Самат Муратбеков: “Уулдуу болууну менден да жубайым көп күттү”

– Самат, Жылдыз, куш келипсиздер маек төрүбүзгө! Үй-бүлөңүздөрдө толуктоо болоюн деп жатыптыр, кубанычтабыз. 

Самат: – Чакырганыңыздарга рахмат. Биринчи бет менен маек дегенде аябай сүйүндүм, анткени гезиттин биринчи бетине чыксак деп кыялданчубуз. Буюрса, кирип келген жылыбызга Кудайым перзент насип эткен экен, ошону күтүп жатабыз. “Гендер-патибиз” жарыяланганда айрымдар “эмнеге кыздарды жаман көрүшөт, эркек балага абдан сүйүнүшөт?” дешти. Андай эмес. Негизи эле мен кыз болобу, уул болобу, бардыгына шүгүр дечүмүн. Жалаң уулдуу болуп, кыз күткөнүмдө деле ушундай эмоция болмок. Чынында, үч кызымда тең эркек күткөн эмесмин. Жубайым эле эркек төрөп берсем дей берчү.

Жылдыз: – Операция жолу менен төрөгөндүктөн, Самат айткандай, баарынан да эркекти мен күттүм. Кесаревону оңой деп ойлой беришет. Кадимкидей чоң операциядан өтөсүң, кайра калыбыңа келишиң керек. Анысы аз келгенсип, 3-4 эле жолу төрөгөнгө уруксат берилет. – Уул болушу үчүн атайын адистердин кеңеши менен пландадыңыздарбы?

С.: – Биздин планда жокто деле врачтар социалдык тармактан “силердикин эсептедик, ушул айда кошулгула” деп жазып калышчу (күлүп). “Саматтын каны жаңырыптыр” деп да жазышыптыр, бул “Самат, сенин каның жаңырып жатыптыр” деп калчу (каткырып).

Ж.: – Ошондойлор аябай көп болду. Бир врачтын жазганы эсимде, “аялдарда 2 жылда бир, эркектерде 3 жылда бир кан жаңырат” деген эле. Чынында, кыздарыбыздын аралыктары 2 жылдан, мунубуз үч жыл болду да. Бул дал келүүбү, билбейм. Биз атайын пландаган да, санаткан да жокпуз. Баары Кудайдын буйругу менен. УЗИден уул дегенде аябай ыйлап, денем калчылдап, башкача сезимде болдум.

С.: – Биринчи төрөтүндө өнөктөштүк төрөт деп кошо киргенмин. Бир маалда “кесарево кылыш керек” деп калышты. Мен болсо “жок, өзүң төрөйсүң” деп кыйын болуп алгам. Ошентип жатып көпкө кыйналып калды. Аягында врачтар “балаңызды аман алып калыш үчүн кесарево кылыш керек” дешти. Анан операцияга кирди. Мен кесарево андай чоң операция экенин деле билчү эмесмин. Кызымды алып келип төшүмө жаткырышты. Үйгө чыгарганда өзүм тыңыттым. Катар-катар кыздуу болгонгобу, аялдарды аяп калдым.

– Турмуш курганыңыздарга 10 жылга жакындап калыптыр. Бул аралыкта эмнени үйрөнүп, эмнени түшүндүңүздөр?

С.: – Билгенден биле элегибиз көп али. Жашоодо негизи үйлөнүп коюш бат эле, бирок өмүр бою ошол жар менен жашап кетиш кыйын. Нике окулуп жатканда берилген антка бекем туруш керек. “Эркектерге айымдар аманат” дегенди мурун жакшы түшүнчү эмесмин. Кандай учур болбосун, сага берилген аманатка дайыма колдоо көрсөтүп жанында турушубуз керек экен.

Ж.: – Үй-бүлөнү сактап калууда аялдын ролу аябай чоң экен. Көп нерсеге көз жумуп, ажылдап кошо урушпай, эркек сүйлөп жатканда унчукпай койсоң, анын ачуусун басасың. Мисалы, кээ бир үй-бүлөдө аялын уруп салган окуялар болуп жатпайбы. Кээде аялдардан да кетет болуш керек деп ойлойм. Кол тийгизбөөнүн жолу, аялдын коргонуусу – аялдын тили. Тилин эле тартып турса, эркек тепкилеп жатып калбаса керек.

С.: – Экөөбүздө келишпестик болсо бул такыр унчукпай кутулат. Анан кийин отуруп алып жай сүйлөшөбүз. – Бала тарбиялоодо кандай ыкмаларды колдоносуздар?

С.: – Бала тарбиялоодо аябай кыйынбыз деп айтпайм. Бирок интернеттен жакшы сабактарды көрүп турабыз. Аны жүз пайыз болбосо да, 60-70 пайызга аткарганга аракет кылабыз. Жылдыз көбүнчө “биздин убакта минткенбиз” деп калат эле. Өткөндө Кенже (ред.: Дүйшеева) эжем менен сүйлөшүп келгенден кийин пикири өзгөрүп калыптыр. Кенже эжем көп нерсе айтып бериптир. “Балдарга азыркы заманга ылайык тарбия бериш керек экен” деп калыптыр.

Ж.: – Мисалы, азыр кыздарыбыз ар кайсы нерсени сурашат. Мен эмнеге мурун биз ушинтип ата-энебизден сурана алчу эмеспиз деп таң калчумун. Кийимим жок деп атама айта алчу эмесмин.

С.: – Ата-энең тамагыңа араң таап жатса, эже-агаңдын эскисин кийип чоңоюп жатсаң, аны көрүп туруп кантип сурайсың? А азыркы заманда бардыгы бар. Бардык нерсе жеткиликтүү болуп турса, азыркы жашоо “мен муну алгым келет” дегенге мүмкүндүк берет да.

Ж.: – Негизи баары пайдубалдан көз каранды тура. Мисалы, Самат ата-энеси менен чогуу чоңойгон, абдан мээримдүү. Мен таенемдин колунда чоңоюп калгангабы, меники башкача. Самат “сенин мээримиң жок, мерезирээксиң” деп калат (ыйлап). Эми мен Саматтай болуп мээримди көрбөсөм, Самат ата-энесине эркелеп чоңойсо... Мени деле таенем эркелетчү, бирок атага, апага зар болуп чоңойдум. Ичимден жакшы көрүп, сыртымдан аларга эркелей албай (ыйлап)... – Ата-энеңиз каякта эле?

Ж.: – Атам менен апам эки жолго түшкөндөн кийин мен таенемдин колунда калгам. Бардык нерсени мага таенем үйрөткөн. Азыр ата-энемдин өз үй-бүлөлөрү бар. Баары жакшы, экөө менен тең сүйлөшөм. Негизи ата-энеге ыраазы болушубуз керек экен. Мен дагы ушул учурдан пайдаланып апама да, атама да ыраазычылыгымды айтам. Экөө мени ушул дүйнөгө алып келгени үчүн эле ыраазымын (ыйлап). Билбейм, бала чактагы нерсе калып калганбы, ыйлагым келип жатат. Бардык бала өзүнүн ата-энеси менен чоңойсо, эч ким ажырашпаса дейт элем. 

– Жылдыз айымды “улуу көрүнөт” деп көп жазышат экен. Самат, сиз муну кандай кабыл аласыз?

С.: – Башында 87-жылкыдай көрүнчү (күлүп). Биринчи таанышканда, чынында, муну улуу деп ойлогом. Бирок бир көрүп сүйгөм. Сахнада ырдап жатып Кудайдан “ушул кыз менен таанышып калсам экен” деп сурангам. Боёнгондонбу деп калам. Өзү 1991-жылкы, жанынан жаш эле көрүнөт.

Ж.: – Баары эле ушинтип айта беришет. Жанымдан көргөндө “ай, сен кичинекей эле турбайсыңбы” дешет. Башында ыйлачумун, азыр көнүп калгам.

– Экөөңүздөр чогуу ырдап жүрөсүздөр. Жылдыз айымдын ырчылык шыгын кандай баалайсыз?

С.: – Аябай жакшы деп айтпайм, бирок кээ бир ырчыларга караганда жакшы ырдайт. Фортепиано ойнойт, уга билет. Вокалга да барып жүрдү. Дагы да такшалып, дагы да өсөбүз, буюрса.

– Бирге вайн тартып жатасыздар. Андагы “ай, алтышкалар” деген образды кайдан алдыңыздар?

С.: – (Күлүп) Негизи “Жора & Гуля” чыкканда досторубуз аны “окшошсуң” деп Жылдызга жибере беришчү. Башында өзүм Тикток тартып жүрчүмүн, бир күнү “кел, сени тартабыз” деп Жылдызга сунуштадым. Тартып жатканда “Гуляны туурап кой” десем, аябай окшошуп калды. Анан “чукчуңда” дейм. Бул “чукчуңдабайм, ансыз деле мени жаман көрүшөт” дейт. Мен “за то популярдуу болосуң, визажистке окуучуларың көп болот” дейм. Экөөбүз урушуп кетебиз. Ошентип жүрүп бул образ активди көтөрүп кетти. Жылдыз мурун блогерлерди көрүп “жарнамага кийинишет, жарнамага тамак ичишет” деп суктана берчү. Тикток менен ийгиликке жетебиз деп ойлогон эмеспиз, бул тармак бизге жаңы деңгээлди ачып берди.

– Чыгармачылыкты дуэт катары улантуу планыңыздар барбы?

С.: – Негизи тойлордо ырдап жүрөбүз. Профессионалдык деңгээлде иштеп чыккандардан “Кыз-жигит”, “Эгиз жүрөк”, анан породия катары тарткан “Барби” деген ырларыбыз бар. Жакында Зарлык Камбаралиевден сонун ыр алдык, азыр ошонун үстүндө иштеп жатабыз. Ошол ыр менен чыгалы деп турабыз.

 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1108, 1-7-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан