Эрбол Жээнтаев: “Адам болбойт деп ооруканадан чыгарып коюшкан эле, айыгып кеттим”. 3 ай комада жаткан жигиттин баяны 

Каарманыбыздын тагдыры, башынан өткөргөн сыноосу, сынбас эрки көпчүлүк үчүн үлгү боло алат. 34 жаштагы Эрбол 25 жашында башынан жаракат алып майып болуп калган. 3 ай комада, 3 жыл реабилитацияда дарыланган каарманыбызды акыркы 10 жылдын мыкты адамы деп атасак да болот. Себеби ал кырсыктан кийин кайра башынан төрөлгөн, сүйлөгөндү, басканды үйрөнүп, ой-жүгүртүүсүн калыбына келтирген. Азыр белгилүү спорт залда машыктыруучу болуп эмгектенет, ал “адам жашоодо сынбаш үчүн күчтүү эрк жана өжөрлүк керек” дейт. Эрбол өзүнүн майыптыктагы татаал жолун төмөндөгүчө баяндап берди.

“15тей бала тепкилеп кеткен”

Өзүм 1989-жылы Бишкек шаарында төрөлүп өскөм. Түбүм Таластан болот. Мага чоң сыноолор 2015-жылы кырсыктаганда келди. Дос баламдын тоюна барганбыз, ошол жактан түшкөн сүрөтүбүздү алып келгендер менен “сүрөттү 200 сомдон эмес, 100 сомдон бер” деп талашып-тартышып кеттик. Өзүм да кызуу элем. Окуя кандай башталып, кандай бүткөнү эсимде жок. Эки жаат болуп урушуп, биз тараптагы 2-3 баланы 15 тей бала тепкилеп сабап салган. Арасынан эң оор жаракатты мен алдым, баш сөөгүмө доо кетиптир. Ооруканага алып барышканда күзөттө жалаң жаңы медицина кызматкерлери экен өзүм менен тең. Ошол балдар башыма операцияны туура эмес жасап салышыптыр. Баш сөөк бул адамдын эң кооптуу органы да, кайра-кайра операция жасай берген болбойт экен, экинчи жолу операция жасалганда организмим көтөрө албай, комага түшүп калыптырмын. Ал азаптуу күндөр эсимде жок, бирок апам менен иним көрбөгөн күндү көрүшүптүр. Мени дарыгерлер реанимациядан карабай коюшканда иним өзү кирип карап жүргөн. Анткени дарыгерлердин менин адам болуп кетериме көздөрү жеткен эмес. Үмүтүн үзбөгөн эле апам менен иним болуптур.

“Адам болбойт деп ооруканадан чыгарып жиберишкен, бирок басып, сүйлөп кеттим”

– 3 ай комада жатып көзүмдү ачкандан кийин дарыгерлер мени үйгө чыгарып коюшкан. Апама “балаңыз айыгып кетет” деп эч ким үмүт бербептир. Үйдөн мени иним, апам карады, алар жанымда болуп, мынчалык камкордук кылбаса мен басып кете албайт элем. Кайра башынан төрөлгөндөй болдум, жаш баладай басканды, чулдурап сүйлөгөндү үйрөндүм. Башында өзүм сүйлөп жаткандай эле кыйнала берчүмүн, көрсө, жөн эле булдуруктай берчү экенмин. Мени түшүнбөй жаткандарына кыжырданып, буюмдарды ыргытып чыдабай кетчүмүн. Оорулуу адамды баккан соо адамга аябай оор, апам менен иним менин көп “каприздериме” чыдашты. Бир жолу апам "эшикке чыккың келсе бир колуңду, ажатканага баргың келсе эки колуңду көтөр" деп үйрөтүп койду. Ошентип дудуктардын тили менен сүйлөшүп жатып кадимки сүйлөгөндү үйрөнгөм. Өзүм да ичимде “майып дешсе эле мен майып бойдон баса албай калбашым керек, басып кете аларымды далилдейм, көрөсүңөр” деп өжөрлөнчүмүн. Адам чоң акча тапкысы келип эле миллионду кантип табам деп кыялдана берет эмеспи, менин максатым кичинекей нерселерден башталды. Мисалы, “бүгүн мен тээтиги үйдүн бурчуна чейин басып барам” деп максат коём, ага жеткенден кийин “колумдан келет турбайбы, эртең эшиктеги отургучка чейин басып барып күнгө кактанып отурам” дейт элем. Эмгек, дисциплина адамды курчутат. Кичинеден басканды үйрөнүп жатып, кийин ооруканага өзүм барып калдым, андан соң спорт залга бардым машыгам деп. Адамдар максатка жетүүнү кааласа кичине нерседен башташы керек, анан адат кылып алган нерсесин күндө калтырбай жасай берсе ийгилик өзү келет экен. Менин окуямда ушундай болду, эч кимге керегим жок болуп, баары менден үмүтүн үзүп коюшканда мен башкача жыйынтыктарды көрсөтө алдым. Адамда өжөрлүк сапат менен сынбас эрк болсо эле мүмкүн эмес болгон нерсени да жасап жибере алчудай. Буга өзүм мисалмын.

“Кыйынчылыктарга чыдабай аялым кетип калды”

– Кырсыктаганда үй-бүлөлүү болчумун, экинчи балам мен комада жатканда төрөлгөн. Азыр балдарым 10 жана 8 жашта. Балдарым менен катышып турам, аларды чоң спортчу кылсамбы деген максаттарым бар. Мен кырсыктап баса албай төшөктө жатып калгандан 3 жылдан кийин аялым кетип калды. Эки кичинекей баласы анан мен майып болуп төшөктө жатсам чыдабай кетти окшойт. Жашоомдогу бул окуя да ого бетер курчутту, өзүмө басып кетем деп сөз бердим.

Учурда аялым менен достук мамилебиз бар. Ал өз турмушу менен кеткен. Менин да жеке жашоом жайында сүйлөшкөн кызым бар, буюрса, алдыда үйлөнүү планым бар.

“Көбү менин эркиме суктанышат”

– Көбү менден “сендей болуп майып болуп жатып калгандар оңою менен туруп кеткен эмес, сен кантип басып кеттиң” деп сурай беришет. Мен “энемдин сүйүүсү менен басып кеттим” деп айтам. Философиялуу угулса да бул жооп туура, майып болсом да мени сүйүп, көзүмдүн кареги менен тең айланып жүргөн апам болбогондо мен азыр маек берип отурбасам керек.

Мен 2014-жылы кырсыктагам, 2018-жылы Москвага барып дарыланып келдим. Анан ошол жакта суши барда иштеп да калдым. Кийин Кыргызстанга келгенде мени спорт залга машыктыруучу бол деп чакырышты. Анткени буга чейин ал залга барып машыгып, жакшы жыйынтыктарга жеткенимди көрүшкөн. Азыр машыктыруучулук менен алектенем. 25тей адамга фитнес үйрөтүп, туура көнүгүүлөрдү жасатып машыктырам. Ар бир окуучума мотивация берем. Бул жумуш менин жашоомдун бир бөлүгү болуп калды. Мен дагы деле өсүп-өнүгүүнүн үстүндөмүн. Китеп окуп, билим сапатымды кеңейтүү максатым бар, анткени көп дарыланып жүрүп эс тутумум аябай начарлап кеткен. Ири максаттарымдын бири “Кыргызстандын Эмгек сиңирген машыктыруучусу” деген наамды алуу. Девизим “спорт ар бирибиздин жашообузда болушу керек, спорт – узак жашоонун булагы”!

 

Лунара Бекиева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1107, 23-29-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан