Жоголгон жылдар...(Барксыз өмүр, талкаланган тагдырлар, жаңылыш кадамдар баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Дайыр, сенин оозуңдан мындай убадаларды укчу эмес элем. Бул жолу чындап өзгөрүүгө бел байлагансыңбы, же акыл токтоттуңбу, билбейм. Сага кызымды кошпойт элем. Дагы да анын көңүлүн кыя албай макул болуп жатам. Эгер бул ирет кызымдын көңүлүн оорута турган болсоң сени менен башкача сүйлөшөм. Анда кызымдан да, уулуңдан да узак турууга мажбур болосуң...

Эшикти жаап Алтынайдын апасы чыгып кетти. Бөлмөнүн ичинде жымжырттык орун алды. Дайыр менен Алтынай турган абалында катты да калды. Ал аңгыча бөлмөдөгү тынчтыкты бузуп Алан кирип келди.

– Тах-тах, ата, сен өлдүң, мен сени атып салдым, жыгылбайсыңбы?- атасынын бутуна жармашты. Дайыр Алан менен ойноп бөлмөдөн чыгып кетти. Алтынай керек-жарагын алып, апасы менен коштошуп сыртка чыкты.

– Кеттик,- деди Дайырга карап. Машинасын от алдырып жатып, унаанын күзгүсүнөн артта турган жубайы менен уулун утур-утур карап жатты Дайыр. “Силерди эми капа кылууга акым да жок. Силерсиз менин жашоом кандай көрксүз, кандай супсак?! Менин жашоом силер менен толукталып, силер менен көркүнө чыгат” деп өзүнө угуза сүйлөдү да, унаадан түшүп арткы эшикти ачып жубайы менен уулун отургузуп, анан өзү кайра барып рулга отурду. Кызынын мындан аркы жашоосуна санааркаган эне терезеден алардын жөнөп жатканына көз салып турду. Дайырдын унаадан түшүп аларды отургузуп, анан өзү отурганын көргөн эненин жүрөгү бир аз да болсо жылый түштү.

Үйдө тамагын даярдап Дайырдын ата-энеси күтүп жаткан. Алардын жалгыз тилеги келин-уулунун элдешип алышы. Дасторконун жайнатып жакшы тилек менен уул-келинин эс алууга узатышты. Жубайы, уулу менен чогуу эс алууга жөнөп жатканына Дайыр учак жерден көтөрүлгөндө гана ишенди.

xxx

Range Rover, ак түстөгү,- деп кайталай сүйлөнүп келе жаткан Аман акыркы үлгүдөгү аппак Range Rover`ди көрүп көзү токтоп калды.

Oh my God!- унааны кармалап, суктанып карап айлана басып жүрдү. “Айзада эже ушундай машинасы туруп эмнеге такси колдонот? Менин мындай машинам болсо өпкүлөп айдайт элем го...” Рулга отуруп өзүнүн ушундай унаалуу болгонун кыялданып кетти. Унааны сыртка айдап чыкты, ал учурда Айзада да сыртка чыгып калды. Аман түшүп барып Айзадага унаанын эшигин ачып берди. Көп учурда жалгыз жүргөн Айзадага жанында жаш жигиттин жандап жүргөнү жагып жатты. Жан дүйнөсүндөгү боштугу толуп калгандай ичинде жылуу сезим орун алды. Мурдагыдай ачуулуу, жөн эле бир нерсеге кыжалат боло берген, жан дүйнөсү эңшерилип ыйлай берген учурлары азайды. “Кудай мага боор ооругандай бул жигитти жөнөттү көрүнөт. Бул жигиттин менин жашоом үчүн бир миссиясы бар чыгар. Бул жигит үчүн менин миссиям акча табуусуна жардам бериш болсо керек” деп ойлонуп койду Айзада.

– Ушундай унааңыз туруп эмнеге такси колдоносуз?- деди жигит таң калганын жашыра албай.

– Мага унаа башкарган жага бербейт. Кээде-кээде эле айдабасам, көбүнчө такси чакырам.

– Кыздардын баары унаа айдасам деп кыялданып, унаа сатып алганга аракет кылып жүрүшсө, кызык, сиз унаа айдабайсыз,- жигит жылмая башын чайкап койду.

– Убагында мен деле ошол кыздардай унаам, үйүм болсо дечүмүн. Бир эмес эки үйлүү болдум, унааны улам жаңысына алмаштырып жүрөм. Бирок ушулар менен деле бактылуу болуп кеткен жокмун,- терезени карап ойлуу баратты Айзада.

xxx

Шамэл күндө таң эрте эринбей мектепти көздөй жөнөйт. Анын акча табайын деген деле ою жок. Бир гана анын оюнда тарткан сүрөтүм Асылайды кайдыгер калтырбаса, класс анын каалаганындай болуп көркүнө чыкса болгону. Ошон үчүн убактысынын баарын арнап, жан дили менен берилип дубалга сүрөт тартып жатты. Асылай ага ар күнү жарма, тамакты түрлөп жасап келет. Бул көрүнүш Шамэлге жагат. Кээде бала кезин элестетип, Асылайдын бирөөнүн жубайы, балдардын энеси экенин унута түшөт. Азыр да класска жарк этип Асылай кирип келди.

– Охоо, тарта албайм деп жатып, укмуш кылып тартып жатыптырсың го. Өнөрлүү өлбөйт деген ушул да.

– Аракет кылып жатам, убара болуп кайра тазалап отурбайлы деп...- деген Шамэл терезеге жөлөнүп туруп калды.

– Мындай эмгекти кантип өчүрөсүң. Сонун тартылып жатат. Курсагың ачты го, кел тамактанып ал, бүгүн манты жасап келдим,- деген Асылай столдун үстүн сүртүп, баштыгынан алып келгендерин алып чыгып жатты. Шамэл астыртан Асылайдын ар бир кыймылына көз салып карап турду. “Балалык сүйүү болбогон нерсе дейбиз... Балалык сүйүүңдүн деле күчү бар экен да. Андан бери канча жыл өттү. Ичимдеги жактыруу сезимдери азыр да көкүрөгүмдө туйлап кетип жатат го... Өзүмдүн жүрүм-турумумдан көрдүм да, балким, адам болуп түз жүргөнүмдө Асылай менин жубайым болот беле... Ким билсин?..”

– Эмне ойлоносуң? Кел, тамак же,- деп шаңкылдай сүйлөдү Асылай.

– Сүрөттү эле карап жатам, дагы эмне кылып жиберсем деп эле...- деген Шамэл отургучту көтөрө басып, Асылай даярдаган дасторконго отуруп калды.

– Манты, салат, чай, жарма, ушунун баарын көтөрүп келдиңби? Колуң мынча кенен. Казан-аштуу келин болупсуң,- деди Шамэл Асылайга карап.

– Эртеден кечке иштеген кишиге ушундай эле тамак берилет го,- күлүп койду да, айнектеги тактарды тазалоого киришти. Ал Шамэл тартынбай тамак жеп алсын деп эле ошол ишке киришти.

– Оо, тамагың укмуш даамдуу болуптур, колуңа береке,- деп ыраазы боло Шамэл бата кылды тамактанып бүткөн соң. Шамэл ишине киришти, Айзада идиштерин жыйнаштырып алып чыгып кетти. Асылайдын балалык сүйүүсү турмуштун ыргагы менен жуурулушуп бир бүктөмдө калганы менен, бул күндөрү ал да ичинен бир түшүнүксүз сезимдерди жашап жатты. 

Шамэл бул кечте кайрадан Асылайды ойлоп отурат. Анын күлүмсүрөп турган көздөрү, ага кылган камкордугу жүрөгүн ого бетер ордунан обдултуп койду. Ойлоп көрсө ал бирөөнү сүйүп деле көрбөптүр. Мектептеги жылдары Асылай деп жүрдү. Кийин чөйрөсү ага сүйүүгө деле мүмкүнчүлүк бербептир. “Эх, жаштыгым, мен көрсө, бир кызды сүйүп, сүйүүгө көкүрөгүм, көздөрүм толбоптур да. Эми сүйүүнүн даамын татар бекем? Кайдан? Эми кайдагы сүйүү?” деп өзү менен өзү сүйлөштү да, жуурканга башын чүмкөп уктоого аракет кылды. Ойлор жууркандын тышында калса кана, жуурканга жашынсаң да, сени коштоп жүргөнү-жүргөн...

xxx

Стамбулдун түркүн-түскө боёлгон сүйүү жыттанган көчөлөрүнүн бири. Дайыр менен Алтынай Аланды жетелеп жайбаракат басып жүрүштү. Деңиз “мага кел” деп чакырык таштагандай салкын тарткан аба бет маңдайга уруп турду. Алар уулунун аквариумдагы сезимдерин утур-утур сурап, ал божурап сүйүнүч менен көргөндөрүн айтып берип, бири-бирине тойбойт. Алтынайга да, Дайырга дагы бул эс алуу жагып жатты. Аларга тоскоол болгон эч ким жок. Үй-бүлө бүтүн, таңкы тамакты, ал эле эмес, түшкү, кечки тамакты дагы чогуу ичишет. Керели-кечке чогуу шаар кыдырышат, чогуу укташат. Аланды уктатып Алтынай терассада чай ичип отурду. Жалгыз отурган Алтынайдын жанына Дайыр келип отурду.

– Ушул күндөр эч бүтпөсө,- деди Алтынай.

– Бүтүрбөйбүз... Кечирчи мени, сени ушунча убакыт эзгилеп, жашооңду тынч жашатпаганым үчүн кечирчи.

– Кечирим сурагандан тажаган жоксуңбу? Баары бир кечирим менен жайына келип калса кана?..

– Сага эмне десең да жарашат,- Дайыр Алтынайдын колунан кармады...

 

 (Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1108, 1-7-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан