Азия чемпиондугу: Жеңил атлетчилерден 4 медаль 

17-18-19-феврал күндөрү Ирандын борбору Тегеран шаарында жеңил атлетика боюнча Азия чемпиондугу болуп өттү. Анда кыргыз спортчусу Нурсултан Кеңешбеков экинчи жолу Азия чемпиону аталды. Ал 19-февралда болгон беттеште 3000 метр аралыкты 8:08.85 мүнөттө чуркап өтүп биринчиликти камсыздаган. Ал эми аны менен кошо чуркаган жеңил атлетчибиз Самат Казакбаев 6-болуп марага жетти. Нурсултан Кеңешбеков буга чейин 1500 метр аралыгында да алтын медаль тагынган.

Булар менен кошо кыздар арасынан 3000 метр аралыкка чуркоо боюнча Айнуска Калил кызы 3-орунду багындырса, Мария Коробицкая 4-болуп келди. Айнуска Калил кызы буга чейин 1500 метрге чуркап, күмүш медалды моюнуна илген болчу.

Бул Азия чемпиондугунда Кыргызстандын капчыгы 4 медаль менен толукталды.

3000 метрде – Айнуска Калил кызы – коло (9:27.18).

3000 метрде – Нурсултан Кенешбеков – алтын (8:08.85).

1500 метрде – Айнуска Калил кызы – күмүш (4:35.29).

1500 метрде – Нурсултан Кенешбеков – алтын (3:49.10)

Жеңил атлетчилердин машыктыруучусу Татьяна Борисова.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1107, 23-29-февраль, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан