Жети атаңды билесиңби, кыргыз?

Мезгилдин шамалы кайда учурбасын, кыргыздын уул-кызы жети атасын, анын жашоодогу маанисин биле жүргөнү жакшы. Айрыкча заманбап технологиянын доорунда тарбияланып жаткан азыркы муун. "Жети атаны эмне үчүн билүү керек?" деген негизги суроого филолог, изилдөөчү, учурда Жогорку Кеңештин Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн башчысы Бурулсун Бабашева менен бирге жооп издедик. 

Жети атаны билүү зарылдыгы эмнеден келип чыккан?

– Биринчи зарылдык – тазалыкты сактоо болгон. Арадан жети ата өтмөйүн туугандар кыз алышып-беришкен эмес. Эгерде териштирбей үйлөнүп алса, балдары майып болуп калат дешкен. Экинчи максаты – кыргыздар “нарктуу тукум” же “кул тукум” деп эки башка каралып, “тең теңи менен, тезек кабы менен” деген принципти катуу карманышкан. Мисалы, ак сөөктөрдүн тукумуна кул тукумунан кыз алып беришсе кан булганып калат дешкен. Азыркы учурда дагы европалык ак сөөктөр дал ушундай эрежени бекем карманышат.

Ал эми негизги максаты – кыргыз жети атасын билүү менен тарыхын, өтмүшүн, өзөгүн биле жүргөн. Мисалы, сиз жети атаңыздын тарыхын билген болсоңуз, орточо эсеп менен ата- бабаңыздын 175 жылдык тарыхын билген болосуз. Дагы бир максаты – урпак жети атасын билүү менен өз уруусунун намысын коргошкон. Мисалы, бир уруудан тартиби жок жигит чыгып калса, ошол уруунун аксакалдары аны уяткарып отуруп тарбиялап алышчу. Такыр болбосо элден четтетип коюшчу. Мурун сот, түрмө деген нерселер болбогондуктан мындай жаза элдин ынтымагын сактоодо жакшы натыйжа берген.

Эмне үчүн жети ата? Үч же беш эмес...

– Жети ата дегендин мааниси мындай. Балага өз атасынын 50 пайыз каны өтөт экен. Экинчи атада 25 пайыз, үчүнчүдө 12 пайыз, төртүнчүдө 6 пайыз, бешинчиде 3 пайыз, алтынчыда 1 пайыз, жетинчиде өтө аз пайызда гана кан калат. Демек, жетинчи атабыздан ары бизде ата-бабанын каны жок болот, демек, үйлөнүүгө уруксат. Кыргыз эли даанышман болгон да, генетика, математика илимдерисиз эле ушундай тыянактары, адеп мыйзамы менен жашап келген. Кызга жуучу келгенде аксакалдар сүрүштүрүп отуруп арадан жети ата өтпөгөн болсо кыз берүүдөн баш тартканы ушундан улам.

 Азыркы учурда жети атаны сүрүштүрүү каадасы кандай абалда?

– Азыркы учурда бул оор маселе. Жаштар үйлөнөрдө азыркыга чейин “кыздын теги ким экен? Кайсы уруудан болот экен?” деп сураштырышат. Албетте, жети атаны билүү – жакшы. Бирок медалдын экинчи тарабы да бар. Ушинтип сураштырып отуруп “ал жигит же кыз сенин теңиң эмес” деп чечүү – социалдык бөлүнүү, адам укугун тебелөө болуп саналат. Дагы бир маселе бар, кийинки учурларда ажырашуулар көп болгондуктан жети атасы түгүл, өз атасын билбей калгандар бар, бул – бүгүнкү реалдуулук. Ушул маселеде айрымдардын жарасына тийип алуу коркунучу да бар.

Жети атанын аталышы:

1) Ата

2)Чоң ата

3) Баба

4) Буба

5) Жото

6) Жете

7) Теги

 Генетика адам жашоосундагы эненин канынын ролу тууралуу эмне дегени кызык...  

– Баланын гени көп учурда ата тарабын тартса, мүнөзү, айрым сапаттары тай тарабына окшошот деген кеп бар. Ошондуктан Орто Азиядагы башка элдерге салыштырмалуу кыргыздарда генеологияга – жети атага же санжырага маани берүү тээ 9-10-кылымдарда эле болгон деген маалыматтар бар. Муну 15-кылымдагы Мажму ат-Таварихтин баяндарынан кездештиребиз. Кыргыздар адамдын ата тарабын эле изилдөө менен чектелген эмес. Бир баян бар эмеспи, уулуна жакшы жар табуу үчүн бир адам сынчы чакырат. Нарктуу, сулуу кыздардын баары чубалып сынчынын алдынан өтөт. Аягында бир жупуну аял өтүп баратса “ушул” деген экен сынчы. “Ушунча кыз-келиндин арасынан эмнеге бул?” деп таң калган кишиге сынчы айтат: “Табарсыгы толуп келе жатат. Азыр барып заары кылат ошондо жандырмагын айтам” деп. Аялдын заарасын карап туруп сынчы “мындан баатыр бала төрөлөт” деген экен. Азыркы учурда биз бардык анализди заара аркылуу жасап жатпайбызбы? Кыргыздар илгери лабораториясы жок эле муну аныктай алышкан. Демек, эне тарапка да маани берилгенин айтып кетели. Кыргыздар адамдын гана эмес, малдын да тегин сүрүштүргөнгө кыйын калк. Асыл тукум малдан тукум алууга аракет кылып келишкен.

Башка элдерде тукумду таза сактоо түшүнүгү болгон эмеспи? 

– Албетте, азыркыга чейин сакталып келе жаткандары бар. Мисалы, монархиялык династияларда, ак сөөк үй-бүлөлөрдө бул көрүнүш сакталып келет. Дүйнөгө белгилүү Рокфеллердин династиясы, Ротшильддин династиясы, Улуу Британиянын башкарып турушкан Виндзорлордун династиясы жана башкалар ак сөөктүк даражасын сактап калуу ниетинде жети атасына чейин билүүнү милдет кылышкан.

Азыркы муунга жети ата түшүнүгүн сиңирүү кыйынбы? 

– Учурда орто мектептерде жети атаңды билип кел деген сыяктуу тапшырмалар берилип, маани берилип жатат. Балдарга кенедейинен жети атасын таанытуу салты кайра акырындап жандангансыйт. Албетте, бул жакшы көрүнүш. Кыргыз кайдан тараганын, тегин, генин, тарыхын билиши керек. Болгону жети ата түшүнүгүн туура эмес багытта пайдаланбашыбыз зарыл. “Жети атасын билбеген – жетесиз кул” дебестен, башка ракурстан карашыбыз кажет. Замандын агымына жараша бул маселеге терең, ар тараптан кароо учур талабы.

 

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1108, 1-7-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан