйдүм сени, Гүлнарам”...

Ушундай саптары бар ырды сиз да уксаңыз керек, окурман. Бул ыр учурда популярдуу болуп жатат. Анын аткаруучусу, ырчылыкка жаңыдан кадам таштап жаткан өзгөчө стилдүү мырза Медер Сагынов менен маектештик.

Каарман тууралуу

Туулган жылы, күнү – 2001-жыл, 9-ноябрь

Туулган жери – Ноокен району, Рахманжан айылы

Бою – 170 сантиметр

Салмагы – 66 килограмм

Билими – орто, Ишеналы Арабаев атындагы музыкалык-педагогикалык факультетин бүтпөй калган

Хоббиси – футбол ойноо

– Медер, кандайсыз? Хит болуп жаткан “Гүлнарам” ырынын аткаруучусу менен таанышып алалы...

– Саламатсыздарбы? Толук аты-жөнүм – Медербек Сагыналиев, ырдап чыгардын алдында кыскартып Медер Сагынов деп өзгөртүп алганмын. Өзүм Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Рахманжан айылында төрөлгөм. Ал жакта 1-классты 10-15 күн окугандан кийин Бишкек шаарына көчүп келгенбиз. Ошол бойдон Бишкекте отурукташып калдык. Бирок 11-класста айылдан окуп келгем.

– Жашыңыз канчада?

– Жашымды айта берейинби (күлүп)?

– А эмне, айтчу эмес белеңиз?

– Негизи айтпай жаткам, айта берейинчи эми (күлүп). Жашырганда эмне, 22 жаштамын.

– Качантан бери ырчылыкка аралашып жүрөсүз?

– Ырчылыкка мындан 3 жыл мурун кадам таштагам. Ошол кезде ыр жаздырып, клип тарттырып 2 жылдай аракет кылып ырдап жүрдүм. Ал ортодо башка бир жумуш менен алек болуп, тыныгуу алып калдым. Анан быйыл кайра жаңы ыр жаздырып, ушул “Гүлнарамды” ырдап чыктык.

– Жакшы. 10 чакты ырыңыз, клиптериңиз бар экен. Клиптерге белгилүү актёр, актрисаларды тарткан экенсиз...

– Ооба, 10 чакты ыр-клиптерим бар. Башында жакшы эле баштап, жакшы эле акчаларды коротконбуз. Буйрук экен да, канча аракет кылып бир топ каражатты салып ырларды жаздырдык, клиптерди тарттырдык. Бирок бул “Гүлнарам” чыгармасындай элге жакшы тараган жок. Кудай буюрса, ушул ыр менен бир аз жылдызыбыз жанып, бир аз болсо да элге таанылып баратабыз.

– Ушул ыр тууралуу айтсаңыз, бул ырды кантип ырдап калдыңыз?

– Негизи казактардан башка ырды 1000 долларга сатып алганы жаткам. Ошол кезде Тиктоктон ушул ырдын түп нускасы улам чыга берди. Негизи каракалпактардын ыры. Анан жактырып, ушул ырды ырдасам окшойт деп тааныштарыма угузуп көрдүм. Шоу-бизнесте аралашып жүргөн Арслан Садыбакасов деген байкем “Гүлнарамдын” автору Ажинияз деген киши менен тааныш экен. “Ушул ырды сурап бериңизчи, ырдап чыгайын” десем, макул болду. Башында 2000 доллар сураган, Арслан байкем сүйлөшүп 1700 долларга сатып алып, ырдап чыктык.

– Демек, автордук укукту бузган жоксуз?

– Ооба, автордук укукту сатып алдык. Азыр, өзүңүздөр деле көрүп жатсаңыздар керек, интернет желелеринде бул ырды ар кандай аттар менен породия кылып ырдап жатышат. Башында ырды бузбагыла деп айтканга аракет кылдым, жок дегенде Гүлнарам деп ырдашса жакшы болмок. Бирөөсү Аида, бирөөсү Жанара деп ырдап жүрөт. Мейли, социалдык тармактагы баракчаларына чыгара берсинчи дедим анан (күлүп).

– “Гүлнарам” ыры сизге ийгилик алып келиптир да демек?

– Азыркы убакта Ютубга чыкканына 2 апта болуп калды,
4 миллион 200 миңдей көрүү топтоду. Казакстандан, Түркиядан, Орусиядан колдоп көптөр жазып жатышат. Каракалпак элинен да “жакшы чыгыптыр, түп нускасынан да жакшы экен” деп мактагандар болууда. Ошондой эле сын айткандар да бар.

– Кандай сын айтып жатышат?

– “Бирөөнүн ырын ырдабай эле койбойсуңбу” дегендер бар. Толтура эле ырчылар биздин, кыргыздардын ырларын ырдап жүрүшөт, мен буга чейин ырларымды бүт өзүм атайын жаздыртып ырдачумун. Дээрлик баары Зарлык Камбаралиев агама таандык чыгармалар. Ал ырларым көп угулбады, жакшы тараган жок. Башка элдин ырын уруксат алып, сатып алып ырдап жатам.

– Максаттарыңыз кандай?

– Ырларың эл оозуна алынып кетпесе көңүлүң деле калып баштайт экен. Ушул ырды чыгарарда “эгер бул ырым да жакшы тарабаса, ырчы болуу максатымдан кайтам” дегем. Ушунчалык аракет кылып жаткандан кийин 1 миллион көрүү топтоп берсе деп тилек кылган элем. Бирок мынчалык жакшы тарайт деп күткөн эмесмин, күткөнүмдөн эки эсе ашып түштү. Алдыда жалаң шаңдуу, бир аз болсо да элдин маанайын көтөргөн ырларды ырдайын деп чечтим. Ал эми клиптеримди көбүнчө 80-жылдардагыдай кылып тартайын деп жатам. Буюрса, 2 жуманын ичинде дагы бир жаңы ыр клиби менен чыгат. Азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз.

– Жакшы. Эгер бул ырыңыз элге тарабай калса, чын эле ырчылыктан баш тартат белеңиз?

– Бул ырга, клибине 4000 доллардан ашык каражат жумшадык. Ошончо акча кеткенден кийин “менден эч нерсе чыкпайт экен” деп депрессияда эле жатсам керек эле (күлүп).

– Азыр көпчүлүк шоу-бизнес өкүлдөрү тойго басым жасайт эмеспи. Сиз да тойго чыгып жатасызбы?

– Ооба, мен да тойго чыгам. Негизи буга чейин тойго чакыруулар болбойт деле болчу. Ушул “Гүлнарамды” чыгарганда, жадакалса муну социалдык баракчама жүктөп, Ютубга жүктөй электе тойго чакыруулар башталды. Азыр Кудайга шүгүр, чакыруулар көп болуп жатат.

– Музыкалык билимиңиз барбы?

– Ишеналы Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин музыка-педагогика факультетинде окучумун. 2-курсту аяктаганда окуудан чыгып калгам. Ал кезде жаңы эле шоу-бизнеске аралашып, ырларды жаздырып баштаган кезим эле. Буларга убакыт аябай көп кетет экен, ыр изденип, клип тарттырып, студияга барып дегендей... Анан сабактарга жетишпей калып, бара албай калчумун. Ошентип барбай жүрө берип окуудан айдап салышкан (күлүп).

– Ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз...

– Ата-энем Бишкекте турушат. Айылдан көчүп келгенде эле “Дордой” базарына соодага киришкен. Соодагерлердин баласы болгондуктан, мен да базарда көп күнүмдү өткөрдүм. Мисалы, эжелерим башка өтмөктө, апам башка өтмөктө соода кылышат, алардын ортосунда товарды арабага салып алып ташып эле жүрчүмүн. Окуучу кезде жайкы каникулда арабага суусундуктарды коюп алып сатчумун. Төрт бир тууганбыз, 3 эжем бар. Үчөө тең турмушка чыгышкан. Азырынча үйдө атам, апам үчөөбүз жашайбыз.

– Атаңыз менен апаңызды качан келиндүү кылайын дейсиз?

– Үйдөгүлөр да “үйлөн” деп калышат. Кудай буюрган күнү үйлөнөрбүз. Азырынча чыгармачылыкка аракетимди кыла берейин.

– Келишимдүү жигиттин табитиндеги кыздар кандай болду экен?

– Жөнөкөй, кылыктуу, назик, эрке кыздар жагат. Азырынча сүйлөшкөн кызым жок.

– Бала кезде шок белеңиз?

– Жок, шок эмес элем. Жанагы систем деген нерсе бар эле мектепте, ошого кошулуп калдым. Мода болуп кеткен ошол кезде. Бирок биз салык салып, мушташып, аны-муну кылчу эмеспиз. Жөн эле топ болуп жүрчүбүз. Негизи тентектик деле кылган эмесмин. Акылдуу баламын (күлүп).

– Акылдуу балага ийгилик каалайбыз!

Гулийпа Маметосмон кызы 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1107, 23-29-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан