Спорт жаңылыктары 

Бокс боюнча олимпиадалык квалификациялык турнирге кыргыз мушкерлери катышат

Италиянын Бусто-Арсицио шаарында 29-февралдан 12-мартка чейин бокс боюнча олимпиадалык квалификациялык турнир орун алат. Буга Бокс боюнча кыргыз улуттук курама командасы да катышат. Алар төмөнкүлөр:

51 килограммга чейин –

Нуржигит Дүйшөбаев

57 килограммга чейин –

Мунарбек Сейитбек уулу

63,5 килограммга чейин –

Мирзохид Имамназаров

71 килограммга чейин –

Нурадин Рустамбек уулу

80 килограммга чейин –

Эркин Адылбек уулу

92 килограммга чейин –

Өмүрбек Бекжигит уулу

92 килограммдан жогору –

Бакыт Токтосун уулу

Мушкерлер башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу, улук машыктыруучулар Улан Сагынбаев жана Бейшен Сабатаровдун жетекчилигинде чыгышат.

Турнирге 112 өлкөдөн 632 мушкер, ошондой эле качкындар командасы катышат. Орусиялыктар мелдешке катышуудан баш тартышкан.

Кыргызстанда Олимпиада-2024 оюндарына 5 лицензия

Кыргыз спортчулары быйыл Парижде өтүүчү Олимпиада оюндарына азырынча 5 лицензия алды. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айбек Абдымомунов билдирди. Лицензияны грек-рим күрөшү боюнча Акжол Махмудов менен Жоламан Шаршенбеков, кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова менен Айпера Медет кызы жана сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов алган.

Эскерте кетсек, 33-Жайкы Олимпиада оюндары 2024-жылдын 26-июлунан 11-августуна чейин Франциянын борбору Парижде өтөт. Анда 32 спорт түрү боюнча мелдештер орун алат. Жайкы Олимпиада оюндары буга чейин Парижде эки жолу – 1900-жылы, 1924-жылы да болгон.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1108, 1-7-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан