ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 11-марттан 17-мартка чейин

Кой
(21.03–20.04)

Күнү-түнү жумушта болуп, алдыңызга оор милдеттерди коюп өзүңүздү түйшүккө салбаңыз. Көйгөйлөрүңүздү оригиналдуу жана креативдүү жолдор менен чечип көпчүлүктү таң калтырасыз. Бөлүп төлөө жолу менен үйгө керектүү эмерек буюмдарын сатып алсаңыз болот. Жеке мамиледе жаңы таанышуулар орун алат, бирок өтө берилип баш-отуңуз менен кирип кетпеңиз, ал сүйүү романыңыз кыска мөөнөткө гана созулушу мүмкүн.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Кызыктуу адамдар менен таанышасыз, алардан алган кеңеш, тажрыйбаңыз сизге дайыма керек болот. Жумушта жана жеке жашоодо жаңы перспективалар ачылат. Үй-бүлөлүк мамиледе өмүрлүк жолдошуңуздун какшык тамашаларын көңүлгө албаганга аракет кылыңыз, болбосо түшүнбөстүктөн чоң чырды баштап аласыз. Башка бирөөгө айткан комплимент, мактоолоруңуздан улам өнөктөшүңүз кызганып мүнөзүн көрсөтөт.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Пландаган иштериңиздин дээрлик баары ишке ашат. Сизге чечкиндүүлүк, активдүүлүк жана кырдаалга ыкчам реакция кылуу жөндөмү керек болот. Көптөгөн чыгармачылык идеяларды жаратып, секирик жасайсыз. Бул учурду аброй күтүп, чөйрөңүздү кеңейтүүгө жумшаңыз. Жеке жашооңуз ишеним жана гармонияда уланып, түгөйүңүз менен мамилеңиз бир нукка түшөт. Бойдоктор майрамда сүйүктүүсүн романтикалык кечеге чакырып кубандырышканы жакшы.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Келечекте ишке ашырчу плдандарыңыздын баарын ушул апта тизмеңизге жазып иреттеп чыгыңыз. Бул тизме сизге кайсы максаттарыңыз эң маанилүү экенин билүүгө жардам берет. Коомдук активдүүлүгүңүз күчөп, болочоктогу окуяларга таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Сүйүү мамилеси сизге кубаныч гана тартуулабастан, келечегиңизди кенен караганга да түрткү берет. Кайсы бир бүтүмгө келүүгө шашпаңыз, тандоо жасоого сизде көп убакыт бар.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Кээ бир көрө албас адамдардын аракетине карабастан бизнес жана жеке өнөктөштөр менен жакшы мамиледе болуу сиздин колуңузда. Бир нерсе туура эмес болуп калса кыжырланбаңыз, бардык көйгөйлөрдү тынч отуруп чечсе болот. Активдүүлүгүңүз, чечкиндүүлүгүңүз жумуштагы суроолорго оңой жооп табууга мүмкүндүк берет. Сүйүү мамилесинде көңүл калуулар болушу мүмкүн. Күлгүн көз айнегиңизди чечип жакын адамыңыздын чыныгы жүзүн көрүүгө убакыт келди.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Жалкоолук сизди артка тартат, ишиңизди аткарбай көйгөйүңүз чечилбейт. Бир орунда турбай көбүрөөк баарлашыңыз, кыймылдаңыз, сиз үчүн керектүү убакта керектүү жерде болуу абдан маанилүү. Жума күнү чыр-чатактан жана кыжырдануудан алыс болуңуз. Жакындарыңыздан көп нерсени талап кылбаңыз, алар баары бир өз алдынча аракеттенүүнү тандашат. Сүйүүдө сиз жактырган адамдын сизге болгон мамилеси жасалма болгонун түшүнөсүз.

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Башкалардын пикирине жетеленбеңиз. Кызматтык тепкичте сизди жаңы нерсе күтүп турат, ал сизге чыныгы ийгилик жана каржылык бакубатчылык алып келет. Пландарыңыз тез эле ишке ашып, өзүңүзгө болгон ишеним болуп көрбөгөндөй өсөт. Жеке мамиледе сүйүктүү адамыңызды душман катары эмес, кеңешчиңиз катары кабыл алыңыз. Бардык маселени чогуу чечип, чогуу чечим кабыл алуу менен мурунку мамилеңиздерди калыбына келтирсеңиз болот.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Апта абдан позитивдүү жана ийгиликтүү окуялар менен коштолот. Жаңы адамдар менен баарлашуулар, жолугушуулар орун алып, сапарларга чогуу чыгасыздар. Жылдыздар сизге ири суммада киреше жана карьералык өсүүнү убада кылышат. Мындан ары сиз өзүңүзгө өзүңүз кожоюн болуп, бай адамдардын катарын толуктайсыз. Жеке мамиледе чакан жеңиштерге ээ болосуз. Кайсы бир маселени ийне-жибине чейин билүүдө сүйүктүүңүз менен ачык сүйлөшүүдөн качпаңыз.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Бул апта эс алуу, жан дүйнөңүзгө жаккан нерседен ырахат алуу үчүн эң сонун убакыт. Жашооңуздагы сонун көз ирмемдерди дал ушул учурда жашап жатасыз, андыктан ар убакыттын баркын билиңиз. Көптөн берки каалоолоруңуз, пландарыңыз орундалышы мүмкүн. Болгону азырынча аны эч кимге кабарлабай туруңуз. Жеке жашооңузда ашыкча шектенүүңүз эң башкы көйгөйгө айланат. Себепсиз кызгангандын ордуна уккан жагымсыз сөздөрдү далил-фактылар менен текшерип көрүңүз.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Аптада карьераңызда маанилүү роль ойной турган адамга жолугасыз. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз. Жумушта майда-чүйдө кыйынчылыктарга көңүлүңүз чөкпөсүн, сунуштаган идеяларыңыз келечектүү болгондуктан, кесиптештериңиздин арасында алардын дароо четке кагылышы сизди тынчсыздандырбашы керек. Кече, жолугушууларда өтө олуттуу көрүнбөгөнгө аракет кылганыңыз жакшы, сүрдүүлүгүңүздүн айынан жүрөгүңүзгө талапкерлерди качырып аласыз.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Керектүү жыйынтыктарды көрсөтүп, баштаган долбооруңузду ийгиликтүү аяктоо үчүн жакшы убакыт. Кайсы бир маселеде пикириңизди, оюңузду өзгөртөсүз, бул нерсеге түрткөн көп жагдайлар болот. Каржы маселесинде туруктуулук орун алат, карыздарыңыздан кутуласыз. Жумуштагы маселелер менен алек болуп жеке жашооңузга убакыт таппай жаткандайсыз. Бирок жылдыздар өзүңүз үчүн да эс алуу тартуулоону сунушташат. Бул сиздин ишиңиздин алдыга жылышына чоң күч берет.

Балык
(20.02–20.03)

Ызы-чуу, көйгөйлөр жана териштирүүлөр көп болот. Маселеңизди жалгыз чече албай, досторуңуздун жардамына муктаж болушуңуз мүмкүн. Бирок күтүлбөгөн бурулуштар сиз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачарын унутпаңыз. Ишке болгон жөндөмүңүз болуп көрбөгөндөй көбөйүп, тоону томкоро алчу күчкө ээ болосуз. Сүйүктүүңүзгө карата жумшак болуңуз, тескерисинче, агрессия кылсаңыз мамилеңиздерге чекит коюп аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1109, 8-14-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан