Сырга Сагынбекова, ырчы: «Жигиттер менден коркушат»

– Сырга, кандайсыз? Кандай жаңылыктар менен келдиңиз редакциябызга? 

– Жакшы, чакырганыңыздарга рахмат. Жаңылыктардан айтсам, бир жылдан бери Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын эстрадалык-симфониялык оркестринде солист болуп иштеп жатам. Андан сырткары Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түрк дүйнөсүндө солистмин. Ал жакта 6 жылдан бери эмгектенем. Филармонияга жумушка киргенден бери репертуарларым алмашып, жаңыланып, гастролдор, көптөгөн иш-чаралар болуп жатат, дайыма жаңылануунун үстүндөбүз. Жеке чыгармачылыгымда жаңы ырлар жазылып жатат. Мурун кабактарда да ырдачумун. Ырлар жазылбай, клиптер тартылбай, чыгармачылыгымда тыным болуп калгандыктан, кабакты таштап, азыр ырчылык, чыгармачылык менен гана алек болуп жатам.

– Байкашымча, салттуу ырларга басым жасап жаткандайсыз?..

– Башынан эле салттуу музыкага жакынмын. Эстрадалык вокалды окуганбыз, бирок ал жакта оркестр менен элдик ырларды ырдачубуз. Менин үнүм таза фольклор болбогондуктан эстрадалык да, фольклордук да багытта ырдап жүрчүмүн. Сахнага ырдап чыгарда эстраданы тандагам. Учурда жумушка байланыштуу көбүрөөк салттуу музыкага ыктап калдым. Негизи салттуу ырларды деле, классиканы деле, эстраданы деле аткара берем. “Супермендин” угармандары көбүрөөк болгон үчүн мени Европа стилинде деп ошого ассоциация кылышат экен. Бирок репертуарымда “Күйдүм чок”, “Жалжалым” сыяктуу ырлар да бар.

– Мурун “ачык кийинесиң” деп көп сын айтылчу экен дарегиңизге?..

– Ооба, азыр деле кийингениме көп комментарий угам. Мени таң калтырганы – кандай ырдасаң деле, кайсы ырды ырдасаң деле, ырдын маанисине же үнүңө эмес, жалгыз эле кийимге көңүл бурушканы. Андайда "кеп кийимде эле эмес, башка да маанилүү нерселер бар. Ошолорго деле көңүл бургула" дегенсип мен ого бетер ачык кийинип калам (күлүп). Кыскасы, ачык же кыска кийинүүнүн артында бир ой бар. Биздин кыздардын бардык жактан эркиндикке толук укугу бар деген сыяктуу. Албетте, эркиндик ачык кийим менен гана ченелбейт. Жабык кийинген ыймандуу, ачык кийинген ыймансыз эмес. Ыйман, адамгерчилик чүпүрөк менен ченелбейт. Азыр иш-чараларга ылайыктуу узун кийип калам, ошентсе да менде кийимге карата чектөө жок.

– Комментарийлерге көңүл бурасызбы?

– Негиздүү, конструктивдүү сын болсо эске алам. Анткени эл – тараза, эл – сынчы. Элдин оюн, сунушун да эске ала жүрүш керек. Бирок аша чапкан жаман сөздөргө көңүл бурбайм. Негизи мен андай деле “хайп” кармап, атайын комментарийлерге жем таштап, элдин көңүлүн бурайын дебейм. Андай максатым болсо, пикирге жем таштоо, элди кызыктырып интрига жаратуу үчүн жашоомдо кызыктуу учурлар көп. Социалдык желедеги баракчама ырдаганымды эле чыгарып турам. Ошон үчүнбү, анчалык деле негатив жок.

– Канча жашыңыздан баштап ырдайсыз? 

– Ырчылыкка 5-6-класстарда кызыккам, ошондон бери ырдап келатам. Чоң сахнага 9-классымда, Бишкекте бир сынактын алкагында ырдап чыккам. Анда укмуштуудай сезимдер болгон. Кийин университетте окуп жүргөндө деле ырдап жүрдүм. Жеке чыгармачылыкка окуу жайды бүткөндөн кийин, 2018-жылдары кириштим. Андан бери 5 жыл өтүптүр.

– 5 жылда бул тармактын ысык-суугуна көнө алдыңызбы?..

– Көпчүлүк музыкант, аранжировкачы, үн жазуучулар эркектер да, кыздар үчүн ошолор менен иштешүү кыйыныраак. Кечирип коюшсун, көбү жоопкерчиликсиз. Күндөп-түндөп артынан ээрчийсиң. Акчаңды берип коюп күтүп жүрө бересиң, “мына-ана, эртең” деп 1 жыл, 2 жылга чейин күттүрүшөт. Ал эми жеке жашоодо “сен ырчысың да, эл алдында, гастролдо көп жүрөсүң” деп жигиттер олуттуу мамиле куруудан коркушат. Ырчылар үй-бүлө курууга жарабайт деп ойлошобу, эркектерде ушундай коркунуч бар экен.

– Мурунку маекте жүрөгүм бош деген экенсиз. Дагы ошол суроону берейин...

– (Күлүп) Ооба, азыр деле бош.

– Демек, ырчы болгонуңуз үчүн жигиттер сизге сезимин билдирүүгө даай албай жатышабы?

– Балким (күлүп). Көп учурда мени "жигиттери көп болсо керек, мага мүмкүнчүлүк жок" деп ойлошот экен. Ошого жигиттер менден коркушат (күлүп). Бир жигит мага тандоо койгон, "Ырдабай эле койбойсуңбу? Сен гастролдоп кетсең, мен сени үйдө күтүп отурамбы?" деген сыяктуу. Адам сүйсө кесиби менен кошо сүйүп, кесиби менен кабыл алыш керек. Демек, ал менин адамым эмес.

Канча жыл бул тармакта билим алып, сүйүктүү кесибим менен куттуу, залкарлар эмгектенген Улуттук филармонияда иштеп, көксөгөн максаттарыма жетип жатканым чоң эмгек да. Мен дайыма ырдагым келет. Мени түшүнбөгөн адам үчүн мунун баарын таштап кетпейм. Буюрса, мени түшүнгөн адам жолугат деп ишенем.

– Болочок жолдошуңуз сиздин ырчылыгыңызды кабыл алган адам болушу керек экен. Дагы кандай сапаттары болушу керек анын?

– Кебетесин айтсам, бою менден узун болуш керек, кара тору болсо боло берет. Мүнөзү чечкиндүү, намыскөй, адамгерчиликтүү. Кудайдан корккон, анын да өзүнүн сүйгөн иши болушу кажет.

– Спорттун кайсы бир түрү менен машыккансызбы?

– Йогага барчумун. Негизи спортко жакынмын. Аябай кыймылдуу, ийкемдүүмүн, гимнастика жасап, бийлеп турам. Азыр балетке жазылып алдым.

– Сулуулукту, жаштыкты сактоо үчүн кандай аракеттерди жасайсыз?

– Бетимди жууйм (күлүп). Тамаша. Бетиме ар кандай бет майларды, маскаларды жасайм. Анан көбүрөөк кыймыл-аракетте болуп, көбүрөөк суу ичкенге аракет кылам. Эртең менен сөзсүз түрдө кайнаган сууну бир аз муздатып ачкарын ичем. Бул териге да, ашказанга да пайдалуу. 

– Азыркы тапта эмнеге жетсем деп кыялданып турасыз?

– Чыгармачылыгымды өнүктүрүп, хит ырларды чыгарып, өзүмдүн концерттеримди берсем, турларымды уюштурсам дейм. Чыгармачылык аркылуу өзүмдү бардык жактан камсыздасам... Негизи каржылык жактан да, моралдык жактан да, физикалык жактан да көз карандысыз болгум келет. Дагы бир чоң кыялым – ата-энемди чет өлкөгө эс алдыргым келип жүрөт.

– Жакшы, кыялыңызга жетиңиз!

Кыска суроо-жооптор:

– Өзүңүздү сулуумун деп эсептейсизби?

– Кудайга шүгүр, ооба, жакшы эле сулуумун.

– Акчаны көп коротосузбу?

– Ооба, канча акчам болсо, баарын корото берем.

– Акчаны көп табасызбы?

– Мурун көп тапчумун, азыр жок. Азыр мамлекеттик жумуштун айлыгын карап отурам.

– Ашканада кандайсыз?

– Ашканада жокмун (күлүп). Бирок үйрөнсө болот экен.

– Эң негизги беш сапатыңыз?

– Тамашакөй, уйкучу, импульсивдүү, боорукер, анан жөнөкөймүн.

– Окурмансызбы?

– Жок, китепти көп окуй албайм, бирок адат кылганга аракет кылып жатам.

– Хоббиңиз?

– Бийлөө, сүрөт тартуу.

 Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1108, 1-7-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан