ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 4-марттан 10-мартка чейин  

Кой 
(21.03–20.04)

Кызыкчылыктарыңыз окшош адамдардын мактоосунан этият болушуңуз керек. Алардын мактоосу өздөрүнүн жүзүн жашыруу, тымызын душмандык кылып сизди тузакка салуунун ыкмасы болушу мүмкүн. Расмий жолугушууларды азырынча пландабай турганыңыз туура. Жумушта демилге, идеяларыңыз жетекчилериңиздин олуттуу каршылыгына кабылат. Сүйүүдө карама-каршы жыныстагы адамдардын көңүл борборунда болосуз, сүйүктүүңүз кызганычтан чыр чыгарышы ыктымал.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Жетекчилик кызматта иштегендер шаблон боюнча иш кылбай, демилгени, талапчылдыкты, кайраттуулукту көрсөтүү керек болгон иштерде ийгиликке жетет. Досторуңуз же үй-бүлөңүз менен талашып-тартышууда чектен чыгып кеткениңизди байкайсыз, чыр-чатактын алдын алууга аракет кылыңыз. Бойдоктордо чыныгы романтикалык окуялар күтүлөт, башкысы сүйүүдөн акылыңызды жоготуп албаңыз. Ашыкча нерсенин баары зыян экенин эске алыңыз.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Иштериңиз ойдогудай жүрүп, үй-бүлөңүздө кубаныч жана гармония пайда болот. Чечкиндүү кадамдарга барыңыз, кол үзчү адамдардан кол үзүп, эгер жумуштан кетем деп жатсаңыз кетиңиз. Бул апта олуттуу чечимдер үчүн ылайыктуу. Жеке мамиледе сүйүктүүңүз кыз-жигит болуу сунушун киргизет, бул кийин нике менен бекемделип калышы толук мүмкүн. Үй-бүлөлүү түгөйлөрдө туугандар арасындагы катыш-мамиленин айынан пикир келишпестиктер жаралат.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Шейшемби же шаршембиде ири акча түшүшү мүмкүн. Кичинекей, бирок шашылыш иштерди бүтүрүү менен алек болосуз. Сүйүүдө эски жараларыңызды айыктырган адамга жолугасыз. Бирок ал адамга оңою менен ишенип кете албайсыз. Жүрөгүңүздө калган жаралар баары бир өз ролун ойношот. Кайсы бир окуяны талкуулоодо туура талдаганга үйрөнбөсөңүз бирөөнүн айтканы менен гана жыйынтык чыгарып каласыз. Андыктан логикага таянып иш кылганды билиңиз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Топтолгон көйгөйлөрүңүздүн баарын өзүм чечем деп кыйналбаңыз, жакындарыңыз менен кеңешип иш кылсаңыз татаал деген көйгөйлөрүңүз да оңой чечилет. Акча маселесинде так болуңуз, кээ бир майда деп эсептеген нерселер да кийин сизге чоң көйгөй жаратып коёт. Жеке мамиледе кимдир бирөөнүн оюнунда “пешка” болуп калышыңыз мүмкүн. Эң негизгиси кошоматчылардын сөзүнө жана күмөндүү сезимдерге ишенбеңиз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Бош убактыңыз көп болот, бул учурду өзүңүздү өнүктүрүүгө коротуңуз. Жумушта аябай тытынып иштесеңиз да, эч ким ыраазы болбогондой сезиле берет. Максатты туура коё билиңиз, сиз ал жумушта бирөөнүн ыраазычылыгын алуу үчүн эмес, өзүңүздүн максатыңызга жетүү үчүн иштеп жатасыз. Сүйүүдө эркин сүйүү мамилесинде болуу, же убактылуу жубай болуу тууралуу сунуш түшсө баш тартыңыз. Мындай мамилелер сиз үчүн эмес.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Аброюңуз жана кирешеңиз акырындык менен көтөрүлөт. Акча маселесинде кыйналбайсыз. Шаршемби күнү пайдалуу жолугушууларды уюштурсаңыз болот. Жумушта демилге көтөрүп, идея айта алгандыгыңыз менен көпчүлүктөн айырмаланып турасыз, андыктан өзүңүз иштеген ишкананын эң мыктысы аталууга толук мүмкүнчүлүгүңүз бар. Сүйүүдө бардык талаш-тартыштарда компромисске келип, үйүңүздө тынчтык жана гармония орун алат.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Кеңири коомчулукка чыгармачылык жана профессионалдык потенциалыңызды көрсөтүүгө ылайыктуу апта. Жеке ишкердик менен алектенген чаяндар көбүрөөк ийгиликке жетишет. Көп иштериңиздин алдыга жылышы сиздин оптимисттик маанайыңыздан да көз каранды болорун билиңиз. Кайсы бир максатка жетүүдө болгон аракетиңизди жумшаңыз, керек болсо таасирдүү тааныштарды колдонуңуз. Сүйүктүүңүз менен болгон мамиле сизди бактылуу кылат.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Чөйрөңүздөгүлөр да мындай жыйынтыкты татыктуу баалап, көпчүлүктүн астында аброюңуз жогорулайт. Өзүмчүлдүгүңүздү четке таштап жамаат менен, көпчүлүк менен иштешүүгө үйрөнүңүз, бул нерсе сизге болуп көрбөгөндөй ийгиликтерди алып келет. Ойлоруңузду иреттеп алыңыз, чындык менен калпты ажырата билиңиз. Кайдыгерлигиңиз менен сүйүктүүңүздү өзүңүздөн түртүп аласыз, анын көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берип коюшуңуз зарыл.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Аптада абал бат-баттан өзгөрүп турат, андыктан бардык кокустуктарга даяр туруңуз. Жаңы нерсени өздөштүрүүдө, мисалы, кайсы бир тармакта билим алсаңыз, ал нерсе өмүр бою сизге кызмат кылат. Жеке мамиледе өзүңүздүн талаптарды айтып койбостон, аны аткартканга аракет кылыңыз. Бул ортодогу ишенимди чыңдоого жардам берет. Бойдоктор сүйүүсүн билдирүүдө чечкинсиз болушат, эркиңизди колго алып чечкиндүү кадамдарга барыңыз.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Негативдүү ойлор, суз мамиле, көңүл чөгүү... Мунун баарын башыңыздан чыгарыңыз. Анткени аптада сизди депрессияга салгысы келген адамдар көп болот. Сиз алардын чырагына май тамызбай, өзүңүзгө бекем болсоңуз абалдан татыктуу чыгасыз. Темирдей бекем эрк, өзүңүзгө болгон ишеним гана сизди куткара алат. Жакындарыңызга чоң талаптарды койбогонго аракет кылыңыз. Апта соңунда жалгыздыкта калып ойлоруңузду иретке келтирип алганыңыз жакшы.

Балык
(20.02–20.03)

Балалуу балыктар алардын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө дыкат көз салуулары шарт. Мугалиминен эскертүү алсаңыз дароо балаңыз менен окуу темасын сүйлөшүңүз. Жумушта айлык маянаңызды көтөрүп берүү боюнча талабыңыз аткарылбайт. Чоң сыноодон чогуу өткөн досторуңуз менен мамилеңиз мурункудан да бекемделет. Сүйүүдө өзүңүздүкүнөн башка эч кимдин кызыкчылыгын жогору койбогондугуңуз сүйүктүүңүз менен таарынышууга алып келет.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1108, 1-7-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан