“Шахрух Хандын бардык киносун көрүп чыккам”. Баса албаган таланттуу эгиздердин маеги   

20 жаштагы Бермет Ашыралиева менен Эрмек Ашыралиев тубаса ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү төрөлүшкөн. Тагдыр сыноосуна сынып мүңкүрөп калбай, экөө тең алдына бийик максаттарды коюп, мээнет кылып, таза кыялдар менен жашап келишет. Эрмек футболго кызыгат, спорт баяндамачыларын келиштире туурайт. Бермет болсо Индия кинолоруна тартылгысы келет. Таланттуу эгиздердин маеги сизди да шыктандырат деп ойлойм, окурман.

Бактыгүл Расулова, апасы: “Балдарым 3 жашында атасыз калышкан”

– Биз көп жылдан бери Панфилов районунун Чалдыбар айылында жашайбыз. Эгиз балдарым Эрмек менен Бермет 2003-жылы 5-октябрда жарыкка келип, экөө тең ДЦП (ред.: балдардын шал оорусу) менен төрөлүштү. Башында көптөгөн оорукана, табып, мен-мен деген кыйын дарыгерлерге чуркадык, баары бир ооздон “мындай оорунун шыпаасы жок, жакшы кароо менен гана балдарды өнүктүрсө болот” дешти. Эгиздерим 3кө чыкканда атасы кокусунан кырсыктап каза болуп калган. Андан кийин бүт өмүрүмдү ушул эки майып баламды окутуп, чоңойтконго арнап келе жатам. Балдарымдын баса албаганы эле болбосо, акыл-эси жайында, ойлорун толук түшүндүрүп айта алышат. Кызыгуулары, кыялдары бар. Кызым индия кинолорунун күйөрманы, балам футболду, Роналдуну кумир тутат. Балдарым кичинекей кезинде аларды мектепке орноштура албай аябай кыйналгам, улуу балам экөөбүз мектеп издеп Дордой тараптагы майып балдар интернатына киргизели десек, “шаарда катталбапсыңар” деп албай коюшкан. Кийин өзүбүз жактагы Сосновка айылында майып балдарга жаңы мектеп ачылып, балдарым 4 жыл ошол жерден билим алышты. Экөө тең абдан зээндүү, боорукер, камкор, мага кадимкидей эрмек болушат. Кейигеним – 60 жашка чыктым, бир күнү көзүм өтүп кетсе майып балдарымды ким карайт деген маселе. Балдарымдын келечеги ойлондурат. Азыр алар кыялдар менен гана жашашат. Кыял – адамды алаксытып, бир нерсе менен алектентип, алдыга умтулууга жакшы жардам берет экен. Балам спорттук комментатор болом деп кыялданчу. Өткөн жылы башка майып балдар менен бирге УТРКга барып, өзү тааныган спорттук комментаторлор менен таанышып келди. Төбөсү көккө жеткиче сүйүнүп, ошол окуяны айтып түгөтө албайт дагы эле. Мындай өзгөчө балдар баёо, сезимтал келишет эмеспи, кыялдарына шартсыз ишенишет. Мен дагы мейли, реалдуулук башка болсо да, жок дегенде кыялдарында ойдогудай жашашсын деп тим коём, кээде шыктандырып да жиберем. Айтор, бала сыяктуу өзүм да жакшылыктан үмүт үзбөйм, Кудайдын кереметине ишенем.

Бермет Ашыралиева: “Индия кинолорунда үн коштогум келет”

– Мындан 2 жыл мурун индиялыктардын ырын ырдап Инстаграмда популярдуу болгом. Ошондо көп журналисттер биздин үйгө келип маек алып кетишкен. Мен Шахрух Ханды кумир тутам, ал катышкан 5000дей кинонун баарын көрүп чыккам. Үйдө ырдайм, бийлейм, вокалдан сабак алып ырчы болсомбу деген да кыялдарым бар. Мектепте бизге ашпозчулукту да үйрөтүшчү, кийин өзүм интернеттен көрүп таттууларды бышырганды үйрөнүп алдым. Бисерден мончокторду жасайм, кийим токуйм. Жакында бул хоббимди чакан бизнеске айлантып акча тапсамбы деп жатам. Анткени мен токуган кийимдерге, жасаган мончокторго кызыккандар көп болууда. Кыргыз ырчыларынан Роза Аманова менен Гүлжигит Сатыбековдун ырлары жагат. Эң чоң кыялым – индиялык кинолорго тартылуу, актёр Шахрух Ханга жолугуп кол тамга алуу. Индиянын Кыргызстанда элчилиги болсо Шахрухка кат жазганга жардам бергиле дейт элем. Себеби мени Шахрух Хандын кинолору тарбиялады. Жашоодогу сезимдердин түрлөрүн мен ошол кинолордон билдим, чоңойдум, өстүм. Индия кинолору кыргызчага которулса, үн коштоп бермекмин.  

Эрмек Ашыралиев: “Спорт баяндамачысы болгум келет”

– Карындашым экөөбүз 8-класска чейин үй шартында окудук. Мугалимдер үйгө бир жумада эки жолу келип кетишчү. Калганын апам өзү үйрөттү. Мен футболду аябай жакшы көрөм, спорттук комментатор болуп иштегим келет. Жакында Спорт каналынын продюсери менен, спорттук комментаторлор Нурсултан Турусбеков, Кубан Жумамидинов менен жолуккам. Спорт каналында интерактивдүү көрсөтүү бар, ошого катышайын деп сурангам элем. “Сөзсүз чакырабыз” дешкен, күтүп жатам. Мени унутуп калышкан окшойт, маекти окуп калышса эстетип коёюнчу.

Мен майыптыгымды кабыл алган адаммын. Бирок бала кезде аябай сезимтал болот эмессиңби, башкалар мени сөөмөйү менен көрсөтүп “ии, баса албайт экен, араба менен жүрөт тура” дешсе, кемсинип жаман боло берчүмүн. Чоңойгондо ал нерсе жоголду, азыр чөйрөмдөгүлөр башкача көздөр менен караса деле көңүл бурбайм. Жакында эле Инстаграмдан бир кыз “таанышып алалы” деп жазды, мен дароо эле абалымды айтып түшүндүрсөм, жазбай жок болуп кетпедиби. Алдаганды жаман көрөм, тийишип “таанышып алалы” деп жазгандарга чындыкты айтам. Бизге бирөөлөр менен чын жүрөктөн сүйлөшкөн аябай жагат, ушинтип бизди зериктирбей көп-көптөн интервью алып тургула.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1108, 1-7-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан