Шоола (Ага-ининин ортосундагы карама-каршылыктар, кыйынчылыктар, эч нерсеге байланбаган сүйүүнү баяндаган сериал )

(Башы өткөн сандарда)

Канат башын өжөрлөнө чайкап алды. Шооланын жүзүн карагысы келбей ылдый карап күңгүрөнө берди.

– Балээм болдун го сен... Эмне кылам сени?

– Эмне дедиң?- Шоола жаштуу көздөрү менен үмүт кыла тигилип калды. Канат кайрадан көзүн ала качты.

– Мени унут дедим! Мени жакшы көрөм деп айтканың, менин да жанымды кыйнайт. Сен да кыйналасың. Сен азыр бир тар терезеден карап жатасың. Аалам аябай кенен! Бакыт дагы сен күтпөгөн жерден табылат. Сен кетип калсаң, бактылуу болосуң. Жанат менен калам десең, сага эле кыйын болот. Азыр, балким, ал сен ойлогондой мээримдүү, камкор адам болуп жаткандыр. Колуна тиериң менен баркыңды баалабайт. Анткени ал дайым бир нерселерди издеп, жетип, анан андан сонуну таркаганда басып кетет. Кичинесинен эле ушундай болчу.

– Эмнеге экөөң тең бири-бириңе жаман сөздөрдү айтасыңар? Кызык, мектепте мен ойлочу элем, эгерде эки бир туугандын ынтымагы болсо ушундай болсун деп.  Качан мындай абалга келдиңер? Эмне болду силерге?

– Акыйкат ушул түшүнсөң. Сени, Жанатты, анын үй-бүлөсүн сактап калайын деген далалатым.

– Жанат айтат, сени балдарды аябай жакшы көрөт деп...

– Балдарды ким жаман көрө алат?

– Биздин да балдарыбыз болмок, ээ?

– Болгон жок! Демек, тагдырыбызда жазылбаган экен. Тагдырды кабыл алуу дагы чоң эрдик.  

Шоола өзүнчө жылмайып алды.

– Эсиңдеби, сен дайым биринчи наристебиз кыз болсо деп кыялданчусуң, мен тескерисинче, уул дечүмүн. Сага окшош уулдуу болгум келчү. А сен кызыбызды мага окшош болот деп айта берчү элең. Аны кантип мектепке ээрчитип бара турганыңды, ага аябай жакшы ата боло турганыңды айтчусуң. Ал тургай кызыбыздын аты да бар эле...

Канаттын жүрөгү ооруп кетти. Чындыгында кыздуу болгусу келчү. Ар күнү Шоола, кызы менен өткөргөн күндөрдү кыялданчу. Ошол кыялдарына чыккынчылык кылып жиберчүдөй болуп башка кызга үйлөнгүсү да келбеди. Аны ким билмек эле. Шоола анын оюн окуп тургандай айтты.

– Сен эмне себептен үйлөнгөн жоксуң?

– Ыңгайы келбеди.

– Балким, мен үчүндүр...

– Сен үчүн эмес, Шоола. Мен сен деген дептерди эбак жапкам. Сен менин балалыгымда калдың. Үйлөнбөгөн себебим – атам ооруп калды. Апама каралашыш керек болду, карьера жасаш керек болду. Кийин эч ким жакпай калган убакка жетип калыпмын. Бирок үйлөнөм, менин тагдырыма да бир адам жазылгандыр. Кезиктирсем баш кошом.

– Жалганчы!

Шоола ишенгиси келбеди. Канаттын жүрөгүндө өзүнө деген кенедей сезим калбаганына такыр ишенгиси келбеди.

– Кеч болду, үйүңө бар - деди Канат.

Аргасыз ордунан турган кыз шалдырай  эшикти көздөй жөнөдү. Бул жакка келгенде  кыялдардын канатында учуп келген эле.  Чыгып кетти. Канат аркасынан жүткүнө берип эркин жыйнап кайра токтоду. Муштуму менен “грушаны” уруп алды. Алы кеткенче уруп, аптыгып калганда араң токтоду да, полго жатып калды. Көзүнөн жашы салаалап агып жатты. Өмүрүндө ушул түндөгүдөй ыйлабаса керек. Чүрөктөй Шооланын келбети кайра-кайра көз алдына тартылды. Аны канчалык кучактап соороткусу келгенин, жакшы сөз айткысы келгенин, чындап жаны күйүп сагынганын сезип жатты. Тагдырына ыйлады. Мындан башка бир да адамды сүйө албаган жүрөгүнө нааразы болду. Шоола деген ат куду бирөөнүн колу менен чегилип жүрөгүнө жазылып калгандай. Чындап эчен кыздарды көрдү. Бирине да тартыла албады. Өзүн кыйнап көрдү, баары бир эч окшошподу. Жакшы сөз айтып, жалган жылмая албай турганын сезгенде аны да токтотту. Бир күнү бүтөр бул жара деп жүргөндө Шоола кайтып келди. Кайра ошол жараны ачып, туз сээп, жанын өйкөп кыйнап жаткандай сезилди. Бирок көңүлүндө бактылуу эле. Шоола үчүн бул жашоодо өзү дагы жалгыз адам катары сакталып калганын билген үчүн бактылуу болуп жатты. Айтор, бактылуулук жана бактысыздыкта көз жаштары агып жатты.

ххх

Жанат Шооланын үйүнүн жанында машинеде отуруп акмалап жаткан. Бир оокумда такси келип, андан Шоола түшкөндө “өх” деди. Окуя болжолдогондой чыкканын билди. Мыйыгынан жылмайып алды. Шоола анын машинесин көрүп, шалдырай келип жанына отурду.

– Суу ичесиңби?- деди Жанат.

– Бер.

– Эмне деди?

– Мени кет деди. Бактың бул жерде эмес деди. Мен чын эле кетишим керек, эки бир туугандын ортосунда тура албайм.  Сенин үй-бүлөңдү жамандыкка кыя албайм. Таң атары менен учакка билет алам да, көнгөн жагыма учуп кетем.

– Сен ал жактан бакыт табам деп жатасыңбы?

– Мага Канат жок жердин баары  бактысыздык, мен кетишим керек, Жанат. Жакшы кал, бактылуу болгонго аракет кыл,- деди да, Шоола чечкиндүү түрдө түшүп кетти.

Түн ортосунда апасын ойготуп, кете турганын айткысы келбеди. Өз бөлмөсүнө кирип жатты. Тынч уктай албады. Уктап кетсе түшүнө же Канат кирет же Жанат кирет. Экөө эки жакка тартып жаткандай кыйналып жатып ойгонуп кетсе күн чыгып калган экен. Апасы ойготуп жатыптыр.

– Түшүңдө ыйлап жаттың...

– Апа?

– Жумушка кечигип калдың го...

– Барбайм, жумуш бүттү, апа. Арыз жазып келишим керек.

Апасы үрөйү уча керебетине отуруп кызын тынчсыздана тиктеп калды. Шоола түндөгү болгон окуяны айтып берди.

– Мен кетишим керек, апа. Бул жерде калсам жанымды Жанат койбойт. Канат болсо баары бир мага келбейт. Эки адамдын ортосунда чайналгыча кеткеним оң.

– Ар ким өз жашоосу менен жашап жатат, кызым. Сен кетсең Жанат, Канат, ал тургай мен деле өз жашообуз менен жашай беребиз. Сага кыйын. Тамыр албаган, шамал кайда учурса ошол жакка уча берген жалбырактай болуп өмүр бою жашайсыңбы? Менин жанымда, атаңдын жанында тамыр алганың жакшы болмок. Мен да картайдым. Жалгызсырайм. Сенден башка эч кимим жок. Эки бир тууган кылгылыкты кылып коюшуп өз жашоолору менен жашай беришсе, анын азабынан менин жалгыз кызым кайра кетеби? Мени,  мекениңди кайра таштаганга ошолор арзыйбы? Ишимди да жакшы көрүп калдым дедиң эле. Өз кыялдарың бар эле. Ошолордун баарын аттап кетесиңби? Сенин алдыңда жапжашыл жол турат. Болгону сен көрбөй жатасың. Кызым, жок дегенде өзүңө убакыт бер. Чындап кетем десең аргасыз макул болом. Бирок ким үчүн болот ал курмандык?

– Эх, апа...

– Кетпе!

Апасын кучактай калды Шоола. Ыйлап жатты байкуш апа. Карегиндей сактаган кызы, бир махабаттын айынан шамал учурган жалбырактай дирилдеп калышынан коркуп ыйлады. Шооланын бактысыздыгына жаны кейип ыйлады, өзү да бул жашоодо жалгыз өткөндөй кызы да жалгыз калышынан коркуп ыйлады. Жалгыз башы экөө болуп, эне болуп, очор-бачар болуп кетишин аябай каалачу эле. Бирок өз тагдырын жасап албагандай эле, Шооланын тагдырын да каалагандай буруп коё албайт болчу. Канатыбы, Жанатыбы апасы үчүн бир тыйын болчу. Болгону анын кызы бактылуу болуусу керек эле.

– Мен экөөнүн ортосунда кантип жашайм, апа? Мен жашоомдогу бурганактан чарчадым. Мага тынчтык керек, бирок экөөнүн ортосунда калдым. Кеткеним оң! Сени өзүм менен ала кетсем, макулсуңбу?

– Мен же тил билбесем, андан да бул жакта менин жардамыма муктаждар бар. Ишимди таштап кете албайм. Билбейм, эми өзүң эле чеч, бирок кайда болсоң да бактылуу болушуңду каалайм. 

– Рахмат, апа. Мен билет караштырайын. Канчалык тез кетсем, ошончолук жакшы...

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1109, 8-14-март, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан