Кош бойлуу аял кабылчу 6 көйгөй 

Кош бойлуу кезде аялдын ден соолугуна байланыштуу айрым көйгөйлөр жаралары белгилүү. Мисалы, көңүл айлануу, кусуу, дененин кычышуусу жана башкалар. Макалада ушул маселелерден жеңил өтүү боюнча сөз кылалы.  

 

1-маселе – көңүл айлануу, кусуу

Аялдардын көбү кош бойлуу кезде тамакка табити тартпай, көңүлү айланып, куса башташарын билесиз. Тиричилик кылуу, жол жүрүү кыйындайт. Бул талгактын белгиси. Ал эмнеден келип чыгат? Аялдын организминин иммундук системи түйүлдүктү бөтөн зат катары кабыл алып, аны жок кылууга антителаларды жиберет. Ушунун айынан айрым уулуу заттар бөлүнүн чыгып, талгак жаралат. Мындан тышкары хорион (кийин баланын тонуна айланат) гонадотропин гормонун бөлүп чыгара баштагандыктан аялдын организминде гормоналдык өзгөрүүлөр жүрүп баштайт. Ошол өзгөрүүлөргө аялдын организми көнө албай жаткандыктан аялда тамакка табиттин жоголушу, кусуу күтүлөт. Аялдын организми айым кош бойлуу кезде 2 адам үчүн иштегендиктен канттын деңгээли түшүп кетиши мүмкүн. Ушунун айынан да көңүл айлануу, кусуу келип чыгат.

Эмне кылуу керек?

Тамакты аз-аздан, бирок бат-баттан жеген туура. Жеңил, көңүлгө жаккан тамактарды, жашылча-жемиштерди жеш керек. Эгерде күнүнө 6-7 жолудан кусуп, арыктап, алсырай баштасаңыз, анда ооруканага жатып дарыланууга туура келет. Таза абада көп сейилдеп, стресстен алыс болуу оң. Стресс талгакты оордотуп жиберет.

2-маселе – баш айлануу

Баш айлануунун себеби - гемоглобиндин азайышы. Анын негизги ролу – организмди кычкылтек менен камсыз кылуу. Гемоглобин нормада болушу үчүн организмде белок, темир жетиштүү болушу шарт. Булар организмге тамак-аш аркылуу кирет жана алардын жетишсиздиги анемияны жаратат. Гемоглобин кош бойлуу аялда алгачкы 3 айда 112-165 (орточо 131), 4-6-айларда 108-144 (орточо 120), акыркы 3 айда 110-140 (орточо 112) болот. Гемоглобин азайса кан басым да түшөт, ошого баш айлануу келип чыгат.

Эмне кылуу керек?

Башыңыз айланса дарыгерге көрүнүп, анализ тапшыруу керек. Врач жазып берсе витаминдерди ичүү, аны менен катар витаминдүү тамактануу зарыл. Кош бойлуу аял ачка болбошу кажет. Анемиядан арылтуучу курамында темир көп азыктарды жеп-ичкени жакшы. Андай азыктар: уйдун, коёндун эти, гречка, шабдалы, жумуртка, тооктун жана уйдун боору, шпинат, алма, өрүк, жемиш кактары, кара өрүк жана башка.

Баш айланган учурда отуруп же жатып дем алган туура.

Айта кетчү нерсе: айрым кош бойлуу аялдарда жыныстык катнаштан соң да жеңил баш айлануу күтүлөт жана анын зыяны жок. Мунун себеби – жыныстык катнаш учурунда бөлүнүп чыга турган айрым гормондор. 

3-маселе – теринин кычышуусу

Ичтеги түйүлдүк чоңойгон сайын курсак менен кошо эмчек да сүт бөлүп чыгарууга даярданып чоңоё баштайт. Мындай учурда теринин тартылып чоңоюшу кычышууну жаратат. Анын үстүнө кычышуунун пайда болушуна боордун иштешинин канча бир деңгээлде бузулушу да себеп болот. Ушундан улам канда билирубиндин деңгээли жогорулай түшөт. Бул теринин кычышуусун пайда кылат.

Эмне кылуу керек?

Кычышкан жерлерди катуу тырмоо теринин айрылуусуна жеткириши мүмкүн. Андыктан тырмабай, жеңил массаж жасоо туура. Дарыгерге кайрылсаңыз сүйкөй турган крем сунуштайт. 

4-маселе – зарна болуу

Курсактагы түйүлдүк чоңойгон сайын ички органдар кысылат. Ашказанга да канча бир өлчөмдө күч келет. Ушул нерсе жана көп тамак ичүү зарнаны жаратат. Ашыкча тамак ичүү жана тамактанып алып дароо жатып алуу жакшы эмес. Мындайда эңкейген сайын тамак оозго карай куюлат. Тамак ашказанда туз кислотасы менен аралашып калгандыктан тамак оозго карай куюлганда андагы туз кислотасы кызыл өңгөчтүн башын күйгүзөт да, зарна жаралат. Айрымдарда зарна гормоналдык бузулуудан да пайда болот.

Эмне кылуу керек?

Кош бойлуулуктун алгачкы мезгилинде, кийин деле тамак оозго куюлбашы үчүн эңкейип иш кылуудан качуу оң. Тамакты ашыкча ичпөө жана ичер замат жатпоо, уктаганда жаздыкты бийигирээк жаздануу, ичти кысуучу кийимди кийбөө сунушталат. Зарнага көп кездешип жаткандар гинекологго кайрылышса, ага каршы дарылар сунушталат.

5-маселе – ичтин катышы

Жогоруда айткандай, түйүлдүк чоңойгон сайын ички органдар менен кошо ичегилер да кысылат. Бул ичегилердин калыптагыдай иштөөсүн бузат, андыктан ич катуу күтүлүшү мүмкүн. Коюу тамактарды, таттууларды көп жегенде да ич катат. Ичтин катышы аялды ажатканада узакка отуруп ыйынууга аргасыз кылат, бул ичтеги баланын кысып, ага аба жетпей калышы да мүмкүн.

Эмне кылуу керек?

Ич катпашы үчүн коюу, камыр тамакты жана таттууларды аз жеп, суюк тамакты, жашылча-жемиштерди көбүрөөк жеш сунушталат. Эң жакшысы, курамында клетчатка көп азыктарды жеш керек. Аларга кара нан, сары өрүк, малина, карагат, жемиш кактары, жүгөрү, сабиз, бадыраң, болгар калемпири, көк пияз жана башкалар кирет.

Кош бойлуулар үчүн көнүгүүлөрдү жасап турса да ич катуунун алдын алат.

6-маселе – шишик

Кош бойлуу кезде колдо, бутта, бетте шишик пайда болот. Айрымдар билинбей тургандай азыраак, айрымдар көбүрөөк шишийт. Мунун башкы себепкери – организмдеги кандын өлчөмүнүн көбөйүшү. Анткени түйүлдүккө кычкылтек жана азык-заттар көбүрөөк барышы керек болот. Төрөт учурунда кан жоготуу болуп калса да запас кан керектелет, ушул үчүн да кандын өлчөмү көбөйөт. Мындан улам кандын курамындагы суюктуктун (суунун да) өлчөмү да жогорулап, бөйрөккө күч келип, иштөөсү начарлай түшөт. Натыйжасы – шишик. Гормоналдык өзгөрүүлөр, аялдын өнөкөт бөйрөк, жүрөк-кан тамыр, кант диабети оорулары болсо да шишикке жеткирет.

Эмне кылуу керек?

Шишүү күтүлсө врачка барып текшерилүү, анализдерди тапшыруу керек болот. Анализге карап врач себебин айтат, мүмкүн дары жазып берет. Өнөкөт оорусу барларга башка врачтардын да кеңеши керектелет.

Төмөнкүлөрдү да эске алуу оң: отуруп иштеп жатканда убак-убагы менен туруп басуу, жатканда бутту 15-20 мүнөттөй өйдө көтөрүп жатуу, үйдө ичке оордук келбегидей жайдан, акырындан кыймылдап иш кыла берүү кажет.

 

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1109, 8-14-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан