Бакыт Мамаев, ырчы: “Ооруп калганымда жалгыздыгым абдан билинди”

Мындан 4 ай мурун белгилүү ырчы Бакыт Мамаев күтүүсүз ооруп калып, оор операцияны баштан өткөрдү. Бактыга жараша дарттын мизин кайтарып, гезитибизге кезектеги маегин берип отурат. Ооруп жаткандагы абалын, жубайы жана балдары жанында болбогонун, башына түшкөн оор сыноодон кийин ойлору өзгөргөнүн, уйку-соонун ортосунда жатып көзү өтүп кеткен атактууларды көргөнүн айтып берди. 

– Саламатсызбы, Бакыт ага? Ооруп калганыңыз көпчүлүктү кыжаалат кылды, коркутту. Учурда кандайсыз?

– Саламатчылык, алгач минтип кабарлашып жатканыңарга ыраазычылык билдирем. Учурда дарылануу уланууда, өзүмдү жакшы сезип калдым. Ооруканада 3 айдай жаттым, азыр үйдөмүн.

– Ден соолугум жакшы дечү элеңиз, бул дартка эмне болуп чалдыгып калдыңыз?

– Ачыгын айтсам, азырынча толук айыга элекмин. Бирок айыгып кетем деп ойлоп жатам. Ооба, өзүм да кесир сүйлөп алдымбы деп калам. Мен “оору деген эмне экенин билбейм” деп көп айтчу элем. Чын эле ушуга чейин бир да жолу  ооруп көргөн эмесмин. Диагнозумду инсульттун бир түрү дешти. Нервден улам болгон экен. Мага диагноз жазылган кагаздарын деле толук көрсөтпөй коюшту, бир нерсени жашырып жатышкандай. Эмнени жашырып жатышса да чукулагым келген жок. Азыр жакшы болуп кеттим деген эле үмүт менен жашап жатам. Баары артта калды деп ниет кылам.

– Тиги дүйнөнүн четин көрүп келдим дегендей ойду айттыңыз, уйку-соонун ортосундагы сезим окшойт, ээ?

– Мен эсиме келип-келбей жаттым. Операциянын алдында болчу, көзүм өтүп кеткен экен деп ойлодум. Төлөмүш Океев, Сүймөнкул Чокморов, Табылды Эгембердиевди көрдүм. Нурак Абдрахманов ары жакта комуз чертип турган экен. Ага жакын барган жокмун. Табылды ага мага кыргыздын байыркы эн тамгаларын берип жатыптыр. Ал тамгалар алтындан жасалгандай нурлуу экен. Сунуп жатса салааларынан бери нур... “Тарых такталды, тарыхыңа кайт, кыргыз” деп жатты. Боз үй, жанында бугу оттоп жүргөндөй, ичикчен бир киши бир нерселерди айтып сүйлөп жатты. Эсимде калганы ушул болду.

– Ооруп жакшы болгондон кийин буга чейинки жашооңузга бир саресеп салып чыксаңыз керек. Баарынан баалуу эмне экен адам үчүн?

– Негизи бирөөгө жамандык кылган адам эмесмин. Колдон келсе эч кимдин көңүлүн калтырбаш керек экен. Ооба, өмүрүмө сарасеп салдым. Айта турганым: жан талаша бербеш керек тура. Үч кабат үй курам, кымбат унаа алышым керек, бала-бакырамды минтип жиберем, тигинтип жиберем деген деле туура эмес окшойт. Жараткан берген ар бир күнгө шүгүрчүлүк айтып эле жашай бер, башканын кереги деле жок. Көр дүнүйө деп тытына бербеш керектигине көзүм жетти. Мына, заңгыратып үч кабат там салдым, азыр ошонун үч эле бөлмөсүндө жашап жатам. Калганынын баары бош, жалгызмын.

– Жубайыңыз, балдарыңызчы?

– Эми ал жагы туюк эле калсын. Ооруну да жалгыз көтөрдүм. Жалгыздык жаман экени башыңа оору түшкөндө айкын билинет экен. Эч кимдин жалгыз болушун каалабайм. Ар бир адам түгөйлүү болгону жакшы. Беш балам бар, төрт уул, бир кыз. Эң кичүүсү 9-класста окуйт. Балдар келип-кетип турушат.

– Депутат Мирлан Самыйкожо сизге операция жасаларда жаныңызда болуптур, жакын санаалашсыздарбы же тууганбы?

– Биз Мирлан Самыйкожо экөөбүз ага-инибиз да. Бир элден, бир жерден, чыгармачылыкта да жакынбыз. Ага-ини болуп жакшы катышып жүрөбүз.

– Ооруп жатканыңызда кол сунуп жардам көрсөткөндөр, жылуу кебин айткан күйөрмандарыңыз да ичиңизди элжиретсе керек...

– Мен тиги колдоду, бул колдобой койду деп айта албайм. Жалпы колдоп кетишти, элден айланса болот. Телефон номеримди кантип табышты билбейм, мен тааныбагандар да чалып жатышты. Тааныгандардын баары кабар алышты. Жаштарды билбейм, чыгармачылыкта жүргөн орто муун бүт колдоп кетишти. Өзгөчө Каныкей Эралиева, Жайнагүл Калчаева, Салима Балтаева жан-алы калбай жанымда болушту. Операциядан кийин телефондон көп сүйлөштүрбөй, келгендерге жолуктурбай жатышты. Бирок айтып жатышты кимдер келип-кеткенин. Үйгө келип да каралашып жаткандар болду.  Кыргызымдан айланайын, каныбызда бар эмеспи, бирөөнүн башына иш түшсө чуркап  барып жардам бермейибиз. Операция чукул жасалышы керек болгон үчүн керектүү каражат да бат чогулуп калды. Кыскасы, ушундай чоң колдоо болду. Баарыңыздарга ыраазымын! Ак халатчан врачтарга да рахмат. Мени ажалдын колунан сууруп, жашоого кайра алып келгендей болушту. Сиздерге да рахмат, абалымды сурап жатканыңарга. Акырында айта турганым: жашоону баалаңыздар.

– Маектешүүгө убакыт бөлгөнүңүзгө рахмат, жакшы болуп кетиңиз!

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1107, 23-29-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан