Бир туугандардын ортосундагы атаандаштык: оң жана терс тарабы

Көп балалуу үй-бүлөдө чоңойгондор өзүнө тең чамалаш бир туугандары менен уруш-талаш, кээде согушуп кеткенге чейин барган окуяларды көп эскеришет. Ата-энелер болсо дайыма бири-бирин ыйлаткан балдарына кандай чара көрөрүн билбей калган учурлар бар. Айрымдар бала кезде бир тууганы менен урушкан учурларын жылмаюу менен эстесе, кээ бирлер ошондой окуялардан улам психикалык жактан жабыр тартканын айтат. Атаандаштык кайдан келип чыгат жана аны баланын аң-сезимине терс таасирин тийгизбегендей кылып кантип жеңиш керек? Төмөндө ата-энелерге “шпаргалка”.

 

Атаандаштык эмне себептен жаралат?

 Ата-эненин сүйүүсүн, мээримин, көңүл буруусун бөлүшкүсү келбеген сезим, кызганыч.

 Жогоруда айтылган ата-эненин сүйүүсү, мээрими, көңүл буруусу жетишсиз болгон учур.

 Ата-эне кайсы бир баласын бөлүп, “фаворит” катары көргөндө.

 Балада өзүмчүлдүк сапат жогорулаганда, ага тиешелүү нерселерди бир туугандары талашып жаткандай сезим жаралат.

 Үй-бүлөдөгү кайталанган конфликттер. Эгер ата-эне балдарынын көзүнчө урушуп-талашып жүргөн болсо, баланын аң-сезиминде автоматтык түрдө маселени уруш-талаш менен чечиш керек деген ой жаралат да, бир туугандары менен агрессивдүү мамилеге өтөт.

 Чоңдор агрессияны колдогон учур. Жаш балдар эмоциясын башкара албайт. Андыктан эмоциялардын туура калыптануусуна ата-эне багыт бериши керек. Кээ бир ата-энелер балдары сөгүнүп же бир тууганына кол көтөрсө да кыйын иш кылгансып “менин балам азамат, тийишпегиле” деп колдоп турушат. Мындай колдоо менен алар баладагы агрессияны курчутушат. Өзгөчө кичүү балдар ата-эненин колдоосуна, аброюна таянып алып улуу бир туугандарынын тилин укпай, каяша айтып, кол көтөргөнгө чейин барышат. Бул учурда эрке балада агрессия күчөсө, улуу балдарда кичүүсүнө карата жаман көрүү, ата-энеге карата таарыныч сезими жаралат. Бул баланын аң-сезиминде түбөлүк сакталып калат.

 Салыштыруу. Бир туугандарды салыштыруу, бири жакшы иш кылса экинчисине аны мисал кылуу туура эмес кадам. Анткени бир ата-энеден төрөлсө да, ар бир бала өзгөчө индивид. Ар бирине өзгөчө мамиле керек. Бир тууганына салыштырганда анда “эмнеге мен эжемдей же агамдай боло албайм” деп бала чүнчүйт, “атам-апам аны менден жакшы көрөт, менин жасаганым көрүнбөйт” деп бир тууганын атаандаш катары көрөт.

+ Атаандаштыктын оң жагы

“Төшөктү сен сал, мен сал болуп урушчубуз”, “сууну сен ташы, жок, сен”, “малга чөп салган сенин кезегиң”, “кечке эле тамакты мен жасай беремби”, “бададагы уйду кечээ мен тоском, бүгүн сен”... Дагы кандай себептер менен урушчу элеңиз бир тууганыңыз менен, эстесеңиз. Бир туугандардын ортосундагы атаандаштыктын негизги пайдасы – бул баарлашуу жана чыр-чатакты чечүү көндүмдөрүн кичине кезден үйрөнүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Башкача айтканда, бир туугандары менен талашып-тартышып жүрүп чоңойгон бала коомчулукка чыгууга бир кыйла даярдыктан өтүп калат. Чоочун адамдар менен бат тил табышат, конфликттер чыкса оозун ачып отурбай, аны чечкенге аракет кылат.

 

- Терс тарабы

Эң алгач эле көзгө байкалганы – бири-бири менен дамамат урушкан балдар ата-эненин убактысын, нервин алышат. Ал эми эң жаман жагы – айрым учурда бир туугандардын ортосундагы атаандаштык басылбай жүрүп отуруп, акыры кастыкка айланып кетет. Чоңойсо да бири-бирин жылдар бою күнөөлөп, урушуп жашап жүрүшөт. Мындай психикалык жаракат алган балдардын жашоосу да ийгиликтүү болбой калышы ыктымал. Анткени аларда айланага, курчап турган адамдарга болгон агрессия, таарыныч, ишенбөөчүлүк сезимдер курчуп кетет.

 

Балдардын ортосундагы атаандаштыктын кантип алдын алыш керек?

Адилеттүүлүк жардам бербейт. Көпчүлүк балдарга тең, адилеттүү мамиле кылыш керек деп жаңылышат. Жаш балдарга адаилеттүүлүк бардык учурда жардам бербейт. Аларга муктаждыктарына карата мамиле жасоо зарыл. Бирине моралдык жардам, бирине физикалык жардам керектир. Андыктан ар бир балаңыздын мүнөзүн, эмнеге муктаж болуп турганын билген психологго айланыңыз.

Бир туугандардын ынтымактуу мамилесин мактап туруу керек. Бирин бөлүп мактоо эмес, экөөнүн же үчөөнүн ынтымактуу мамилесин мактоо керек. Чогуу жасаган ишин, чогуу ойногонун, бири-бирин колдогонун баса белгилеп көрсөтүңүз. Ынтымактуу болгондо кандай кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды жеңсе болорун дайыма айтып туруңуз. Бул боюнча кызыктуу окуяларды айтып, жомокторду окуп, тасмаларды көрсөтүңүз.

Улуусун бөбөктүү болууга даярдоо. Эне кош бойлуу кезинен баштап үй-бүлөгө дагы бир мүчө кошуларын улуу балага айтуу керек. Түйүлдүк кантип чоңоёрун, кантип кыймылдаганын, УЗИдеги сүрөттөрүнөн бери балага көрсөтүп, аны бөбөгүнүн жашоо образы менен дайыма кабардар кылып туруш керек. Албетте, өзү энесинин курсагында кезде кандай болгонун да айтыш керек. Балада “ии, мен да ушинтип төрөлүптүрмүн” деген түшүнүк, кабардар болуу сезими жаралат. Бөбөгүнө кийим, оюнчук алганда да улуусу менен кеңешип, “сенде да ушундай бар болчу, чоңойгондо ойнобой калгансың” деген сөздөр айтылсын. Бардык процесстен кабардар балада бөбөктүн төрөлүшү менен жашоосунда белгисиздик, ата-энесинин сүйүүсүнөн куру калуу деген сезим жаралбайт.

Конфликттерге көз жумбаңыз. Кичүү бала эркелигине салып башкалардын колунан бир нерсе тартып алып жүрүп көнүп калса, ал чоңойгондо деле ошол кадамга барат. Чоңойгондо каалаганы колго тийбей калса, ал психикалык соккуга туш болушу ыктымал. “Бул кандайча?” деп. Андыктан бала туура эмес учурда “туура эмес” деп айтып, эмнеге мындай кылбаш керектигин түшүндүрүү керек. Анан да бири-бирине физикалык жактан күч колдонгондо да сөзсүз аралашуу керек. Кандай конфликт болсо да сөз менен чечишүү керектигин, чече албай жатса чоңдорго кайрылуу керектигин түшүндүрүү керек. Чоңдор болсо өз кезегинде балдарын улуу-кичүү деп бөлүп, кичинекейлерин өзгөчө эркелетпей, конфликт учурунда маселенин туура чечимин көрсөтүшү кажет.

Баарлашуу. Көпчүлүк ата-энелер балдары менен сүйлөшпөйт. Аларга кичине, эмнени билмек эле дегендей мамиле жасашат. Алар үчүн өздөрү чечим кабыл алып көнүп калышат. Мындай үй-бүлөдө бир туугандардын ортосунда да түшүнүшүү мамилеси жок. Ата-эне дайыма балдары менен сүйлөшүп, аларга тең ата мамиле кылса, алардын мүнөзүн, муктаждыктарын жакшы билишет. Мындай үй-бүлөдө балдардын ортосунда конфликт жаралса, ата-эне аны чечкенге жөндөмү жетет.

 

Асыл Орозбекова 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1109, 8-14-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан