Миэлла Мелис, Мелис Эшимкановдун кызы: “Келечекте дипломат болом”

Каарманыбыз Миэлла Мелис белгилүү саясатчы, журналист, маркум Мелис Эшимкановдун кичүү кызы. Учурда Польшада билим алып жаткан учуру. “Келечекте дипломат болуп, эл аралык деңгээлде Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргойм”,- дейт ал. 

– Салам, Миэлла. Алгач сени окурмандарыбызга кененирээк тааныштыра кетсек... 

– Саламатсыздарбы? Мен Бишкек шаарында төрөлүп өскөм. Учурда 16 жаштамын. Балалыгыма токтолсом, ата-энемдин колдоосу мененби бардык жаатта активдүү элем. 3 жашымда китеп окуй алчумун. Ал учурда байкем мектепке барат эле, анын китептерине кызыгып жүрүп эле окуганды үйрөнүп кеттим. Ошентип 4 жашымда 1-класска бардым. Мындан тышкары, кичинемден бий ийримдерине катышчумун. Моделдерди даярдоочу мектепти бүтүргөм, Алексей Филатовдун балдарга арналган долбооруна да катышкам. Айтор, кичинемден ар тараптуулукту жакшы көрөм. Пандемия учурунда да үйдө отура албай, бий боюнча сабак берип иштеп жүрдүм. Мектепти 15 жашымда аяктап, учурда Польшанын Варшава университетинде 1-курста окуп жатам. Кыялым – келечекте дипломат болуп, Кыргызстандын кызыкчылыктарын эл аралык деңгээлде коргогум келет. Анткени биздин өлкөнүн жаратылышы кооз, көп кылымдык тарыхы бар кызыктуу маданиятка ээ, мекенибиздеги тоолор, суулар, баары өзгөчө. Биздин келечегибиз кең деп ойлойм.

– “Атам көз жумганда кичинекей болчумун” деп калдың. Тагдырдын жазганынан адам качып кутула албайт экен... Эгер азыр атаң менен сүйлөшүүгө бир мүмкүнчүлүк жаралып калса ага эмне деп айтар элең?

– Ооба, тилекке каршы, атам каза болгондо мен 4 гана жашта элем. Кичинекей болгондуктан көп нерсе эсимде жок. Бирок атам аябай көп китеп окуп, көп жазчу, дайыма жумушта болот эле, ушул нерселери гана эсимде. “Атаңар аябай түз жана өзүнө талапчыл болгон” деп көп айтат апам. Атам үйдө абдан тамашакөй болчу дешет, кичинемде апам урушуп койсо чуркап атама барып даттангандарымды көп эстейм. Эгер менде атам менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болсо: “Ата, мен сиздин кызыңыз болуп төрөлгөнүмө сыймыктанам жана сиз менен көп убакыт өткөрбөй калганыма өкүнөм. Жанымда болсоңуз бекем кучактап алат элем. Мен сиздей ак көңүл, көрөгөч, акылман, күчтүү болгонго аракет кылам. Мен сизди аябай жакшы көрөм, абдан сагындым”,- деп айтмакмын. Анткени ар бир кыздын жүрөгүндө атасы өзгөчө орунду ээлейт. Атам менин жарк деп күйүп-өчкөн ааламым бойдон калат.

– Ысымың өзгөчө экен, Миэлла деп атыңды атаң койсо керек?

– Жок, атымды апам койгон. “Миэлла” деген сөз еврей тилинен “сулуулук ичинде Кудай менен гармонияда болуу” деп которулат экен. Байкемдин аты Адам, апамдын ысымындай “А” тамгасынан башталат. Апам атайын атамдын атынын баш тамгасына окшош болсун деп “М” тамгасынан башталган ысымдарды издеп жүрүп ушул Миэлла деген ысымга токтолуптур.

– Журналисттердин үй-бүлөсүндө жарыкка келгенсиз. Кыргызда “алма сабагынан алыс түшпөйт” дешет эмеспи, журналист болуу кыялы болгон жокпу сенде?

– Учурда университеттин Саясий илимдер жана эл аралык изилдөөлөр факультетинде Эл аралык мамилелер адистигин окуп жатам. Окуп жаткан кесибиме байланыштуу саясатка кызыгам. Келечекте кайсы мамлекетте жашабайын, Кыргызстандын, дүйнө саясатынын өнүгүүсүнө салымымды кошкум келет. Глобалдуу деп эсептелген адам укуктары, тынчтык, коопсуздук, сөз эркиндиги жаатында маселелерди чечким келет.

– Азыркы курагыңа чейинки убакытты алып карасак, жашоомдогу эң чоң жетишкендигим деп эмнени айта аласың?

– 8 жыл көркөм гимнастика менен профессионалдык түрдө машыккам. 15 жашымда көркөм гимнастика боюнча спорт чеберлигин алганымды чоң жетишкендик деп эсептейм. Спорт адамдагы чыдамкайлык, өжөрлүк, өзүнө ишенимдүү болуу мүнөздөрүн калыптандырат. Көркөм гиснастика адамды ийкемдүү кылып, пластикалык жактан өнүктүрөт. Ден соолук үчүн эле канчалык спорт маанилүү экенин баарыбыз билебиз. Мен 15 жашымда спорт чеберлигин алгандан кийин гимнастикадагы профессионалдык карьерамды жыйынтыктагам. Бирок азыр деле келбетимди бир калыпта кармоо үчүн машыгып турганга аракет кылам.

– Атаңды эскерүү кечелердин биринде Гүлзинат Суранчиева менен дуэт ырдап да чыктың эле...

– Ырдоо – менин бала кезимдеги кыялым. Хобби катары карайм. Бирок ырчылык менен профессионалдык түрдө алектенүү оюмда жок.

– Чет өлкөдөн билим алып жатканыңдын себеби билим берүүнүн сапатына байланыштуубу, же башка себеби барбы?

– Бизде билим берүүнүн сапаты начар деп эсептебейм. Бирок билим берүүдө эски ыкмалар колдонулат, изилдөөлөрдү жасоодо мүмкүнчүлүктөр чектелүү. Чет өлкөдөн билим алуу көптөргө жаңы маданиятты таанууга, башка элдердин тилин, жашоо образын көрүүгө жардам берет. Бул нерсе маданияттар аралык түшүнүктү кеңейтет. Европанын көпчүлүк университеттеринде жогорку стандарттар, сапаттуу окутуу программалары, инновациялар, ошондой эле студенттер үчүн окууга өтө сонун шарттар каралган. Мени ушул тарабы көбүрөөк суктандырат.

– Апаңа абдан жакын экениңди айтышат, сенин жашооңдогу ал кишинин орду тууралуу да сурагым келди...

– Мен бутак болсом, апам жашоомдо ошол бутактын өзөгүн кармап турган адам. Апама жакынмын, мамилебиз өтө сонун. Кандай иш баштабайын камкордук кылып, дайыма колдоп, кыйынчылыкта жардам берип турат. Ал менин эргүүм, үлгү туткан адамым. Менин жакшы тарбиямды, билимимди, өнөрүмдү, аракетимди, айтор, мендеги бардык таланттарды ачкан киши апам болду. Азыр ортобузду миңдеген чакырым аралык бөлүп турса да анын сүйүүсүн ар дайым сезем, кабатыр болуп жатканын түшүнөм. Ушул маектен пайдаланып “апа, рахмат баарына, мен сизди аябай жакшы көрөм” деп айткым келет.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1108, 1-7-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан