(Башы өткөн сандарда)
Шооланын жалгызсыраган жүрөгү Жанатка көнүп бара жатты. Ар бир адамга жакшы мамиле, жылуулук керек эмеспи, кыздын да жабыркаган жүрөгү анын жакшы мамилесине көнүп, кээде өзү да байкабай аны издеп калчу болду. Жанат болсо бактылуу эле. Экөө адатынча ресторанда отурушкан.
– Бул жолу мен сени сыйлайын, дайым эле сен төлөй бербей. Анткени биринчи маянамды алдым да,- деди Шоола жылмайып. Жанат күлүп макул дегендей баш ийкеди. Тамак ичип, тамашалашып көңүлдүү отурушту. Жанат бүгүн жүрөгүндөгү сырын айта турган күн экенин сезип жатты.
– Шоола, мен сени биринчи көргөндө эмне деп ойлогом, билесиңби?
– Билбейм, эсимде калганы мени аябай жек көрө тиктечүсүң. Балким, Канатты кызгангандан улам беле, билбейм. Сенин көз карашыңдан кыйналып кетчү элем. Байкашымча, мен бар жерден качып кетчүсүң. Менимче, сен мектептеги кезибиздеги эң жек көргөн адамың мен болсом керек,- деди Шоола күлүп. Жанат оор үшкүрүп койду. Өтмүштө баары бир Канат бар экенине жини келди.
– Мен сени биринчи жолу көргөндөн баштап сүйдүм...
Ушул сөздү айтууга ушунча жыл даярданып жүрүп, оозунан жөн гана чыгып жатканына таң калып кетти. Шооланын жүрөгү солк этти. Жанатка тигилип тиктеп калды. Ишенбегендей....
– Жашоомдо сени көргөнгө чейин Канат гана бар болчу. Атамдын таяктарынан коргогон, ооруп калсам каралашкан, тентек балдардан коргогон бир гана Канат эле. Мен үчүн ал баарынан баш тартып, менин көзүмдү карачу. Мага менин жашоомду Канат башкаргандай сезилээр эле, мага эмне керек экенин да мага караганда Канат жакшы билгендей туюлчу. Бирок сени көргөнгө чейин гана... Сени көргөндө баары өзгөрдү!
Билесиң, мен оорукчан, алсыз бала элем. Ошол образга өзүм да көнүп бүткөм. Кыйналсам деле ошол тагып койгон “алсыз бала” деген атты илип алып жашап жүрдүм. Сени көрдүм... Өзгөрдүм, биринчи жолу сен үчүн баатыр болгум келди. Алсыз, оорукчан Жанат ошол көз ирмемден баштап бунт чыгара баштады. Сен үчүн ооруну, өзүмдү жеңишим керек эле.
– Жанат?!
– Токто, сөзүмдү бөлбө, башка жолу муну айта албашым мүмкүн. Уруксат бер, мен баарын айтышым керек. Анткени көп жылдар жыйылды. Бирок Канат менден биринчи озунуп кетти! Сен ага баш ийдиң, мен өрттөнүп кала бердим. Тагдырдын тамашасын кара...
– Жанат, чын элеби? Мен кайдан билдим...
– Сен билген жоксуң, бирок Канат билди. Ал сенден мен үчүн баш тартты!
Жанат Шооланы өрттөнүп тиктеп турду. Шооланын карегине жаш толо берди. Көрсө, канча жыл мурун Канаттын ага себебин айтпай-дебей басып кеткенин сыры ушунда турбайбы. Туруп басып кеткиси келди, бирок буттары зилдей оор эле.
– Мен тирүү турганда Канат эч качан сага келбейт, Шоола. Ал ошондой адам. Ашыкча мээримдүү, ашыкча чынчыл, адамгерчиликтүү. Мен өлүп калган учурда деле сага кайрылбайт! А мен андай эмесмин, ачык айтайын сага, мен сен үчүн баарынан кечип кете алам. Уулумду ушунчалык жакшы көрөм, Шоола. Бирок сен үчүн өз уулумдан кечип кете алам. Ачык сөзүм ушул. Мен сени менен бактылуу болгум келет. Бул бактысыз үч бурчтукта жок дегенде сен экөөбүз бактылуу болгонубуз жакшы эмеспи. Сен башка адамга турмушка чыкканда деле менчелик сени түшүнө ала турган адамга туш болосуңбу? Сени аябай жакшы билген адам чыгабы? Сени мендей барктаган адам чыгабы?
Шоола эмне дээрин билбей калды. Жүрөгүндөгү Канат деген жара мурункудан да катуу сыздап ооруп кирди. Азыр барып анын кең көкүрөгүнө жыгылып, боздоп-боздоп ыйлагысы келди. Жанаттан көзүн ала качты.
– Шоола?
– Ии.
– Бирдеме дебейсиңби?
– Мен Канатка барышым керек, ал кайда?
Жанаттын башына бомба түшкөндөй боло түштү. Шооланын жашка толгон көздөрүн тиктеп туруп башын чайкады.
– Анын сүйүүсү меникинчелик күчтүү эмес, ал сени кабыл албайт. Менин сага деген сезимим бар экенин билип туруп эч качан кабыл албайт. Мен аны жакшы билем. Ал сени мендей сүйбөйт.
– Мен Канатка барышым керек!
Шоола агып бараткан көз жашын сүртүп алып чечкиндүү айтты. Жанат ийинин куушурду. Эмне дээрин билбей калды. Чуркап чыгып бара жаткан кыздын аркасынан тиктеп кала берди.
ххх
Кечке маал машыкканды жакшы көрчү Канат. Бул жолу да залга келген. Ушул жерден оюн бир жерге топтойт, келечеги, жашоосу тууралуу ойлонот. Кандайдыр бир чечимдерди чыгарат. Машыгып жатып эшик ачылганын байкады. Башын көтөрүп Шооланын турганын көрдү. Түндө бул кайдан таап келди? Эмнеге келди? Анын көзүнөн эле Жанат ага сырларын айтканын түшүндү. Өзүнө умтулуп келе жаткан кызды колу менен жаңсап токтото берди.
– Канат, мен...
– Жанат келесоо...- деди ал башын чайкап.
– Мен баарын билем. Сен мени эмнеге таштап кеткениңди билем. Көрсө, сен мени сүйбөгөн үчүн эмес, Жанат мени сүйгөнү үчүн таштап кетипсиң. Мен канча жылдар кыйналдым. Мурун билгенимде эмне...
Канат чарчаңкы гана карап койду.
– Эмне өзгөрмөк?
Шоола эрдин тиштеп туруп калды.
– Мен Жанаттын сага болгон сезимин билип туруп, сени менен чогуу боло алмак эмесмин. Он жыл мурун да, азыр да, эртең да. Бул мен аттап өтүп кете албаган бир нерсе, Шоола. Сен түшүн, мен үчүн 10 жыл кандай өткөн болсо, азыр да экөөбүздүн ортобузда бир нерсе болушу мүмкүн эмес.
Шоола шалдайып туруп калды. Канаттын маңдайында отурду. Кареги жашка толду.
– Мен...- оозуна башка сөз келбеди.
– Сени кетип кал дегеним да ошондон улам эле. Жанат акылсыз ишке барбасын дегем. Уулун, келинчегин капа кылбасын дегем. Анын токтоно албай каларын билгем.
– Ал сага караганда баатыр экен. Өз бактысы үчүн күрөшө алган адамды баатыр дебегенде эмне дейбиз. Ал сага да, мага да караганда баатыр.
– Мен билген баатырлык ал эмес, бирок мен анын жолуна турбайм. Эми өзү эмне кааласа ошону кылсын. Мен чарчадым. Өмүрүм Жанатты коргойм деп өтүп бара жатат. Ката кылгысы келсе кылсын, мен аны өзүнөн да коргойм деп ойлоптурмун. Бирок мүмкүн эмес экен.
– Мен эмне кылам?- деди Шоола аргасыз. Канаттын жүрөгү тыз эте түштү. Куду мурунку, секелек кездеги Шоола алдында тургандай сезилди. Армандуу тиктеп турду.
– Мени карачы.
Шоола жаштуу көздөрү менен Канатка тигиле берди.
– Сен бактылуу болосуң! Аябай жакшы кызсың, жакшы эне болосуң. Жашоо мени менен эле чектелбейт, аны өзүң жакшы билесиң. Сен жакшы адамга турмушка чыгасың, эне болосуң. А мен эскирген барактай унутулуп артта калам. Сен өзүң үчүн ушул нерсени кылышың керек. Бирок Жанат менен эмес! Ал сени бактылуу кыла албайт. Анткени ал өзү бактысыз. Аныкы жөн гана бактысыздык эмес. Өзөгүнөн, тээ тамырынан бактысыз. Өжөрлөнүп бир нерсеге жетсем дейт, жетери менен ал нерсе даамын жоготот, ырахатын сезбейт. Ал сени бактылуу кыла албайт. Андан көрө бул жерден кетип кал. Өз жолуң менен гана бактылуу болосуң.
– Мен Америкадан келгенде өзүмдү аябай жакшы сездим. Мен Канат баскан жолдо басып жатам, ал дем алган аба менен дем алып жатам, ал жашаган шаарда жашап жатам дедим. Бирок эми мен сени алыстан да болсо көрүп турбасам жашай албайм. Менин буга күчүм жок...
(Уландысы кийинки санда)