Кыргыз мушкери Марсель Нурланбек уулу Казакстандын Алматы шаарында ММА боюнча болгон турнирде тажик мушкери Камариддин Хасанов менен кез келди. Жеңил салмак чениндеги беттеш 3 раундга пландалган. 3 раунддун жыйынтыгында калыстардын чечими менен Марсель Нурланбек уулу жеңүүчү деп аталып, профессионалдык карьерасында 12-беттешин да утуш менен жыйынтыктады. Бир да утулуу жок.
Ал эми «Камиль Карате» каймана аты менен чыгып жаткан тажик мушкери Камариддин Хасанов ушуну менен 3 беттешинин экөөсүндө жеңилүү ызасын тартып калды.