Айнура Салахидинова, ырчы: «Ырчылыкты тандаганыма өкүнбөйм»

Белгилүү ырчы Айнура Салахидинова ийгилиги, чыгармачылык жолдун өйдө-ылдыйы, кыялдары, аракеттери, тобокелчиликтери, бийиктикти багынтуудагы жеке тажрыйбасы тууралуу айтып берет. 

«Самара Токтакуновадай комузчу болом дечүмүн»

– Ырчы катары эң алгач студент кезде “Ала-Тоо жазы” деген фестивалда ырдап чыккам. Негизи бала кезимден комуз ийримине катышып, 2-классымдан баштап эле комузчуларга кошо сахнага чыгып жүрдүм. Комуз чертип чет өлкөлөргө фестивалдарга барчубуз. Азыр ойлоп көрсөм, апам мени элдин катарынан калбасын деп ошондой фестивалдардын баарына жөнөтчү экен. Бала кезде Самара Токтакунова эжедей комузчу болом деп кыялданчумун. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтуна тапшырып жатканда деле комузчу болом деген тилегим бар эле. Экзамен тапшырып жатканда Замирбек Үсөнбаев агайым “сен ансыз деле комузда күү черткенди билет экенсиң, сен комуздун коштоосунда ырдаганды үйрөнүшүң керек” деди. Ошентип ырчы катары, элдик ырларды аткаруучу, дастанчы катары фольклор жана элдик музыка бөлүмүндө окудум. Демек, менин ырчы болушума алгачкы түрткү болгон адам Замирбек агайым. Окуу жайды бүткөндөн кийин ыр жаздырып, ырдап баштадым.

“Супер-Инфого” маегиң чыгыптыр деп атам гезит көтөрүп келчү”

– Ийгиликтин артындагы кыйынчылыктар дегенде эле көз алдыма чыгармачылыктагы ысык-суук күндөр, гастролдор тартылды. Мен продюсер менен иштешкен жокмун, демөөрчүлөрүм жана эң негизги колдоочуларым – ата-энем болду. Сахнага кийген кийимдеримдин баарын апам тигип берчү. Ал эми ырларды жаздыруу үчүн өзүм чуркачумун, өтө өжөр болгон экенмин. Жеке өзүм иштесем да, репертуарымдагы ырларды тез-тезден жаңыртып турчумун. Ага кошо ар бир ырга клип тартканга аракет кылчумун. Азыркы убак менен биз ырдап баштаган мезгилди кээде салыштырып калам. Саламат аттуу бөлөм бар, ырдап жүрөт. Ага азыр колумдан келишинче жардам берем, ырларым болсо берип кол кабыш кылып турам. Жакшылыктарга жүр деп ээрчитип алам. Мени чыгармачылыкта ошентип жетелеген эч ким жок болчу. Баарына өз күчүм менен жеттим. Ата-энемдин дем-күчү, колдоосу менен талыкпай иштедим. Жаңы ыр жаздырганда биринчи ата-энеме, анан бир таежеме угузчумун. Алардын сын-пикирин угуп, ага жараша анан эл алдына ырдап чыкчумун. Ал учурда акчага деле кызыкчу эмеспиз, сахнада жүргөнүбүзгө сыймыктанчубуз. Ырларды жаздырганда да, клип тарттырганда да радио, телеканалдарга өзүм алып барып, интервьюга чакыруу болуп калса ошол күндү чыдамсыздык менен күтүп... Мисалы, “Супер-Инфо” гезитине кичинекей эле макалага 10 чакты сүйлөм сүйлөсөк да, ошону 5-күнгө чейин күтчүмүн. Ыраматылык атам менин биринчи күйөрманым эле. Гезитке интервью берип калсам, “кызым, сен “Супер-Инфого” чыгыптырсың” деп үйгө гезитти көтөрүп келчү. Эстелик болот деп ошол гезиттен мага да, өзүнө дагы ала турган. Интервьюларым чыккан гезит беттеринен альбомдорду жасачубуз.

«Жолдошума мени ырдатсаңыз турмушка чыгам дегем»

– Кыз кишиге чыгармачылыкта жүргөн жеңил эмес. Бирок турмушка чыкканда жолдошу түшүнүп, колдоп турса абдан жакшы. Эң негизгиси, жар тандоодо адашпаганга аракет кылыш керек дешет го, Кудайга шүгүр, бул жагынан жолдуу экенмин. Ырчылыктан алыстап кеткен кээ бир курбу кыздарым, тайпалаштарымдан улам байкап калам муну. Үнү сонун, жакшы ырдайт, өң-келбети да жакшынакай, бирок турмушка чыккандан кийин жолдошу уруксат бербей ырдабай калгандар бар. Мен турмушка чыгардын алдында жолдошума “мени ырдатсаңыз, чыгармачылыгымды колдосоңуз турмушка чыгам” деген элем. Ал “өзүңдүн тандооң, кааласаң ырда, каалабасаң ырдабай эле кой” деп уруксатын берген. Кудайга шүгүр, азыркы күнгө чейин баарын туура түшүнүп, колдоп келе жатат. Башында ырчы тойго барып ырдайт деген түшүнүк болбоптур жолдошумда. Анткени ал кез чет өлкөдөн келип, Кыргызстанда жашай баштаган учур эле. Башында намыстанып, “досторум эмне дейт, аялың тойдо ырдап жүрөт деп айтабы?” деп бир-эки жолу каршы болду. Турмушка чыккандан кийин биринчи жолу тойго чакыруу болгондо “бир саатта келип калам, барып келейин” десем жибербей жатты. Жаныбызда кайнежем бар эле, ал “барып келе берсин” деди. Анан алар ойлогондон да тез эле келип калдым. Ошондо “ии, сенин жумушуң өтө сонун турбайбы” деп тамашалаганы эсимде. Кийин “мен сени ачка калгандан же акчага муктаж болгондон тойго жиберип жаткан жокмун, сенин тандаган кесибиңди сыйлаган үчүн, ырдабасам болбойт деп жатпайсыңбы, ошон үчүн жиберип жатам” деп калды. Ырчы болом деген кыздарга айтат элем, колдон келсе, чыгармачылыгыңды түшүнгөн адамга турмушка чыкканга аракет кылыш керек. Ошондо үй-бүлөнү да, карьераны да, башканы да чогуу алып кеткенге жакшы мүмкүнчүлүк болот.

«Азыр мени саякатчы эжеке деп калышат»

– Ырчы боло элек секелек Айнура “чет өлкөлөргө барсам, саякаттасам” деп кыялданчу. Бул кыялым жеке эле ырчылыктын артынан эмес, башка кошумча жумушумдун артынан ишке ашты. Мени азыр саякатчы эжеке деп күлүп калышат. Үй-бүлөбүз менен чет өлкөгө чыгып эс алып, жакшы ийгиликтерге жетип келатабыз, Кудайга шүгүр, эл катарындабыз. Ушул жашоомо шүгүр кылам, чыгармачылыкты тандаганыма эч качан өкүнбөйм. Репертуарымда азыр 50гө жакын ырым бар, ырдалып чыкканы бар, ырдалып чыга элеги да бар. Сөзү Майрамбек Осмоновго, обону Руслан Нарынбаевге таандык “Кусалык” деген ыр элге сиңген. Мага атак алып келген ыр ушул болду. Айрымдар муну “биринчи ырдап чыккан ырыңыз” деп калышат. Жок, ага чейин 10 ырым бар эле. Ар бир ырдын өзүнүн тагдыры, ийгилиги болот тура. Азыркы күнгө чейин “Арманым батпай калды, кадамым баспай калдыны” ырдап бербейсизби” деп калышат. Акыркы 10 жылдан бери курбу кыздарым Азиза, Роза Шакирова үчөөбүз трио болуп ырдап жүрөбүз. “Эски досторго” деген чыгармабызды көп суранышат. Ырчылык менен алпурушуп келе жатканыма 16-17 жыл болуп калыптыр. Азыр чыгармачылык жолдун ортосуна жетип калдым деп ойлойм.

«Азыркы жашоомо ыраазымын»

– Чыгармачылык жолдо жүрүп эмне таптым? Эмне жоготтум? Ал учурда сахнага чыгып ырдагандын өзү мен үчүн чоң сыймык эле, чоң-чоң ырчыларды ээрчип гастролдорго чыкчумун. Мисалы, ата-энеме, апама учурунда кол кабыш кыла турган алтындай убакытты мен ырчылыкка арнадым. Жакшы ийгиликтерге жетейин, менин да чыгармаларымды эл уксун деген изги тилектер менен аракет кылдым. Буюрса, ал тилектеримдин баары орундалды. Чыгармачылыктын арты менен көп ийгиликтерге жеттим, белгилүү болдум, азыркы жашоомо ыраазымын. Бир гана жоготконум – 2 жыл мурун аска-зоом атамды жоготтум. Ага чейин баары менде жомоктогудай эле жашоо болгон экен. Атамды жоготкондон кийин турмушка көз карашым өзгөрдү. Өзгөчө жакын адамыңды жоготкон оор экен. Апамды аяй берем азыр, алтын апама Кудайым узун өмүр берсин деп тилейм. Азыр убактымдын көп бөлүгүн үй-бүлөмө, жакындарыма арнаганга басым жасайм. Бир туугандарым, ата-энем, өмүрлүк жолдошум, балдарымдын аман-эсендиги, жанымда жаркырап жүргөнү – мен үчүн чоң бакыт!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1107, 23-29-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан