Каныкей: “Бирөө өмүргө муктаж болсо жанымды берүүгө даярмын”

Стили, үнү өзгөчө ырчы Каныкейге жакында “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси берилди. Башкысы – ырчынын чыгармачылыгы кыймылда, токтоп калган жок. Мурдагы эстрада жанрындагы ырларын оркестрге салып ырдап жатканын күйөрмандары жылуу кабыл алышууда. Учурда Мамлекеттик филармонияда Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестрин жетектеп, Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык-симфониялык оркестрдин солисти болуп иштеп жаткан ырчы акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп кызыктуу маек куруп берди.

 

– Салам Каныкей, майрамыңыз менен! Майрамды утурлай сурай кетейин, эсиңизде калган 8-март кайсы жылда калды?

– 8-март аябай сонун майрам. Эсте калганы – ар жылы ушул күнү аба ырайы кескин өзгөрүп кетет, ушунусу менен кызык. Айымдар өзү аба ырайындай ар түрдүү эмеспизби. Бири сырдуу, бири түнт, бири асыл, бири ачык, шайыр болсо, бири жабык, сүрдүү. Табият да күтүлбөгөн ар кыл кубулушун айымдардын мүнөзүнө окшоштуруп койгондой.

– Жакында “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин алдыңыз. Чыгармачылыкта жүргөнүңүзгө 16 жыл болуптур, кандай ойлойсуз, бул сыйлык сизге эрте берилдиби же кечпи?

– Эч кимге, эч кандай нааразычылыгым жок. Тескерисинче, абдан ыраазымын. Сыйлыкты эрте алды деп сын укканча, кеч алып элдин алкоосуна татыган жакшы. Менден бийик, менден улуу инсандар турганда сыйлыкты эрте алып эмне кылам? Кудайдын каарына калгым келбейт. Ким эрте, ким кеч алса ошого жараша сөз угат. Бул деле чыгырмачылык тагдыр да. Бул сыйлык мага талпынып алдыга учканга канат болот. Ар бир сыйлыктын менин жашоомдо өз орду бар, эртеби-кечпи эмгегиңдин бааланганы жакшы көрүнүш.

– Учурда Улуттук филармониянын астындагы Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрин жетектеп жатыптырсыз...?

– Ооба. 2023-жылдан бери Улуттук филармониядагы аталган оркестрде иштеп жүргөм. Жакында аталган оркестрдин жамаатына жетекчилик кызматка дайындалдым. Карамолдо Орозов атындагы оркестрдин тарыхы абдан терең, түзүлгөнүнө 86 жыл болгон жамаатта кыргыздын не бир асылдары иштеп кеткен. Ал жамаат менен иштешүү мен үчүн бир чети сыймык, бир чети чоң жоопкерчилик. Мурда 4 кишиден турган топ менен иштесем, азыр 63 кишиден турган жамаат менен иштешип жатам. Негизи кызыктуу жумуш.

– Сиздин “фишкаңыз” дейбизби же өзгөчөлүгүңүзбү, концерттерде же чакан иш-чараларда дайыма жандуу үн менен ырдайсыз. Бизде жандуу үндү баалагандар көппү же фонограмманы жактыргандарбы?

– Мен ар дайым жандуу ырдайм. Эгер угарман болсом, мен да өзүмө ушундай мамилени кааламакмын. Мисалы, фонограмма колдонулган концерттерге барбайм, анткени өзүмдү сыйлайм. Музыканы каалаган жерден угуп алсаң болот, ал эми жандуу үндү тандап, талдап, сыйлап, ошол учурдан ырахат алып,  жан эргитип угасың. Бирок ар бир адамдын табити ар башка да. Ар кимдин тандоосу өзү үчүн туура жана чын боло берет. 

– Аялзаты, анын үй-бүлөдөгү орду тууралуу сурагым келип турат. Акыркы жылдары ажырашуулардын саны кескин көбөйгөнүн статистика көрсөтүүдө. Бул маселеде эркектердин жоопкерчиликсиздиги көбүрөөк себепкерби же айымдардын сабырсыздыгыбы?

– Үй-бүлөдө аялзатынын орду абдан бийик. Үй-бүлөнү бар кылган да, жок кылган да аял. Айымдарды мен сулуулук, жыпар жыт берген, өмүрдүн уландысын тартуулап, табиятты көрктөндүргөн гүл сыяктуу элестетем. Назик жанга ошондой камкордук менен аяр мамиле жасоо керек. Багбанчысы жакшы карабай, суу куйбай койсо эле соолуйт да. Өзүм мектепте сабак берет эмесминби, дайыма окуучуларыма “кыздар, силер гүлсүңөр, ал эми балдар силер ошол гүлдөрдү коргогон, сактаган периштесиңер” деп айтам. Экөө тең бири-бирине аябай муктаж жана керек жандар. Жардам берүү аркылуу гана бири-бирине керек экенин сезе алышат. Аял – аял экенин, эркек – эркек экенин унутпаса эле ырыс-таалай, бакытты чакыра алышат.

– Эки аял алуу темасы коомчулукта дайыма кызуу талаш-тартыштар менен коштолот. Бул боюнча көз карашыңыз кандай?

– Билесизби, мурдараак менде жаштык максимализм курч болчу. Кичинемден жалгыз өскөнгө өзүмчүл да элем. Бирок коом бизди бир нерсени бөлүшүп жегенге бала кезден үйрөтөт. Андыктан турмушта көп нерсени бөлүшкөнгө туура келет экен деп ойлоп калдым. Эгер башка адам муктаж болуп жатса, аны колдогонго аракет кылам. Ашыкча кийимим же тамак-ашым болсо аянбай берем. Акыркы убактарда кимдир-бирөө өмүргө муктаж болуп жатканын билсем, ага өз жанымды берүүгө даяр болуп калдым. Анткени мендеги “меники, мага, өзүмө” деген сезим бара-бара жоголду. Кудай берүүчү, Кудай алуучу дейт го, өз жанымдан башка мени курчаган бардык нерсе меники эмес экенин билдим. Негизи эле ким эмнени кааласа ошону алат экен. Ошондуктан канчалык зыкым болгон сайын сараңдык сени ошончо коштойт. Андыктан мен эч нерсеге таң калбай баратам. Башкалардын каталарын көрүп, айтсаң деле түшүнбөсүн билип, жөн гана кабыл алганды үйрөндүм.

– Маектериңиздин биринде “ачкачылык кезде жараткан ырларым азыркыга чейин  популярдуу” деген экенсиз, ошол күндөр тууралуу айтып берсеңиз?

– Чыгармачылыкка жаңы аттанган күндөрүм абдан оор болгон. Айрыкча шаарда окуп жүргөндө көп кыйналдым. Ачка-ток кезде жазылган чыгармаларым да абдан кайгылуу эле. Мына ошондой кезде жаралган ырларым азыркыга чейин популярдуу. Өткөн күндөрүм үчүн эч качан уялбайм, өкүнбөйм. Ал күндөр мен үчүн эң сонун турмуштук сабак, тарбия боло алды. Азыр ошол кездеги баёолугумду сагынам, анткени ал жакта аруу кезим, ачка кезим, уяң сезимдерим калып кетти, мына ошол сезимдерде чындык бар эле. Азыр менде баары бар, бирок “издейм, күтөм сүйүүмдү мен алыстан, бирок сүйүү менден качат алыстап” деген ырымдагыдай саптар кайра жаралбаса керек.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1109, 8-14-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан