Нурсултан Сражидинов, мекендеш: «Эң чоң максатым – Кыргыз ММА спортун көтөрүү»

Бул жолку мекендешибиз Нурсултан Сражидинов спорттун ММА түрүнүн күйөрманы. Учурда Малайзияда жашап, иштеп жүрөт. Ал эрежесиз эр уруш боюнча балбандарды эл аралык турнирге алып чыгуу жаатында иш алып барат.

– Кандайсыз, Нурсултан? Алгач өзүңүздү тааныштырып өтсөңүз?..

– Саламатсыздарбы? Аты-жөнүм – Нурсултан Сражидинов, 1995-жылы Орусиянын Воркута шаарында туулгам. Союз тарагандан кийин ата-энем жумуш издеп Орусияга барып калышкан. Атам өмүр бою Воркутада көмүр шахтасында иштеди, апам соода кылат эле. Алар азыр пенсияда, Кыргызстанга көчүп барышканына бир жыл болуп калды. Өзүбүз Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан болобуз. Учурда мен Малайзиядамын, бул жакта жашап жатканыма 7 жылдан ашты.

– Малайзияга эмне болуп барып калдыңыз?

– Мектепти бүткөндөн кийин Европанын же Азиянын жогорку окуу жайына тапшыруу максатым бар эле. Ошол учурда агам Малайзияга чакырып калды. Турист катары эле келип, ошол бойдон калып калдым. Өнүккөн өлкө, билим берүүсү да жакшы деңгээлде экен. Ошентип бул жактан туризм факультетинде 4 жыл окудум. Студент кезде окуудан сырткары туризм тармагында иштеп да жүрдүм. Окууну бүткөндөн кийин бир компанияда туризм менеджери катары иштедим. Анан пандемия башталып, дээрлик үч жыл үйдө отуруп калдык. Ошол учурда башка варианттарды издештирип, америкалык компанияда аралыктан котормочу болуп иштедим. Пандемиядан кийин Малайзиядан да конференция, көргөзмөлөрдө орус, англис тилдери боюнча котормочулук кылып баштадым. Спорттук мелдештерди уюштурган уюм котормочу катары чакырып, анын аркасынан ММА индустриясына аралаштым. Ошондон тарта бул тармакка кызыгып кеттим. Негизи кичинемден уруш өнөрүнө, ММА`ге кызыгат элем.

– Анан ММА боюнча маанилүү иштер башталды...

– Ооба, жубайым экөөбүз KROC Sports Management агенттигин иштетип жатканыбызга бир жарым жыл болуп калды. Анда спорттук менеджерлик кылабыз, башкача айтканда, ар кайсы өлкөдөн балбандарды таап, алар менен келишим түзөбүз. Андан кийин аларды эл аралык мелдештерге алып чыгабыз, аларга спорттук жактан өсүүгө жардам беребиз. Сингапур, Бириккен Араб Эмираттары, Таиланд, Орусия, Индия, Казакстан, Индонезия сыяктуу өлкөлөрдөгү ири компаниялар менен иштешебиз. Негизинен, кыргыз балбандарына басым жасайбыз. Көп кыргыз балбандарын чет мамлекеттерге тартып, эрежесиз эр уруш, ММА боюнча мелдештерге катыштырдык. Эл аралык компания, уюмдар менен байланышуу, мелдешке чыгуу үчүн спортчуларга сөзсүз менеджер керек.

– Кыргыздын кайсы спортчуларын эл аралык мелдештерге алып чыктыңыз?

– Кыргызстандагы дээрлик бардык спорттук клубдар менен иштешебиз. Бишкекте, Ошто күчтүү клубдар бар, мелдештер чыгып калганда ошолорго байланышабыз. Макулдашылгандан кийин алар машыктыруучусу менен биргеликте чет мамлекетке чыгышат. Мелдешти уюштурган уюмдар учактын барып-келиш билетин жана балбандын гонорарын төлөп беришет. Бир жарым жылдын ичинде бир топ мелдештерге балбандарды тарттык, жыйынтыгы жаман эмес. Бир эле кыргыздарды эмес, башка өлкөдөн да балбандарды тартабыз. Мисалы, Америкадагы, Европадагы ММА залдары менен байланыштабыз. Япония, Корея, баары бар. Эгер “бизге ушундай балбан керек” деп сурам келе турган болсо, биз таап бере алабыз. 

Кыргыз балбандарынан атап айтсак, биринчи жолку беттеш Монголияда болгон. Ага кызыл-кыялык Нурсултан Токторов аттуу жигитти алып чыкканбыз. Улан-Батор шаарына барып, эл аралык турнирден утуп келгенбиз. Дүйнө боюнча алдынкы үч уюмга кирген ONE Championship  деген уюмга биздин биринчи балбандарыбыздан Саламат Орозакунов деген мырза барган. Ал да жеңишке жеткен. Ушул жылдын январь айында Индияга Касиет Кубанычбек уулу аттуу кыргыз жигитин алып барып, ал жактан да утуп келдик. Жакында ММА боюнча Таиландда өткөн мелдешке эки кыргыз баланы – Казакбай Тиленов жана Адилет Алимбек уулун алып чыктык эле, экөө тең жеңишке жетишти. Бул эми спорт да, дайым эле жеңишке жете беребиз деп аша чаап мактанбайм. Жеңилгендери да болот.

– Сиздер алып чыккан балбандар катуу жаракат алып калган учурларда кыйынчылыктар жаралабы?

– Тилекке каршы, ооба, жаракаттар болот, анын үстүнө бул спорттун уруш түрү. Кээде мушкерлер мушташка даярдануу учурунда жаракат алса, кээде мушташ учурунда жаракат алышат. Мындан эч ким корголбойт. Маселен, жакында Индияда күрөшкөн Касиет деген мушкерибиз жарадар болуп калды. Биринчи раунддун аягында колун сындырып, бирок эрктүүлүгү менен күрөшүн улантып, бул күрөштө жеңишке жетишип, башкаларга кыргыздын күчтүү рухун көрсөтө алды.

Биздин башка кыргызстандык спортчу менен болгон окуя да эсимде. Бактыгүл деген кыргыз кызды алып чыккан элек Тайландга. Ал өтө күчтүү кыз, кыргыз мушкер кыздарынын арасында алдынкыларга кошулат. Тилекке каршы, мушташ учурунда ал кокусунан жаак-бетинен жаракат алып калды. Ушундай оор жаракат алса да ал күрөштү аягына чейин улантты. Жеңилгенине карабай көрүүчүлөр жана уюштуруучулар аны абдан колдошту, анын кайра кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жатышканын айтышты.

– Өзүңүз да спорттун бул түрү менен машыгасызбы?

– Андай эле артынан түшүп, балбан катары машыкпайм. Убактыбыз болгондо өзүбүз үчүн эле машыгып турабыз.

– Келинчегиңиз менен кайдан таанышып, баш коштуңуздар?

– Келинчегим малайзиялык, малай кызы. Аны менен ушул жактан таанышып, бир жыл мурун баш кошконбуз. Шартка байланыштуу, үйлөнгөндөн бери Кыргызстанга бара элекпиз. Буюрса, быйыл жайында барабыз деп пландап жатабыз.

– Малайзиялыктардын кандай салттарына көңүлүңүз бурулду?

– Булар мусулман болгондуктан бизге көп эле нерселери, жашоо образдары окшош. Ислам шарттары менен чоңоюп, окушат, турмуш курушат. Булар деле кыргыздарга окшоп калың берип, чоң той кылышат. Биздегидей кызга сеп даярдап төшөк, көрпө тигип беришпейт, бирок ошол сыяктуу белектерди беришет.

Малайзиялыктар абдан жөнөкөй жана ак көңүл эл. Көп жагынан алар бизге окшош. Бул жерде дээрлик эч ким конфликтке барбайт. Бирок алар бир аз жай кыймылдашат, биз тезирээк жана активдүү жашоого көнүп калганбыз. 

– Кыргыз жерин сагындыңызбы?

– Албетте, Орусияда туулуп-өссөк деле кыргыз болуп чоңойгонбуз, Кыргызстанды сагынабыз. Кыргызстанга баргыбыз келет. Бала кезде жыл сайын жайкы каникулду күтөт элек. Кыргызстандын жаратылышы, абасы, тамагы, биздин кыргыз маданияты, баары жагат. Мекенибизге байма-бай барып тургандан кийин биз анын баарын үйрөнүп чоңойдук. Кыргызстанда жакшы мүмкүнчүлүктөр, мамлекетибиз экономикалык жактан туруктуу, күчтүү болгондо, менин оюмча, көп кыргыз жаштары чет мамлекеттерге кетпейт эле. Бирок бир жагынан алганда, чет мамлекетке чыгып өнүп-өсүп келсек, кийин кайра Кыргызстанга көп жардам беребиз. Азыркы эң чоң ниеттерибиздин бири – Кыргыз ММА спортун көтөрүү. Мыкты кыргыз жигиттерибизди эл аралык деңгээлге алып чыгып, ал жактан жакшы жыйынтыктарды көрсөтүүсүнө шарт түзүп бергибиз келет, ошого аракет кылып жатабыз. Ушул жагынан болсо да Кыргызстандын желегин желбиреткенге салым кошкум келет.

– Өлкөгө биротоло кайтып келип жашагыңыз келеби?

– Албетте. Буюрса, жакшы ниеттер бар. Азыр колдон келишинче жакшылап иштеп, кичине бутка туруп алгандан кийин толугу менен Кыргызстанга көчүп кетебиз. Бул жакта жашоо жеңил, мүмкүнчүлүктөр көп. Бирок Кыргызстандын жаратылышы, абасына эч бир жер жетпейт. Бул жакта мөмө-жемиштердин даамы да биздикиндей эмес.

 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1108, 1-7-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан